Айбат » Жамин Акималиев, Айыл чарба илимдеринин доктору: “Текебаев Мырзакматов менен биригип, Ата Мекендин жана өзүнүн баркын кетирип алды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жамин Акималиев, Айыл чарба илимдеринин доктору: “Текебаев Мырзакматов менен биригип, Ата Мекендин жана өзүнүн баркын кетирип алды”

Текебаев- Азыркы тапта шайлоого аттанып аткан партиялардын тизмесинде алдыңкы ондукка кирген саясатчыларга кандай баа бересиз?

– Мен акыркы кездеги шайлоого аттанган партиялардын айрымдарынын тизмегин карап жиним келип олтурган убагым. Бир жагынан таң калыштуу. Менин таң калганым “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кадамдары.  Ал 1990-жылы биз легендарлуу парламенттин депутаты болуп келгенибизде жаш, үйлөнө элек, келечеги бар өжөр жигит эле. Саясатта өжөрлөнүп принципти кармап бир топ жылдан бери иштеп келди. “КСДП” менен “Ата Мекен” партиясы бир топ жылдан бери иштеп, элге эмгеги сиңген партиялар болушкан. Эми минтип Өмүрбек Текебаев менен Мырзакматовдун биригишин, бир партияда бир тизмеде турганын көрүп, Өмүрбек мырзаны эч нерсеге карабай бийликке жулунуп калган экен деп ойлодум. Мен муну эмне себептен айтып жатам. Себеби бир учурда Мырзакматов катуу чыгып жаткан учурда улуттук деңгээлдеги чыгаан жигит го деп көп нерседен үмүт арткам. Кийинчерек бир сөзү мага жаман таасир калтырды “биз оштук кыргыздарды көтөрүшүбүз керек” деп айтканы. Чыныгы кыйын жигит эч убакта регионалдык деңгээлде ой жүгүртбөшү керек эле. Бул боюнча мен сындап гезитке да макала бергем. Кийинчерек байкасам, ал жигиттен да кыргыз үчүн көптү үмүттөнүүгө болбой тургандай сезилип калды. Мен ошол себептүү “Ата Мекен” партиясы жана Өмүрбек Текебаев бир топ баркын кетирип алды деп айтам.

- Мындан башка партиялардын тизмесине карап көрдүңүзбү?

– “Республика Ата-Журт” партиясынын башында турган, Бабанов менен Камчы Ташиев тууралуу эки ооз кеп айтайын. Бабановду болсо премьер болгондо көрдүк. Эч нерсе жасай алган жок. Ташиев болсо, тосмону ашып өтөм деп бышып жетиле элек саясатчы экендигин көргөздү. Алар ойлошкон да “сен түштүктөн болсоң, мен түндүктөн, сени түштүк колдойт, мени түндүк колдойт” деп. Чыныгы саясатчы болсо эч качан андай ойлонбошу керек. Ошентип ойлонгондун өзү элди экиге бөлүп карагандык. Эгер кыргыз үчүн нээти ак болсо эл эч качан саясатчыны түштүк, түндүк дебей колдойт. Анткени кыргыз эли эзелтен бөлүнбөгөн эл. Мына ушундай эле Салымбеков Аскар менен Мадумаровдо да байкалат. Алар да “сени түштүк, мени түндүк колдойт” деп бирикти да. Болбосо, алардын эч кандай саясий биригүүгө көз карашы туура келбейт болчу. Бул чыныгы шайлоонун шайтан оюндары болуп жатат да. Мен ишенип колдоюн деген буйруса партиялар бар. Добушумду ошолорго эле салам.

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru