Айбат » Шайлоо алдында кызыл кулактыкка алдырбасак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шайлоо алдында кызыл кулактыкка алдырбасак

ШайлооШайлоо жакындап ар кайсы партиялар элге түрдүү убадаларды берип баштады. Айрымдары Бишкектин тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырабыз деп жарандардын башын айлантууда.

Ал эми 19-августта тегерек столдо Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов шаардыктарды, жерлерди өз билемдик менен басып алгандарды, саясатчылардын жана партиялардын «кызыл китептерди» алып берүү убадаларына ишенбөөгө чакырды. Калаа башчысы кайсы бир партиялар айрым адамдарды пайдалануу менен элди алдого аракет кылып жатканын белгилеп, шаар бийлиги мыйзамсыз иштерге жол бербей турганын кошумчалады. “Азыр айрым партиянын лидерлери шаардын тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштарды легалдаштырабыз деп убада берүүдө. Алар мурда да жогорку кызматтарды ээлешкен, өздөрү колдогу ОБОН алдамчыларын түртүү менен ондогон жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жеке талапкер, бүгүн болсо кайрадан элдерди алдагылары келип жатат. Түшүнгүлө, эч ким, андан дагы бул популисттер, өзүм билемдик менен басып алынган жерлерге «кызыл китептерди» алып бере алышпайт. Мыйзам дагы, шаардыктар өздөрү дагы өзүм билемдик менен басып алуулардын жаңы толкунун болтурбоо үчүн мыйзамга каршы иш-аракеттерге жол бербейт», – деп белгиледи К.Кулматов Бишкектеги тегерек столдо.

Ошондой эле, шаар башчысы жер басып алгандарды ачыкка чыгаруу жолу табылганын билдирди. Жеке турак-жай куруу департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков, бул үчүн жарандарды каттоого алуу сунушталып жатканын белгиледи. Учурда жаңы конуштардагы 6 миң 300 үйдүн кызыл китеби жок.

Буга чейин дал ушундай мыйзамсыздык маселесин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан. Бирок, анын мындай демилгесин көпчүлүк депутаттар четке каккан эле. Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Текебаев мындай кадамы менен жаңы конуштагылардын колдоосун жана добушун алууну көздөп жатканын маалымат каражаттарына билдирген.

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru