Айбат » Рустам Жунушалиев, жеке ишкер: “Путиндин саясатын, мамлекетке болгон камкордугун айтат элем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Рустам Жунушалиев, жеке ишкер: “Путиндин саясатын, мамлекетке болгон камкордугун айтат элем”

Рустам ЖунушалиевУлутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн демекчи ар бир кыргыздын бычакка сап жигиттерибиздин жүрөгүндө, аң сезиминде ушул ыр саптардай  өз мекенин сүйгөн, өз эли үчүн күйгөн сезимге ээ болгондор көп болсо  анда мекенибизди жакшы күндөр, жаркын келечек күтөт эле. Бизди кубанычка салган мындай жигиттерибиз такыр жокко эсе эмес. Алардын арасында жүрөгүнүн түпкүрүндө Кыргыз, кыргыз деген ураан  менен жашаган жигиттерибиз да бар. Аз болсо да бирок беделдүү келген жигиттерибиздин  бири Жунушалиев Рустам бизде конокто.

- Биздин экономикабызга болгон көз карашыңыз?

– Менин эң башкы максатым бул экономика. Кандай өлкө болбосун экономикасы күчтүү болсо өлкөсү да күчтүү болот. Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган жакшы программаларыбыз бар. Бул программаларыбыз  өкмөткө дагы альтернатива катары да  бере турган программа болуп эсептелинет. Эгер аны өкмөт туура көрүп кабыл алса, ал программабызды иштетсе да болот. Биздин негизги багыттардын бири мамлекетибизге инвестиция тартуу менен  кайра иштетүү ишканалар, фабрика, майда  чакан ишканаларды көбөйтүп реэкспорт мамлекеттен өндүрүү мамлекетине айландырып, ички рынокту камсыз кылып, импорту азайтып өзүбүздүн акчабыз өзүбүздө кала турган болсо, анда мамлекетибиз өсүү, өнүгүү жолуна түшөт эле. Инвестиция тартып өзүнүн мамлекетин гүлдөтүп өстүргөндөр көп. Бул ыкмага Малайзия, Сингапур  себеп болуп бере алат. Убагында бул мамлекеттер кедей мамлекеттердин катарын толуктап турчу, азыр дүйнөдөгү эң өнүккөн 20 мамлекеттин катарына кирип турат. Ошондуктан биз өнүгөбүз десек экономикабызды күчтөнтүшүбүз керек.

- Сиздер кандай  иштерди кыла алдыңыздар?

– Биз башкаларчылап өзүбүздү “сама пиар” кылбайбыз. Биз ооздун учу менен сүйлөп адамдын кыялын байыта бербейбиз, ар кандай пиарларды кылбайбыз жана биз аз сүйлөп, көп иш кылабыз. Биз ооздун учу менен эмес биз иш жүзүндө көрсөтөбүз. Буга чейин 3 жылдын ичинде 10 ишкана ачсакпы деген пландаганбыз. Былтыр 4-февралдан, 8-февралга чейин инвестициялык форум өткөрдүк. Ал форумга Европа өлкөлөрүнөн алдыңкы орунда турган миллионер, миллиардерлер келди. Алар менен биргелешкен  темирди кайра иштетүү ишкана ачып, азыркы тапта иштеп кучагына 200 адамды алып багып жатат, мындан тышкары  Таластын тургуну форумдан инвестор менен таанышып, Таластын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон төө буурчакты кайра иштетүү иш канасын ачууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кытайдан ишкананы алып келгени жатышат.  Азыркы тапта биздин төө буурчак сырьё абалында 30дан ашык мамлекетке экспортко чыгат экен, ал эми аны сыртын жасалгасын жасап,  жакшылап элге жагымдуу кылып  чыгара турган болсок, экспорттоло турган өлкөлөр четинен кошулуп көбөйө баштайт эле.

- Бизнесиңиз жөнүндө кеп кыла кетсек?

– Менин жеке бизнесим бар, эки компанияны иштетем. Анын бири инвестиция менен алектенсе экинчиси тоо кендер боюнча иш алып барат. Азыркы тапта “Босгунчак” деген каръерди иштетели деп аракет кылып жатабыз. Кудайым буюрса ал жакты ишке киргизип дагы кыргыз элин жумуш орду менен камсыз кылып, мекенибизге  салымыбызды кошолу деп турабыз.

- Тоо кен боюнча компаниям бар деп калдыңыз. Азыр бизде эң актуалдуу тема болуп жаткан Кумтөр маселеси боюнча сиздин ой-пикириңиз?

– Биздин мамлекеттеги элдин талабынан тышкары дүйнөлүк аренада өзүбүздүн милдеттерибиз да бар. Эгер биз улутташтырып койсок, инвестиция тартуубузда кыйынга туруп калат. Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечишибиз керек. Биз мыйзамсыз түрдө улутташтырып койсок биз дүйнөлүк аренада өз ордубузду жоготуп коюшубуз мүмкүн. Эгер биз дүйнөлүк аренада ордубузду жоготуп алсак анда бизге инвестиция келиши да кыйын болуп, биздин экономикабызга терс таасирин тийгизип  кайра эле биздин жарандарыбыз кыйналып калышы мүмкүн. Кумтөр биздин бюджетибиздин 40 пайызын толуктап турат, кумтөр иштебей калса элдин айлык акысы, пенсия жана башка каражаттар толукталбай калат. Аларды толукташ үчүн кайрадан тыш жактан  карыз алышыбыз керек. тыш жактан карыз алуу бул мамлекеттин өсүп өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизери баарыбызга маалым. Менин  жеке пикиримде, сунуш катары да айта кетет элем,  бул маселени дипломатиялык жолдо чечип,  бирок кыргыз элинин кызыкчылыгына чечилиши керек.

- Кумир туткан саясатчыңыз барбы?

– Эми мен кумир катары эмес, адамдык сапат катары, ыйык адам катары биздин пайгамбарыбызды эсептейм.  Ал инсаныбыздын сабырдуулугу, акылы, бардык сапаттар азыр бардык адамдарга керек. Ал эми, кумир тутсаң сен кандай бир нерсеге байлап койгондой болосуң, кумир туткан адамыңдан ашып да кетишиң мүмкүн. Дүйнөлүк аренада саясатчы катары  Ататүрк Кемалды, Франциянын президенти Шарль де Голль, Сингапурдун президенти  Ли Куан Юну айтмакмын. Анан азыркы тапта Россиянын президенти Владимир Путин саясатын, мамлекетке болгон камкордугун айтат элем. Мына ушул инсандардай мамлекетти, өз элиңди башкарсаң анда биздин кереметтүү кыргыз эли дүйнөгө таанымал, дүйнөдөгү өлкөлөргө үлгүлүү өлкө болорунан шек санабайм. Ушул инсандардын жүргүзгөн саясаттарынан үлгү алып алга карай кадам шилтешибиз керек.

- Бизге келип маек куруп бергениңизге рахмат.

Карачач ШАКИРОВА

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Карина:

    Аферист! Ушундай жигиттер бийлике келсе анда биз онолбой кайра артка кетебиз, биздин мамлекетибиз урайт, деги эле мамлекеттей жоголобуз! Рустамга окшогон жигиттерден негизи эле кыргыз элин Кудайым озу сактасын!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru