Айбат » СДПКнын беш кадамы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » СДПКнын беш кадамы

Октябрда боло турган Жогорку Кеңешке шайлоолорго ат салыша турган саясий партиялар шайлоо алдындагы сьезддерин байма-бай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүдө. СДПК партиясы да 17-август күнү 14-сьезддин өткөрүп, делегаттарга 5 жылдык отчетун берип, алдыдагы милдеттерин аныктап, талапкерлеринин тизмесин бекитти.

СДПКнын съезди

Отчеттук докладда 5 жылы мурунку абалга кайрылып, 2010-жылкы апрель-июнь окуяларын эскерип, мамлекеттүүлүктү сактап калуу, өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу  маселелери курч туруп калган мезгилден берки СДПКнын аракеттери айтылып өттү. Бүгүнкү жетишилген ийгиликтер өзүнөн-өзү эле жарала калбаганы белгиленди.

Дал мына ошол 5 жылы мурун СДПКнын сьездинде төрагалык кылган азыркы Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда тынчтыкты, ынтымакты, стабилдүүлүктү камсыз кылуу биринчи кезектеги милдеттерден экенин белгилеген.

Турсунбеков ЧыныбайПартиянын мурдагы лидери, азыркы Президент Алмазбек Атамбаев менен пикирлеш СДПКнын  өлкөдөгү тынчтыкты, анын стабилдүү өнүгүшүн камсыз кылууда  парламенттеги уюткунун ролун аткарганы ишенимдүү белгиленип кетти. Белгилүү болгондой башка партиялар  ич ара тил табыша албай, топ-тпоко бөлүнүп, ички ынтымагын чыңдай албай, ыркы бузулуп жаткан маалда СДПК тескерисинче биримдиктүү болуп бел чечпей иштеп келгени  туурасында докладда кеңири сөз болду.. Кыскасын айтканда СДПК бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, мамлекеттик деңгээлдеги саясий, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөк боло турган экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевге  жөлөк-тирек болуп келгени айтылды.

Натыйжада “Кыргызстан кедей мамлекет” деген жаман аттан арылды. Өлкөнүн экономикасы ырааттуу өнүгүү жолуна түштү. Ички дүң продукция эки эсеге өстү.Энергетикалык көз карандылыктан чыгууга негиз түзүлдү.

Албетте, жетишилген ийгиликтерге таянып, аны бекемдөө алдыга койгон максаттарыңа да байланыштуу болот.

Эгерде өткөн 5 жылда жетишилген нерселерди ырааттуу улантып, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү аракеттери бекемделсе, Кыргызстан 2020-жылы  экономикалык жактан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн өлкөгө айланат. Буга азыртан эле негиз түзүлүп калды. Датка подстанциясы, Датка-Кемин электр өткөргүчтөр линиясы курулуп бүттү. Алдыдагы 5 жылда Нарын дарыясында дагы ондогон ГЭСтер курулат. Кийинки жылы Ысык-Көлдү айланган жол салына баштайт. Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жол салына турган болуп жатат.

Терең тамырлашып кеткен коррупциянын тамырын кыркуу катуу жазалоо жолу менен кана ишке ашпай турганын дүйнөлүк практика көрсөтүүдө. Андыктан, келечектеги беш жылда коррупциянын жаралуу себептерин жоюга басым жасалууга тийиш. Алалык, “Таза коом” долбоору  коррупция жаратып койчу кызматтарды автоматташтырып, электрондук  кызмат көрсөтүүнү колго алат. Коррупциянын айынан бюджет жылыга 30 млрд. сом жоготуп келген.

СДПКнын съездиСот системасына болгон ишенимдин жоктугу, өлкөнүн ырааттуу өнүгүшүнө кедерги болуп жаткан факторлордун бири. Учурдун эң талуу жери ушул.  Соттордун иш-аракеттерине нааразы болгон фактылар четинен чыгат.Сотторго болгон элдин бекем ишенимин кайтарып келүү үчүн сот системасын түп тамырынан өзгөртө турган аракеттер ишке ашууга тийиш.

Коңшу мамлекеттер менен чек ара тилкелерин тактоо узак жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Алдыдагы беш жыл мына ушул багыттагы иштерге айрыкча көңүл бурууну талап кылат.  Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн дагы бир жагы  чек ара аймагында жашаган элге социалдык жактан кам көрүү менен чек араларды бекемдөөнүн экономикалык негиздерин түптөө зарыл.

Өлкөнүн өнүгүшүндө улуттар аралык биримдиктин, ынтымактын болушу өзгөчө мааниге ээ.  Кыргызстанда жашаган бардык улуттар бир муштум болуп түйүлүп, бир максатты көздөп, Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсү үчүн жан үрөп иштегенде кана албан ийгиликтер жаралары жашырын деле сыр эмес. Курама темир курч болот деген  ата-бабадан келаткан накыл кептин жөнү да ушул.

Жакшы тилек – жарым ырыс. Өлкөдөгү стабилдүүлүккө негиз бере турган СДПКнын жакшы тилеги  реалдуу ишке аша турган тилек экенин сьездде сүйлөгөн делегаттардын бардыгы бир пикирден билдиришти.

СДПКнын съездиЖогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков СДПК-тарыхый калыптанган орду бар, салабаттуу, авторитетке ээ партияга айланды деп баа берди. Өткөн 5 жыл өлкөнү өзгөрткөн, өрүшүбүз кеңип, өр тарткан жылдардан болгонун айтып келип, 5-чакырылышта шайланган Жогорку Кеңеш өзүнүн тарыхый вазийпасын татыктуу аткарды деп белгиледи. Коррупцияга каршы күрөшүүдө болсун, дин маселелерин жөнгө салууда болсун, мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүүдө болсун, коомдо мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда болсун  өткөн чакырылыштагы парламент жигердүү иш алып барганы айтылды.

Сьездде бардык региондордон келген делегаттарга сөз берилди. Мисал кылып айта турган ийгиликтер ар бир региондо бар экен. Жетишилген ийгиликтер, айрым бир мүчүлүштүктөр туурасында сөз болуп, келечекке белгиленген иштердин аткарыларына ишеним билдиришип, беш жылы мурун ишеним көрсөткөн элдин алдында жүздөрү жарык экенин белгилеп жатышты.

СДПКнын 14-сьездинин күн тартибиндеги экинчи маселе 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү болду. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү жашырын добуш берүү менен ишке ашты. Тизмеге 131 талапкердин фамилиясы киргизилди. Салыштырмалуу алганда талапкерлердин тизмесинде Кыргызстанда жашаган башка улуттардын  саны арбын. Өзбек, орус, дунган, корей жана башка улуттардан 25 адам талапкер болуп катталды. Тизмени тактап карап көргөндө ардагер депутаттарга  жаштарга орун бошотуп, жаш келсе ишке ишаратын кылганы тизмеге кирген алгачкы он адамдын катарында эски депутаттардан болгону үчөө кана бар экенинен ачык байкалат.

СДПКнын съезди

СДПКнын талапкерлеринин тизмесинде жаштарга басым жасалган. 131 талапкердин 26сы 35 жашка чейинки жаштар болуп эсептелет.  Ошондой эле эл таразасына коюла турган талапкерлердин 40ы аялдар.  Депутаттардын арасында аялдардын катышы шайлоодон-шайлоого арбып баратканы жакшы көрүнүш.  2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилген.

СДПКнын съездиАл эми жалпы алганда тизменин өзөгүн СДПКнын ысык-суугуна башынан аралашып келаткан  эски партиячылар түзгөн. СДПКнын тизмесинен 2010-жылкы элдик революцияда  кан-жанын аянбаган “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” уюмдарынын өкүлдөрү  орун алганы  айрыкча көңүл буруп  белгилей турган нерсе.

Жыйынтыктап айтканда сьезд өз максатына жетти. Өткөн 5 жылда эмнелерге жетишилгени, алдыдагы 5 жылга кандай милдеттер турганы ачык белгиленди. Талапкерлердин тизмеси жашырын добуш берүү менен бекитилди.

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru