Айбат » Бекибай Мамытов, коомдук ишмер, юрист: “Мадумаровду жөнү жок тескей берүүгө эч кимдин акысы жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бекибай Мамытов, коомдук ишмер, юрист: “Мадумаровду жөнү жок тескей берүүгө эч кимдин акысы жок”

Бекибай МамытовПартиянын лидери менен гезиттердин ортосундагы соттошуулар көнүмүш адатка айланып калганын танууга болбойт.Тилекке каршы көп учурда доогерлердин аргументтери салмактуу болуп гезиттер утулуп калганын билебиз. Бирок, турмуш бир орунда тура бербейт экен, кайра эле жаңжалдуу соттошуулар уланып келет.Жакында “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевди сотко бергенин билдик. Мындай кабарды гезитчилер өздөрү коомчулукка чуулдатышты. Бул тирешүүнүн чоо-жайын билүү ниетинде жактоочу Бекибай Мамытовго кайрылганбыз. Эмесе бирге угуп көрөлү.

— Айтсаңыз, башкы редакторду сотко берүүгө саясый кызыкчылыктар жокпу? Чамасы талылуу доомат бар болсо керек?

— Сотко берип жалган маалыматты далилдөө — ар бир кыргызстандык жарандын акысы. Мындай абал Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган. Мен өткөндө да “…эгемендүүлүк деп айкыра берип, мыйзамдын чегинде эмес иш жасоо бул — натура” деп, “Ачык сөз”гезитине “Жалган сөз бел ашырган менен эл ашырбайт” деген макала жазгам. Аны сиздер жарыялагансыздар. Ырахмат, чындыкты элге таратканыңыздар үчүн.

Башкы редактор болобу, же кабарчы болобу, Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде изилдөө жүргүзүп, аныктыгын же жалгандыгын өзү текшерип туруп маалыматты гезитке жарыяланышын талап кылган Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымат каражаттары жөнүндө” деген мыйзамынын талаптары бар. Ошондуктан биз аталган гезитти жана анын башкы редакторун сотко берүүдө эч качан саясат кызыкчылыгы жоктугун айта аламын. Сотко берүүдө, сиздер сурагандай, орчундуу доомат бар. Ал доо арыз Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жакында каралмакчы.

— Бул шайлоо алдындагы аракет эмеспи? Мындай соттошуулар дайыма саясый өнөктүктүн жүрүшүндө жүз берчү эле?

— Жок. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясый партиясы ар дайым шайлоолорго мамлекетибиздин мыйзамдарын так аткаруу менен өзүбүздүн тартиптүүлүгүбүздү көргөзүп келебиз. Алдыдагы шайлоодо да биздин партиянын мыйзамдуулукту сактоо жана тартипти орнотуу деген девизибизди биринчи кезекке коюп, атайын иш-чаралар түзүлүп, шайлоого баратабыз. Сотко берүү — атайылап жасаган иш-аракет эмес, муну баары түшүнүп турушат. Эгерде аталган редактор чындыкка дал келбеген материалды чыгарып, Адахан Мадумаровдун эл астындагы таза жүзүн “тескери тартуулабаганда” ал инсан менен аласа-бересебиз жок эле. Ошондуктан, соттошууну — шайлоо алдындагы партиябыздын эл астында пиар-аракети деп атоого караманча далил жок.

Ал эми саясый өнөктүк деп эмнени атоого болот? Менин оюмча саясый өнөктүк жана карама-каршылык деген түшүнүк бар. Бирок, аталган редактор менен, же ал гезиттин ээси менен биздин эч кандай карым-катнаштыгыбыз жок. Гезиттин ээси ким, кайсы партиянын басылмасы экендигин биз билбейбиз жана алар менен өнөктөштүк мамиле жок. Демек, аларга ийгилик каалайбыз, мыйзам чегинде.

— Мынчалык көшөрүп сотко бергенден кийин утабыз деген ишеним барбы? Бирок тигил тарап демократияны муунтуп жатат деп айгай салаары турган иш да? Аны кожосундай колдоп чыкчулар да жок эмес?

— Биринчиден, “көшөрүп” сотко берген жок. Адахан Кимсанбаевичти гезит өзү сотко берүүгө мажбурлады. Ал айтпаган сөздү айтты деп ааламга жарыя салды, анын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди… Мындай ахыбалда эмне кылуу керек эле? Албетте, сот аркылуу чындыкка келүү. Демек, баары мыйзам негизинде.

Экинчиден, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында “ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар намысынын корголушуна укуктуу” деп кашкайып жазылып турат. Ошондуктан ал “көшөрбөй” эле Конституциялык укугунан пайдаланды.

Үчүнчүдөн, туура, “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп таамай айтылган макалдай, азыр баары эле эмес, бирок кээ бир басылмалар өздөрүнүн жазгандарын сотто далилдей албаса эле “сөз эркиндиги бузулду, бийлик куугунтуктап жатат, соттор ага кошумча” дешип “айгай салганы” коомчулукка маалым. Мындай жагдайда мен алардын ар-намысына койдум.

Жалпыга маалымат каражаттарын, Монтескьенин учурунан бери эле, дүйнөлүк коом, мамлекеттин төртүнчү бийлиги деп атап келгендиги белгилүү. Ошол эле учурда, төртүнчү бийлигибиз өзүнө-өзү привилегия берип алыш — биздин мамлекетте бүгүнкү күндүн приоритети болуп калды. Мындай көрүнүш — туура эмес багыт, тетири жол, тескери түшүнүк, чоң апааттарга келтире турган кырдаал.

Анткени, чындыкты бурмалаган, дал келбеген, ушак-айың тараткан, элди экиге бөлгөн жана башка айыңдарды таратуу — бул элди бузган менен барабар.

Төртүнчүдөн, өзүнүн ою, “мен” деген позициясы жок адамдарды ар ким “мурунтугунан жетелеген” малдай кылып, каалаганын кыла берет эмеспи. Мен редакторду андайлардан эмес деп ойлойм. Кээ –кээде “опурулуп” кетмейин байкайм. Ошондуктан аны кожоюндай колдоочулар болбооруна кепил жок. Бирок, “чөгөлөп жашаганча, тике жүрүп жан сакта” дегендей, редактор өзүн кожоюндай колдоочуларынын калпыс аракеттерине жол бербейт деп ойлойм. Анткени, “Чындын чынары өсөөрүн, калптын чырагы өчөөрүн” айтпасак деле белгилүү.

— Сот деген узакка созулуп кетчү эле, буга чыдамыңыздар жетеби?

— Соттук отурумдардын мөөнөтсүз созулуп кетиши — азыркы, эгемен учурунда кабыл алынган мыйзамдардын “мыйзамсыздыгы”. Советтердин учурунда чыгарган өкүм, чечим, токтомдордун процессуалдык жактары өтө катуу каралып, сот, прокурор, тергөөчү жана башкаларга ката кетиришкендиги үчүн оор жаза колдонулчу эле. Маселен, ар бир судья, прокурор же тергөөчү бир жылда үч иши ката деп табылса аларды кызматтан кетирчү. Ошондуктан алар мыйзамдын чегинде гана чечим кабыл алышчу. Азырчы — айткандан заарканасың. Бир айда үч эмес ондогон чечим, өкүмдөрү “брак” деп табылгандар өйдөлөп кетип жатышпайбы. Же калппы? Эми бул жагдайды бөлөк учурда айтайын.

Ошондуктан, соттук отурум, менин оюмча, анча деле көпкө созулбайт. Анткени гезит 6-июль 2015-жылкы № 32 (112)- санында “САЯСАТ KG” деген рубрикасында “Адахан Мадумаров “Азия Ньюсту” сотко берди деген, автору аталбаган, демек, башкы редактордун жоопкерчилигинин астында жарыяланган. Ал жерде “Бүтүн Кыргызстан — Эмгек” деп чиркешип алган Адахан Мадумаров “Азия Ньюс” басылмасын жана башкы редактор Аслан Сартбаевди сотко берди. Сынга чычалап, терикпей эле адамча сүйлөшсө болбойт беле?” дептир. Карап туруп ой жүгүртсөк, абдан туура айтылган. Элдин ичинде — редактор өзү жакындашууга, кол кармашууга барып жатса, элдешелик деп жатса А. Мадумаров эмнеге каршы деген суроо сөзсүз туулат. Анткени, ал редакциялык маалыматта, менин оюмча, атайылап эл сезимине жазылган материал камтылган.

Таң берет экенсиң. Сын айтам демиш болуп сын эмне экенин билбей, адамдын жеке турмушуна киришип, анын ар-намысына акараат келтирип, эл астында жаманатты кылуунун айырмасын билбеген гезит — айыпка жыгылып, кайра эл астында кечирим суроого мыйзам жолунда милдеттүү.

Андан ары, гезит, өздөрү өздөрүнөн ашмалтай болгон соттук иштерин жарыялашып “Негизи редакторубуз буга чейин деле далай жолу соттошуп көнүп калган. Соттошо берет” дегенин кандайча түшүнсөк болот? Ормон опузабы, же олдоксон коркутуубу? Гезитти окуган окурман эмне деп ойлойт?

Андан ары, кыргызга “жаңы” макал жаратышыптыр. “Эң башкысы, шайлоо астында саясатчылар айкөл болуп, сөз көтөрө алса гана улуттук лидер болот да” деп ырасташыптыр. Ой тобоо деп жакаңды кармайсың. Бул жерден суроо туулат — сөз көтөрө ала турган саясатчы менен калпты чындай “койгулаган” гезиттин айырмасы эмнеде? Эгерде, А. Мадумаровду жок жерден жамандап, “аркалыктарга” жаман көрсөткөндүгү үчүн “сөз көтөрүп” койсо эле улуттук лидер болуп калабы? Кайсы сөздү “көтөрө” алганын гезит жазбайт.

— Деги соттошуу аркылуу эмнени тастыктагыңыздар келди? Абийир акчага оогон мезгилде адилеттик өлкөдө орной алабы?

— “Адилет сөз — ачуу сөз” деп кыргыздын лакап сөзүндө бекер айтылбаса керек? Абийир ар бир адамдын табиятында, тукумунда болот эмеспи. Кыргызда бекеринен “Абийириң үчүн ак жүр, алыш-беришке так жүр” деп бабалар айтып келишкен.

“Адилеттүү мыйзамың болсо-көңүл ток, ансыз эркиндик жок” дегендей, акча маселеси кийинки кездерде чоң маселе чечер күч болуп бара жатканы эч кимге деле жаңылык болбой калды. Анткени, акча маселеси кадрларды кызматка коюда, социалдык маселелерди ишке ашырууда, деги койчу, мамлекеттик башкаруунун дээрлик баардык баскычтарына терең кирип кетти. Ансыз эч маселе чечилбейт. Бул көрүнүш жалган эмес, эмне кылуу керек?

Биринчи кезекте, мыйзам чыгаруу боюнча олутуу реформа керек.

Экинчиден, азыркы Конституциянын кээ бир талаптарын өзгөртүү керек.

Анан гана, соттордун чыныгы көз карандылыгына жетишибиз керек.

“Эми сотто кызык болсо керек” деп андан ары сөз учугун улап, гезит, “буга чейин Текебаев, Байзаков, Жумалиев, Түлеев ж. б. саясатчылар менен соттошкон редакторубуз бу саам деле баш ийбесе керек!” деп моюн толгошуптур. Туура, сотто чындык жеңет. Аргумент жеңет. Жалган айткан тарап жеңилет. Жоопкерчилик тартат.

Экинчи тараптан, эгер мыйзамдуулук жактан ката кетип калса, макул, жеңсе жеңишээр, бирок чындыктын кимде экенин сот гана чече алаарын унутпашын эстерине алышы керек.

Адахан Кимсанбаевич кайсы кетирген күнөөсү үчүн, кайсы “морадерлугу” үчүн, кайсы саясый кемчилиги үчүн коркуп калышы керек? Айткан жана жазган сөздөрүндө коопсуздук байкалат. Себеби, мурункудай болду, “ушундай”, “чынында” жана башка А. Мадумаров жөнүндө тиги же бул сөздө айтты деп так жазуу кийинки гезиттин чыгарылыштарында жокко эсе. Бирок айта кетчү нерсе, гезит кайра эле “тишин кайрап” турганы бизди тынчсыздандырат. “Эки жакшынын күрөшү — элчиликке алып келет” деген макал бар. Унутушпаса ушуну.

“Ор казсаң терең казба, өзүң түшүп калба” дечү беле кыргыздар.

Ж. Сулайманов

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru