Айбат » Олжобай Токтосунов, саясий серепчи: “Ата Мекен партиясы таң калаарлык кадамга барууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Олжобай Токтосунов, саясий серепчи: “Ата Мекен партиясы таң калаарлык кадамга барууда”

Олжобай Токтосунов- Олжобай мырза, азыркы тапта шайлоого аттанып аткан партиялардын тизмесинде алдыңкы ондукка кирген саясатчыларга кандай баа бересиз? Мисалы, «Республика Ата-Журт», «Ата-Мекен», «Бир бол», «Өнүгүү» партияларынын алдыңкы ондугуна?

– Бул партиялардын баардыгы шайлоого карата 2-3 маселени чечкилери келет. Шайлоодо креативдүү партиялык казына  негизги ролдо турат. Шайлоого карата акча каражаты көп талап кылынгандыктан, алдыңкы саптагы аты-жыты жок талапкелердин жазылып калганы партиялык казынаны далилдейт. Ушул принципти көпчүлүгү пайдаланды десек болот. Ал эми пиар жагынан “Ата Мекен” партиясы таң калаарлык кадамга барууда. Мырзакматовго кылмыш ишин ачкан Салянова кайра аны менен чогуу партиялаш болгону, тизмеде Мырзакматовдон кийин жазылганы ММК үчүн жана эл үчүн жакшы пиар болуп бере алат. Бирок принцип, платформаны унутуп салышты. Ушул партиялар акчалуулар, атактууларга басым жасашты. Бизде эмнегедир олигархтар эле келип, интелектуалдык деңгээли жогорулар келе албай жатат. “Республика- Ата-Журт”, “Бир бол”, “Өнүгүү” партияларынын алдыңкы саптагыларын алып көрсөк, аты чыккандардан бир аз жүрөт. Бирок такыр белгисиз адамдардын алдыңкы сапка келиши акчанын негизинде болгон экенин түшүнүүгө болот. Ошол үчүн партиялар, алдыңкы саптагылар 10000ден жогору добуш ала албай, арткы тизмедеги адам көп добуш алып берсе, автоматтык түрдө ордун бошотуп берет деген талап коюшту. Демек бул жерде акча ролду ойноду деп айтсак болот. Бизге акчалуулар эмес, интелектуалдык деңгээли жогору адамдар керек болчу. Тилекке каршы булардан эч нерсе күтүүгө болбойт.

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru