Айбат » Саясый сойкулуктун эпидемиясын жараткан «шуркуялар» Өмүрбек Текебаевдин калтасына кандайча акчаны бурдады?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясый сойкулуктун эпидемиясын жараткан «шуркуялар» Өмүрбек Текебаевдин калтасына кандайча акчаны бурдады?

ТекебаевАлдыдагы парламенттик шайлоо кыргыз эли үчүн, кыргызстандыктар үчүн чо-оң «ачылыш» жасай турган болду. Кыязы жасап деле койду окшойт. Эгерим сырын алдырбаган «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович бу саам сырын алдырды. Беткапты сыйрып алыс ыргытты. «Акчалуулар жана артында арбыныраак тарапташтары барлар, бийликке нааразы болуп жүргөндөр мага келгиле» деп партиясынын эшигин кең-кесири ачып койду. Башкы социалисттин мындай кадамына саясат талдоочулар да адегенде анчейин түшүнө албай, баштарын катырып отурду. Анан акыры табышмактын жандырмагын табышты белем «Бул Текебаевдин партия лидери катары парламенттик шайлоого акыркы барышы окшойт» деп тыянак чыгарып жиберишти.

Ал эми көздөгөнүн түз эле качыра салып сындап жиберчү саясат талдоочу «Карышкыр» каймана атындагы Сабыр Муканбетов кыргыз тилдүү басылмалардын бири аркылуу «Өмүрбек Текебаев капилеттен шымына чычып жиберди» деп түз эле «бетке чапты». «Капырай ай-йе, даараткана узакта бекен, же ачыган коон жеп алыптырбы?» деп түшүнө албай отурсак, көрсө ал Текебаевдин саясый кадамдары тууралуу образ менен айтып атыптыр да. Болгону аны жазган журналист образдуу сүрөттөөнү тырмакчага алууну унутуп калыптыр. Сабыр агабыз «Карышкыр» деген атты бекеринен албаган экен деп калдык. Ал башкаларчылап «кагазга ороп», жымсалдатып отурбай эле Өмүрбек Чиркешовичтин кадамдары тууралуу чоктой ысык пикирлерин билдириптир.

Бир четинен ошолорго токтоло кетели. «Түштүк тарапта абдан төмөндөп кеткен рейтингин Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясын кошуп алуу менен «атамекенчилер» ахвалы кескин оңолуп, Ошто овацияга кабылып, кенен-кесири басып калышты. Ошого дердеңдеп кетиштиби, же каражаттан каржалыштыбы, же «Алтынды көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр» болдубу, анысын ким билсин, айтор, курултай өткөзүп, тизме тизмектөөдө одоно каталар кетирилип, андан-мындан качкандарга алдыңкы 33 орундар сатылып, калган орундар чучу-кулакка коюлганы катуу нааразычылыктарды жаратты. «Баардык орундар чучу кулакка коюлат экен» дегенге ишенишип, 30 миң долларларын «доом жок, кайра сурабайм, партияга кайрымдуулук иретинде бергем» деген расписка менен төккөн 70-80 партиялаш, партиялаш эмес жарандар алданып, акмак болгонун кеч түшүнүп, кыжырданганын араң басып, тилин тишине катып, араң чыдап жатса, «урдум» деп баса бергендери да болуп жатат» дейт Муканбетов басылмадагы маегинде.

Таң көрү-үү… Эгерде чындап эле ушундай болсо, анда «Ата-Мекен» партиясынын ичинде «ит өлүп аткан» турбайбы деп таңдайыбызды такылдаткыча ага деле жоопту өзү берип коюптур: «Баарынан жаманы буга чейин «Ар-Намыс», «Ата-Журт» партияларын курутуп, саясый сойкулуктун эпидемиясын жараткан «шуркуялардын» Өмүрбек Текебаевдин калтасына акчаны бурдап тыгып, алдыңкы орундарды сатып алганы, акчанын жытына мас болгон Өмүкеңдин алкымы андан ары ачылып, эрке кыздарына белек кылгысы келген олигархтарга ж.б. акчалууларга алдыңкы он орундукту беш жүз миң долларга чейин баалап сатып жибергени каңкууланып, партия ичиндеги нааразычылык күчөп жатат. Буга чейин партияны партия кылып, бир муштумдай фракция болуп берген депутаттары оозунан алдыргандай болуп, жүзүнчү орундарга чейин чачылып жатса, ошо жакшыбы? Анан «атамекенчилер» кантип нааразы болбосун?» деп аягында суроону кабыргасынан коет. Эми буга комментарий берсек, ашыкча болуп калат го. Ансыз да бардыгын көз алдыга даана тартыла тургандай кылып «балч» эттире айткан экен Сабыр мырза. Мындай «удардан» Өмүкенин көзү көгөрбөсө да, көкүрөк тушу бир аз «ооруп» алат го. Андан ары дагы ушул эле багытта кебин улаган саясат талдоочу «Ата-Мекенге» кошулуп алган өзү сүрөттөмөкчү «шуркуя» саясатчылар бул партия үчүн шайлоодон кийин деле күчтүү фракция болуп бере албастыгын коомчулук айтып жатканын билдирет. «Күндүзү эптеп чыдаганы менен түнкүсүн тиги «сойкулар» бийликтин үйүрүн сагалап, ошол жактан салган салымын кайтарып алууга аракет кылат да» деген эл арасында айтылып аткан пикирге да басым жасаган.

Мындан сырткары дагы бир «точный ударды”  айта кетпесек болбос. Эске сала кетсек, өткөн 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Арслан Малиев «Текебаевге мен баланча акча бердим эле, убадасын аткарган жок, же акчаны кайтарбайт» деп канча какшап жүрдү. Текебаев мырзанын шаштысын да кетирип жиберди окшойт бир кыйла эле. Эми алдыдагы шайлоодон кийин Сабыр Муканбетовдун айтымында Өмүрбек Чиркеш уулунун артынан «30 Малиев» чуркап калышы мүмкүн экен. Себеби «30 миң долларын доолабайм» деп расписка жазып берип, бирок депутаттык мандатка илешпей калгандар толтура болот да. Анан ошолор биригип алып Текебаевдин бир жерин «эметип…», түз айткандан тартынып атабыз да… Андан көрө маектин ушул жерин да гезит бетинен түз эле көчүрүп берели: «Мурунку шайлоодо да бир далай адамдарды алдап, алардын ичинен Арслан Малиев айласын кетирип жүрдү эле, эмдиги шайлоодон кийин отуз Малиев чыгып, Текенин «көчүгүн айрып» койсо, 2017-жылга жетеби?» дейт «Карышкыр». Албетте, окуя ушундай болушу мүмкүн болуп турат. Аны Сабыр мырза эч жаап-жашырбай эле айтып коюптур. Текебаев ач кулкунунун айынан заманын тарытып алды деп да кошумчалаптыр. Эми көпчүлүк эле коомдук ишмерлер айтып келаткандай «Ата-Мекен» партиясы тазалык, принципиалдуулук тууралуу зар какшаса да эч ким ишенбейт. Себептери жогоруда айтылды. «Ата-Мекендин» ушундай абалга келүүсүнө ким күнөөлүү? Ач кулкунбу, же мансапкорлук, мандат кызыкчылыгыбы? Иши кылса, «сагызган сактыгынан эмес, суктуганан өлбөсө» эле болду да…

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru