Айбат » Байланыш: Кыргызстандагы уюлдук операторлордун флагмандык тарифтерин салыштыруу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Байланыш: Кыргызстандагы уюлдук операторлордун флагмандык тарифтерин салыштыруу

Мынакей, Кыргызстандагы уюлдук операторлорунун тарифтик пландарын маалы сайын кароо алкагындагы атайын долбоорумду презентациялоого даяр болдум ошойт.

2016-жылдын 1-январынан баштап номерди сактап калуу менен уюлдук операторлорду которууга мүмкүндүк берген кызматты кардарларга сунуштоо уюлдук операторлорго милдеттендирилгенден кийин, кардар үчүн болгон маркетинг согушу күч алды. Бул, уюлдук операторлордун арасында байланыш кызматтарынын сапаты боюнча, баасы боюнча жана кошумча кызматтар боюнча да конкуренциянын жогорулашына алып келет.

Операторлор “эң ыңгайлуу сунуштарды” кардарларга тартуулай башташты, анан алардын чындыгында мыктысын тандоо оңой эмес.

Менде, мүмкүн силердин көпчүлүгүңөрдө деле, ар бир оператордун сим-картасын сала жүрүү адатка айланса керек. Бирок көпчүлүгүбүз негизкиси катары бирөөнү эле колдонуп, калганын керек учурда эле колдонгонго. Бул макалада биз, көп сим-карта салынган аппаратыбызда “негизки” болуу укугуна ээ болуу үчүн күрөшкөн, уюлдук операторлордун флагмандык тарифтерин карап көрөбүз. Бардыгы камтылган тарифтерди гана салыштырып, карайбыз: мүнөттөр, интернет жана смс. Бул Билайндын “Сенин стилиң” тарифтик линейкасы, провокациялык “О!го өт” жана Мегакомдон жаңы “Элдик” тарифи.

Өзгөчө белгилей кетчү несе, бул батыш уюлдук операторлору чынында интернет-провайдерлерге айланып бараткандыгы жана ошол эле ситуация эми биздин Кыргызстанда болуп жатат, бирок бир нече жыл кечигүү менен.

Операторлор трафикти өткөрүү үчүн эле түтүккө айланып бара жатышат.

Ошентип, кандайдыр бир аналогия кылуу үчүн жана салыштыруга тандалып алынган тарифтерди салыштыруу үчүн, операторлор өздөрүнүн тарифтик сеткасын түзүү логикасын түшүнүү керек болду. Азыр биздин “чоң үчилтиктеги” уюлдук операторлор, кандайдыр бир абоненттик акыга, ар биринин өздүк лимитсиз линиялык сунуштарга өтүштү. Бизди бир айдын эсебин чыгаруу кызыктырат. Абоненттик акыны алуу бардыгыныкы бидей пироддо эмес, ошондуктан биз жөн гана көлөмгө көбөйтөбүз.

Эсептөөгө ыңгайлуу болушу үчүн, көрүнүктүү, түшүнүктүү бир табличка түзүлдү. Бирок анын алдында кээ бир түшүндүрмөлөр берилди, кээ бир “фишкаларга” сиздин көңүлдү бурууга арает кылам. Үчилтиктеги бардык операторлордун ар кандай салмактагы “минустары” да, өздөрүнүн “плюстары”да бар. Ошондой эле жылдызчалар жана майда тамга менен жазылгандарды да унутайлы.

тарифная сетка

Кызык жагдай түзүлдү. Жөнөкөйлүк жагынан караганда О! Уюлдук оператору кубандырат. Бирок эгер, бардык операторлордо мүнөт жана СМС бирдей кетпейт, бирдей көлөмдө интернет колдонулбайт жана тандоого мүмкүнчүлүк жок экенин эске алсак, бул анда менимче ыңгайсыз. Эгер интернет менен кодонуу көбүрөөк керек болсо, анда кошумча кызматтарды кошууга туура келет, бул албетте кошумча каражатты да талап кылат. Биринчи 300 мегабайтты ашкандан кийин ылдамдык 128 Кб/секундага төмөндөөсү маанисиз факт эмес. А биз бардыгыбыз ылдамдыкты эңсейбиз. Бирок, эгер сиз ишкер адам болбосоңуз, сизди О!нун сунушу толук канаатандырышы ыктымал.

Ал эми кимге көбүрөөк интернет керек болсо, анда шексиз түрдө Мегаком туура келет. Керектү көлөм үчүн чөнтөкө жараша тандоого бүтүндөй 5 (!), башкалардыкынан көп опциялар сунушталган. Жумасына 120 сомдук пакетин сунуштаар элем. Бирок Нуртелекомдун конкуренциялык тарифине салыштырмалуу Мегаком түйүн ичинде бирдей эле баага көбүрөөк мүнөттөрдү берет. Эгер мегабайт жана мүнөттөрдү тегеректегенин минус катары эсептебегенде, интернет үчүн таймашта саны боюнча эле эмес, маанилүү болгон сапаты боюнча да Мегаком талашсыз алдыга чыгат. Ылдамдыгы айтылгандай тез, эч кыскартылбайт, ал эми бул чоң плюс. Мүнөтөр деле түйүн ичинде да сыртында да жетиштүү.

“Бардыгы камтылган” деген принцип боюнча эң арзан сунуштар Билайнда 500 сомдон башталат. Ошону менен бирге ал түйүн ичинде да түйүн сыртында да жетишээрлик мүнөтөрдү бере алгандыгы менен мактанып кете алат. Бирок СМСи өтө аз жана эң негизкиси ушул эле баадагы башка эки операторлордукуна салыштырмалуу ылдамдыгы максималдуу интернети аз. Кандай болсо да өзүнчө кошуп алууга мүмкүн болгон, силердин тандооңорго бир нече башка интернет-опциялары каралган. Жыйынтыктап айтканда Билайндын “флагманы” – бир топ абийирдүү сунуш, бирок баа жагынан бираз чочутат.

Мен ошондой эле операторлор түйүн ичинде сунуштаган СМСтердин санын эске албайт болчум, себеби азыркы заманда СМС колдонгондор азайды го. Операторлорго бул үчүн жөн эле плюстарды кошуп койсо болот 

Налогдору тууралу айтып деле кереги жок, баарыныкы бирдей схема – бардыгы камтылган пакеттердин чичндей бирдей, ал эми лимиттен ашканыңызда бирдей эмес. Ошол себептен көрсөтүлгөн лимиттен ашпоону баарыңарга кеңеш кылам.

Сиздердин да пикирлериңиз маанилүү. Байланыштан экономдоо үчүн ким кандай амалкөйлүк кылат?

 Денис Бердаковдун пикири которулду

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru