Айбат » Чынара Эсенгулова, саясий серепчи: “Айрым партия лидерлери бийликке келүү максатында тандемдешүүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чынара Эсенгулова, саясий серепчи: “Айрым партия лидерлери бийликке келүү максатында тандемдешүүдө”

Чынара Эсенгул- Азыркы тапта шайлоого аттанып аткан партиялардын тизмесинде алдыңкы ондукка кирген саясатчыларга кандай баа бересиз? Мисалы, «Республика Ата-Журт», «Ата-Мекен», «Өнүгүү» партияларынын алдыңкы ондугуна?

– Чын эле азыр шайлоого катышуучулардын, тизмесин карап чыгып эмне дээримди да билбей калдым. Кече эле бир партиянын чечүүчү кадры болуп жүргөндөр бүгүн башка партияга келип кошулуусу таң калтырат экен. Мисалга алсак, “Республика Ата-Журт” партиясы мурда бир көз караштагы саясатчы эместигин бир топ жолу далилдеген, бүгүн биригип шайлоого бара жатат. Албетте, мында көрүнүп турат бул саясатчылардын туруктуу биригүүгө ойлору жок. Бирок, бийликке келүү үчүн болсо да убактылуу тандем курушуп жатат. Мен Ташиевдин саясый бедели бир топ тңшңп кеткенин баса белгилегим келет. Бабанов болсо мурда деле жогорку кызматтарда иштеди, бирок натыйжа берген эмес.  Ушул эле көрүнүштү башка партиялардын баарынан байкоого болот. “Ата Мекен” партиясында эзели бир пикирге келе алышпаган Аида Салянова менен Мелис Мырзакматовдун тизмеге кириши көп суроону жаратат. “Азаттык” деп аталган партиянын тизмеси айрыкча таң калтырды. Шашылыштан ар кайсыл жактан биригип алгандары байкалып турат.

- Анда күзгү шайлоого карата саясатка эч кандай тиешеси жок да жарандарыбыз кошулуп жатабы, же кайсыдыр бир жаңыланууну байкадыңызбы?

– Чындыгында жаңыланууну КСДП партиясынан эле байкоого болот. Ал жакта буга чейин биз билбеген бирок, туруктуу көз карашы бар бир топ жаштарды көрүүгө болот. Мындан улам КСДП партиясы келечегине кам көрүп, жаңыланып баштаган экендигин байкоого болот. Башка партиялардын көпчүлүгү мурдагы эле саясатчыларды көрүп атабыз. Орун алмашуусу эле болбосо ошол эле саясатчылар.

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru