Айбат » Марс Сариев, саясий серепчи: “Мындай жол келечекке жакшылык алып келбейт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев, саясий серепчи: “Мындай жол келечекке жакшылык алып келбейт”

Марс Сариев- Марс мырза, азыркы тапта шайлоого аттанып аткан партиялардын тизмесинде алдыңкы ондукка кирген саясатчыларга кандай баа бересиз?

– «Республика Ата-Журт», «Ата-Мекен», «Өнүгүү» сыяктуу партияларда платформа, идеялогия  жок экенин байкай алдым. Анткени, баары эле пиар жасаганга маш экен. «Ата Мекен» партиясынын алдыңкы орундуктарын карап көрсөк, Мырзакматов менен Салянова жанаша жүрөт. Буларда принцип деген барбы? Мындай түзүлүш менен кетсе келечекке жакшылык алып келбейт. Булар пиарды гана жакшы жасап жатат. Мисалы, Салянованын өзүнчө электораты, Мырзакматовдун өзүнчө электораты бар десек болот. Пиар жагынан туура иш кылышты. Бирок алардын кадамы партиялык түзүлүшкө, парламенттик түзүлүшкө чоң зыян алып келет. Ар кандай метод колдонуп, эптеп-септеп бийликке жетүүнү көздөшүүдө. Ошол үчүн жалпы келечегибизге зыян алып келет. Идеялогия жана принцип менен иштеген партия жок болууда деген жыйынтык чыгарса болот.

- Мисалдар менен айта кетесизби?

– Мисалга алсак, “Республика-Ата-Журт”, “Бир бол”, “Өнүгүү” партиясы бийликке жетсек деп ар кайсы платформаны колдонуп жатат. Булар азыр партиялык деңгээлге жете элек десек болот. Бул партиялардагы адамдар, партиялык кризиске алып келет. Мисалы “Бир болдон” ачык чакырык кыла турган адамдарды көрө алган жокмун, “Өнүгүү” партиясынын тизмеси да кубантаарлык эмес. Ал эми “Ата Мекен” партиясындагы тизмени көрүп таң калат экенсиң, Мындай абал креативный абалга салат. Мисалы, соттогон адамдын аты-жөнү соттолгон адамдан кийин жазылып турат. Кыскасы, Акаев, Бакиевдин учурундагы адамдарды ушулардан байкадым. Менимче, эч кандай өзгөрүү алып келе албайт.

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru