Айбат » Жибек Жекшенова, №181 балдар бакчасынын директору: “Балдар мектепке даяр болуп барышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жибек Жекшенова, №181 балдар бакчасынын директору: “Балдар мектепке даяр болуп барышат”

Жибек ЖекшеноваБалдар биздин келечегибиз. Алар болбогондо жашоо маңызын жоготуп, адамдар максатсыз жашап калышмак. Ар бир ата-эне балдарын “Бардык жактан жакшы болсо, жакшы ийгиликтерге жетишсе”, – деп тилек кылат. Баланын жакшы чоңоюусу үчүн анын келечекке аттанаар пайдубалын мыкты тургузуш керек. Бала дарак сыяктуу, ага суу куюп тургандай эле, балага да ар бир кадамына көз салып, кандай шыгы болсо ошого жараша  көтөрмөлөп, жардам берип турса, келечекте үй-бүлөөгө да, коомго да пайдасын тийгизет. Бала эң алгач үйдөн тарбия алып, андан кийин анын биринчи кадамы болгон балдар бакчасынан көп нерсеге үйрөнө баштайт. Балдар бакчасынын баланын аң-сезиминин өнүп-өсүүсүнө, өз алдынча болуусуна таасири чоң. Биз сөз кыла турган Тунгуч кичирайонундагы №181 балдар бакчасы ачылган күндөн тартып эл оозуна жакшы жагынан алынып келе жатат. Кандай гана ишкана болбосун эң биринчи жетекчи мыкты кесип көй болбосо, бардык кылган иштин дайыны чыкпай калат. №181 балдар бакчасынын жетекчиси Жекшенова Жибек Оморовна өзүнүн ишин сүйүп, балдар үчүн жандүйнөсү менен иш алып барып келет. Анын кесипкөйлүгү, талапты катуу койгондугу, өз ишинин майын чыгара аткаргандыгы, коллектив менен мыкты иш алып бара алгандыгы, балдардын келечеги үчүн болгон күчүн жумшагандыгы менен элдин сыймыгына айланып, батасын алууда.

Балдар бакчасынын тарбиячыларын да мыкты адистерди тандап алып, алар менен талапты катуу коюп, бирге ынтымактуу иштешет. Тарбиячылар балдардын ар биринин өзүнүн мүнөзүнө жараша мамиле кылып, эң негизгиси келечекте Кыргызстанга пайда алып келе турган мыкты муундарды тарбиялап жатышат. Жибек Оморовна, балдардын ата-энелери менен да тил табышып иштеп келет. Андан сырткары балдар бакчасында тазалык, тартип биринчи орунга коюлган. Жугуштуу оорулар бул бакчада жокко эсе. Санитардык, гигиеналык жагын балдарга дыкат түшүндүрүп, алардын дайыма таза жүрүүсүнө кам көрүшөт. Тамак жагын ала турган болсок, тамак жаатында бир да ата-энеден же баладан жаман сөз уга элек. 4 маал ысык тамак берилет. Негизи иште иш тартиби ордунда болсо, баары өз убагында эч кандай маселесиз чечилет. Бул жакта да эч бир маселе жок. Эгер маселе пайда боло калса, Жибек Оморовна  ал маселени тез аранын ичинде чечүүгө болгон күчүн жумшайт.  Жибек Оморовна аталган балдар бакчасында 15 жылдан бери татыктуу эмгектенип келет. Өзү  Кыргыз Республикасынын  билим берүүнүн отличниги, Билим берүү Министрликтин ардак грамотасын, шаардык билим берүү башкармалыгынын ардак грамоталарын, райондук билим берүүнүн ардак грамоталарынын ээси.

 

- Жибек айым, №181 балдар бакчасынын ачылуу тарыхына кайрыла кетсеңиз?

– Биздин №181 бала бакчасы Тунгуч кичирайонундагы жалгыз бала бакча болуп эсептелет. Октябрь районуна караштуу бала бакча. Бакчанын ачылганына 23 жыл болуп калды. 1992-жылы ачылыптыр. Өзү шаар боюнча чоң бала бакчалардын бири. Негизи бала бакча 6 группага ылайыкталган болсо бизде бардыгы болуп бала бакчада 14 группа тарбияланат. Азыркы тапта 900 бала тарбияланып жатат. 14 группа болгондон кийин балдар ошончо көп болуп, мектептегидей болуп калды. Биздин жамаат  балдардын жакшы тарбияланышы үчүн болгон күч аракетин жумшап жатат. Коллективде бардык кызматкерлер жетиштүү, методист, медсестралар бар. Тарбиячылардын жардамчылары айлыктын аздыгына байланыштуу бат-баттан алмашып турат. А негизинен кызматкерлерге эмгек стажга жараша айлык акы төлөнөт.

- Өкмөт тараптан кандай жардамдар болот?

– Чоң бала бакча болгондон кийин, өкмөттөн деле бизге жардам берип турат. А негизи эмеректерди жаңыртканда ата-энелердин жардамы аркылуу жаңыртабыз. Ата-энелердин арасынан демөөрчүлүк кылып өздөрү жардам бергендер бар, ошолордун күчү менен кармалып турат. Өкмөт тараптан деле көңүл сыртында калган жокпуз.

- Бюджеттик мекемелер долбоорлор менен иштеп жатышпайбы. Сиздер да долбоорлор менен иш алып барасыздарбы?

– Былтыр Save the children  Корей долбоору менен иштешип, ашканабызды толук ремонттотуп, идиш-аяктарынан бери жаңыртып алдык. Ошол чоң жардам болду.

- Балдардын тамагы кандай?

– Балдардын тамагы абдан эле жакшы. Бизде 4 маал ысык тамак берилет. Ата-энелер тамактын жарым акчасын гана төлөшөт. Бул да болсо ата-энелерге абдан жакшы жеңилдик деп айтаар элем. 50 пайызын акимиат төлөйт. Менчик балдар бакчасына караганда абдан эле жеңилдик.

- №181 балдар бакчасы башка бакчалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Биздин бала бакчада балдар 2 тилде тарбияланышат. Кыргыз жана орус тилдеринде жакшы сүйлөгөндү үйрөтүшөт. Союздун убагында бардык методикалык материалдар орусча болуп калгандыктан, кыргыз тил жагынан кичине жетишпей жатат. Шаардык башкармалыктан методикалык материалдар болсо беришет, өзүбүз да аракет кылып кыргызча материалдарды таап келип сабак өтөбүз. Биздин балдар тамга тааныган бул жакта калсын, мектепке даяр болуп барышат. Мектептеги башталгыч класстын мугалимине абдан эле жеңилдик болот. Себеби, биздин балдар шар окуп, туура жазып, эсеп чыгарганды үйрөнүп барышат. Негизи биздин программа боюнча балдарга оюн түрүндө эле сабак өтүшүбүз керек. Биздин балдар окуп, жазганды мыкты өздөштүрүп барып жатышат. Бул да болсо биздин коллективдин мыкты эмгектенгендигинде деп билем. Ар бир майрамда тарбиячылар өздөрүнүн группасын майрамга даярдап, номер көрсөтүшөт. Утренниктерде бийлешет, ырдашат, ыр айтышат ж.б.

- Балдар бакчасынын көйгөйлөрү барбы?

– Көйгөйүбүз эле балдардын көп болгондугунда. Мурун Тунгуч кичирайонундагы балдар эле келсе азыр жаңы конуштагылар Кара-жыгач, Алтын-Ордо, Өскөн – Ордо, Рухий  Мурас деген жаңы конуштарда мамлекеттик бала бакча жок болгондугуна байланыштуу, баары балдарын алып келишет. Баары эле балдарын бала бакчасына берип, мектепке даярдагысы келет. Алардын баарын алганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Анан эле, “Бизди эмнеге албайсыңар? Башкаларды алып жатыпсыңар го?..” – деген сөздөр чыгат. Андан башка чоң көйгөйүбүз деле жок.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru