Айбат » Бабанов алдап кетсе, Текебаев таштап кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабанов алдап кетсе, Текебаев таштап кетти

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 34 партия ат салышуу ниетин билдирип БШКга кайрылган. Талап боюнча 20-августка чейин партиялар курултайын өткөрүп тизмесин аныкташы керек болчу. Учурда 11 партия съездге чогулуп тизмесин тактаган. Эми дал ушул партиялар аламан жарышка аттанчудай болуп калды. Биз төмөндө  айрым партиялардын тизмесине байкоо салдык.

Бабанов“Ата Мекен” партиясынын бул жолку тизмеси башка партиялардан кескин айырмаланганы белгилүү болду. Партиянын жыйырма жылдан берки принциптерине туура келбеген саясатчылардын алдыңкы сапка чыгышы ич ара таарынычтарды да пайда кылганы айтылууда.

“Ата мекендин” сап башында “партия диктатору” Өмүрбек Текебаев турса, экинчи орунга кинорежиссер Садыр Шер илешкен. Ал эми тизмеде үчүнчү болуп Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов турат. БШК Мырзакматовду каттоодон баш тартты. Анткени, жакында Ош шаардык соту аны 7 жылга эркинен ажыраткан.

Эң кызыгы буга чейин “Күчтүү Кыргызстан” партиясына мүчө болуп дал ушул партия менен шайлоого катышуу ниетин бирдирген Аида Саянованын төртүнчү болуп тизмеге кириши болду. “Күчтүү Кыргызстандын” түптөөчүлөрүнүн бири Расул Умбеталиев Салянованын мындай бейбаштыгын катуу айыптап чыкты. Ошондой эле бул жолу Текебаев “Ата мекен” үчүн көп жылдан бери жан үрөп кызмат кылган Бактыбек Каламаматов, Райкан Төлөгөнөв, Дүйшөн Чотонов, Туратбек Мадылбеков сыяктуу санаалаштарын көчүккө тээп көчөгө таштады.

 

КСДП: фракция лидери биринчи, спикер экинчи

Социал-демократтардын тизмесинин сап башында Чынбай Турсунбеков турса, экинчи болуп парламент спикери Асылбек Жээнбеков депутаттыкка аттанууда. Андан ары тизмени Данияр Аттокуров, Галина Скрипкина уласа, бешинчи орунда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов турат. Ал эми тизмеге жетинчи болуп президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев кирген.

КСДПнын айрым жаштары мындай тизменин түзүлүшүнө нааразы болуп, партиянын Жаштар канатынын лидери Ринат Самудиновдун арткы орунга илешип калганына капалыгын билдирген. Ал эми КСДПдан V чакырылышка депутат болуп шайланган Турсунтай Салимов, Токтогул Туманов, Эркин Сакебаев, Данияр Тербишалиев, Эркингүл Иманкожоевалар катардан чыккан. Маалыматтарга караганда бул депутаттар 5 жылдыктагы айрым “косяктарынын” негизинде ушундай жазалалган.

 

 “Өнүгүүдө” 5 жыл өзүн көрсөтө албаган депутаттар да бар

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бир-эки жылдан “бери бирге өнүгөбүз” деп төш кагып келет. Бирок, тизмесине көз чаптырсаң бул партия менен шайлоого аттанып жаткандар Кыргызстанды өнүктүрүп жыргатчудай эмес. Буга чейин Бакиевдин долбоору катары айтылып келинген “Өнүгүүнүн” сап башына күтүлгөндөй эле Бакыт Төрөбаев чыккан. Ошондой эле биринчи бештикте Алтынбек Жунус уулу, Исхак Масалиев, Назира Абирова жана Тынчтыкбек Шайназаров турат. Ал эми Ош окуяларына тиешеси бар делип эл аралык издөөдө жүргөн экс-депутат Алишер Сабировдун жубайы Хулкарпаша Сабирова дал ушул партиядан он биринчи болуп тизмеге кирген. Ошондой эле бул партиянын алдыңкы сабында  беш жыл парламентте отуруп, тыңгылыктуу иштей  албаган депутаттар да бар.

 

Кыргызстанда” байлар болсо, “Бир Болдо” экстер

Кыргызстан” партиясынын тизмесин Чүй облусунун мурунку губернатору Канатбек Исаев жетектейт. Ошондой эле алдыңкы сапта Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков сыяктуу лидерлер бар. Ал эми бул партиядан алтынчы болуп катталган Эркин Тентишев “Ар-Намыс” партиясынын тизмесине да алтынчы болуп кирип калыптыр. Эркин мырза “Ар-Намыс” менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун ырастап, “Кыргызстан” партиясы менен эле шайлоого аттана турганын билдирген. Чамасы, Ф.Кулов Тентишевдин акчасына кызыккан го.

“Бир Бол” партиясынын тизмеси Акаев менен Бакиевдин маалында чоң кызматтарда иштегендерге басым жасагандай. Алсак, сап башында Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, издөөдө жүргөн Игорь Чудинов, экс-министрлер Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев жана Кубанычбек Жумалиевдер бар. Илбирстин секириги деп төш каккан бул партиядагы мурда өзүн көрсөтө албаган экс-чиновниктер секирик эмес алдыга кадам таштагандан шекшип турабыз.

 

Ташиев артта калып, Бабанов алдап кеттиби?

Республика Ата Журт” партиясынын тизмесине көпчүлүк кызыгып жаткан. Анткени, Бабанов менен Ташиевдин кимиси тизмеде биринчи  болот деген суроо көпчүлүктү кызыктырып турган. Аталган партиянын тизмеси эл күткөндөн такыр башкача болуп чыкты. Бабанов куулук кылып, Ташиевди 41-тизмеге таштап, алдыңкы ондукка Талант Мамытовдон башканы илештирбептир.

Мисалы, сап башында Өмүрбек Токтогулович өзү турса, андан кийин “республикачылар” Алтынбек Кылычбаев, Өмүрбекова Алтынай, Сабиров Максат, Руслан Казакбаев, Гүлнара Асылбековалар бар. Ал эми “Ата Журттан” жалгыз Талант Мамытов алдыңкы ондукка кирген. Ташиев бул тактика деп өзүн соороткону менен Бабановго кантип алданганын азырга чейин билбей турат. Буга чейин 15 же 16-тизмеге кирем деп мактанып жүргөн Ташиевдин көздөй адамы Нурлан Шакиев 30дан ылдый түшүп кеткен. Кыскасы, Камчыбек Кырдыршаев сыртынан сыр билгизбегени менен жан дүйнөсү жабыркап турган маалы.

 

Замандаштын” көч башында Чынара Шейшекеева

19-август күнү  “Замандаш” партиясы да Х съездин өткөрүп, парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти. Анын сап башына партияны түптөгөн Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева жазылды. Тыңчыкмалардын баары бул партиядан ойт бергенден кийин “Замандаштын” шайлоого катышып-катышпашы бүдөмүк болуп турган.

Бул партиянын тизмесинде экинчи болуп Гапар Исаев кирсе, үчүнчү катарда депутат Замир Бекбоев турат. Андан ары Кадырбек Бусурманкулов, Асел Атабекова, Алмаз Медеров, Сапарбек Асанов, Ниязбай Жураев, Елена Булдакова тизмени толуктаса, “Ар Намыс” партиясынын депутаты Бактыгул Маматов жана “Калыс” саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов толуктап турат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru