Айбат » Кимдир-бирөөнүн шыкагы менен опурулуп ырдамайды патриоттуулук дейбизби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Кимдир-бирөөнүн шыкагы менен опурулуп ырдамайды патриоттуулук дейбизби?

Эркин басылмалардын бири жаңы санында «Чыныгы демократ акын, же эмнеге Сагынбек Момбеков бааланбайт?» деген макаласын жарыя кылыптыр. Ал макалада жазылгандарга ишенсек, Сагынбек Момбеков 21-кылымдын Токтогулуна айланып калган экен. Салыштыруу болбосоң кое кал! Токтогул Сатылганов ким дагы, Сагынбек Момбеков ким? Кимисинин ыры маани-маңызы, тарбиялык, философиялык багыты боюнча өйдө турат? Биз жөн эле мисал келтирип көрбөйлүбү?

Кыргызстан, Бишкек, флаг, аянт

Токтогул Сатылганов —  бул, турган жеринен төгүп ырдаган, ар бир төгүп ырдаган ырына өзүнчө обонун кошо куюлуштурган ырчы болгон. Анын санаат-насият ырлары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Андан тышкары анын жүрөгүнүн толтосунан чыгарган күүлөрү дагы далай кылымды карытаарынан шек жок. Бул улуу төкмө, демократ акын артынан Коргол, Бекназар өңдүү залкарларды тарбиялап кеткен.

Ал эми Сагынбек Момбековчу? Биз албетте анын талантына тийишкибиз келбейт. Жөн гана салыштырууга жооп кылып жатабыз. Момбеков кайсыл жерге барса деле «Сат-сат» деген ырын кайталагандан тажабайт. Албетте, бул да учуру менен актуалдуу болгон чыгарма. Андан башка ырларын деле ошол эле ырдын обону менен «кыйкырат». Бирок, Токтогул Сатылгановдун жогоруда биз белгилеген таланттарынын бирөөсү барбы? Тилекке каршы жок. Экинчиден, бул макалада «Оппозициячыл болуп жүрүп, ошол пикирлери менен катар эле бийликти самагандар К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, тактап айтканда ушулар сыяктуулардын баарысы эле Сакемди пайдаланып келишкен. Бийликке келээрибиз менен «эмгек сиңирген артист деген наам беребиз” деп убада бергендер да арбын болгон» деп жазат. Эми биздин сурообуз бар: «Ошондой убада берген жерге чуркап барып ырдай берген адамды ким деп айтса болот?». Арзымат эмеспи? Сагынбек мырза убагында Бакиевдерге каршы ырдаган болсо, кийин анын кадрларынын «ырын» ырдап жүргөнүн да көп көрдүк. Албетте, көптүн бири катары «Эмгек сиңирген артист» деген наамды берип койсо деле болот. Бирок ошондо эле Сагынбек Момбековдун аброю арта түшөбү? Чыгармачылыкты да бапестеш керек. Эки-үч ырды кыйкырып ырдап алып эле, аны жыйырма жыл бою созуп жүрө бергенден эч ким эмгек сиңирбейт…

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru