Айбат » Биздин гезит 5 жашта!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги » Биздин гезит 5 жашта!

туулган күн

27-август, 2010-жыл. “Айбат” гезитинин жаралган күнү. Түстүү 8 бет менен Кочкор райондук деңгээлде, андан көп өтпөй Нарын облустук, андан кийин республикалык деңгээлде чыгып, уламдан-улам өсүүнүн жолуна түштү.

Бул жыл аралыгында кыйынчылыгын дагы, ийгилигин дагы көрдү. Чындыктан тайбады. Ондогон соттошууларга дуушар болду. “Ак ийилет, бирок, сынбайт” дегендей, “Айбат” сынбай, кайрадан чыйралды. Элдин башын айлантып, бүдөмүктөштүрүп, жемкорлук менен элдин мүлкүн тоногондорду тынымсыз ашкерелеп турду. Эл ырыскысын мойсогондор сотко берип, “Айбатты” “сындырам” деди, бирок, сынбады.

Президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоолорду чагылдырды. Бурмаланган шайлоолорду ачыкка чыгарып, ар кандай коркутууларга тушукту. 5 жыл ичинде бир да саны үзгүлтүккө учураган жок. Сөз эркиндигине жетүүгө жүткүнүп келди, дагы деле жүткүнө бермекчи. Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө, мыйзамдардын сакталышына аз да болсо өз салымын кошо алды. “Айбат” гезити маалымат согушундагы алдыңкы гезитке айланганы талашсыз.Окурман, “Айбат” ар дайым Сиздер менен кала бермекчи.

Жаратканым жар болсун!

Айбат гезити, архив




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru