Айбат » “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын ХI курултайы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын ХI курултайы

Салымбеков, Мадумаров18 – августта «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын ХI съезди болуп өттү. Жыйынга жалпысынан республика боюнча  партиянын делегаттары келип катышты. Делегаттар күн тартибинде  эсептөө жана мандаттык комиссиянын курамын бекитип алышты. Жашыруун добуш берүү алдында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаровго сөз берилди.

ДОЛБООРЛОРУБУЗДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРА АЛБАСАК, БИЗДИН БААБЫЗ БИР ТЫЙЫН

Аскар Салымбеков өз сөзүндө  күздө өтүүчү шайлоо кампаниясы өтө жөнөкөй эмес кырдаалда өтүп жатканын эске алып,  ар бир делегаттын ишенимине дем берди: «Баардыгыбыз бир күчпүз. Башыбызды жерге салбай, күрөшүүгө даяр болушубуз керек. Партиялаштарыбыздын иштеген иши, артында эли бар, коомчулук бизге ишеним артып жаткан соң, бири бирибизди колдоп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуу» өтүнүчүн билдирди. Аскар Салымбеков мындан тышкары Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинин катарына мүчө болуп кириши бул экономикалык жактан Кыргызстанга дагы бир жолу чоң мүмкүнчүлүк берилип жатканын айтып, өлкөнүнү бюджетин көтөрүү менен элдин жашоо шартын жакшырта алабыз деди курултайдын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп жатып.

Аскар Салымбеков мындан тышкары партиянын экономикалык  долбоорлоруна кыскача токтолуп өтт. Атап кетсек,  айыл чарбасын ирилештирүү, тоо кен өндүрүшүнө элдин, мамлекеттин жанак елип иштетүүгө аракет жасаган инвестордун ортосундагы мамилени жакшыртуу менен өндүрүштү алдыга жылдыра алабыз деген ишеничин билдирди.

«Экономика, экономика жана дагы экономика» деген Аскар Салымбеков, жеңилдетилген салык киргизүү менен орто жана чакан бизнести өнүктүрүү максатында «Жеңилдетилген салык өлкөсү» аталыштагы программа иштелип жатканын маалым кылды. Ал Сингапур мамлекетин атап, андагы орто жана чакан бизнес үчүн салык 3 пайызга чейин түшүрүлгөнүн мисал ирээтинде келтирди.

Бүтүн Кыргызстан Эмгек курултайы

«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын Х1 курултайынын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп жатып, партиянын мүчөлөрүн ынтымакка, биримдикке чакырып, жеңишке карай сүрөдү.

 

БИР БИЛЕК, БИР ТИЛЕК

Кийинки сөз кезеги «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Кимсанбаевич Мадумаровго берилди.

Ал негизинен үч маселеге айрыкча көңүл бруу керектигине токтолду:

  1. Кыргыз мамлекеттинин сырткы коопсуздугу. Ааламдашуунун учурунда Кыргызстандын орду кайсы жерде болуп калышы мүмкүн.

Тышкы саясат: кошуна мамлекеттер менен кандай мамиледе болуу, экинчи жана үчүнчү, ири күчтөргө каршы туруштук берүү;

Коргонуу кубаттуулугун күчтөндүрүү, кыргыз армиясынын деңгээлин көтөрүү.

  1. Ички коопсуздук: башкаруу системасын президенттик – парламенттик кылуу; кыргыз мамлекетинин маалымат, дин саясатынын багытын аныктап, бири бирине шайкеш келтирүү; чек ара маселесин чечүү.
  2. Социалдык багытта: кадрдык, жумушсуздук, социалдык жактан аярлуу катмарга кам көрүү – маселелери орчундуу жана тезарада чечилүүчү маселе деп белгиледи.

Партия жетекчилеринин сөздөрү келген делегаттар, коноктор тарабынан кызуу кабыл алынып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.

Курултайга чейин партиянын облустардагы өкүлдөрү  райондук, шаардык конференциларды өткөрүп, делегаттарды шайлап алышкан. Съезддин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси добушка коюлуп, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын Саясий кеңеши тарабынан бекитилген депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бир добуштан кабыл алынды.

Эсептөө комиссиясынын маалыматы боюнча,  Саясий кеңеш тарабынан бекитилген тизмеге 45 «каршы», 287 «макул» добуш берилип, тизме Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын атынан баруучу талапкерлердин саны тизме боюнча 140 деп саналат.

Маалым кыла кетсек,  «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Кыргызстандын саясий партиялары  Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлердин тизмесин 20 – августка чейин тапшырып коюлары тийиш.

 

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Салымбеков Аскар Мааткабылович
  2. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
  3. Подобедов Олег Владимирович
  4. Долоталиева Дамира Темирбековна
  5. Фаттахов Бахтияр
  6. Турсункулов Мусабек Салиевич
  7. Молдобаев Нарынбек
  8. Нарматова Надира
  9. Нарбаев Каныбек
  10. Сооронбаев Эрнис
  11. Орозбаев Нурлан
  12. Аманбаева Урмат
  13. Хан Вячеслав
  14. Мамытов Токон
  15. Мураталиев Марат
  16. Жаныкеева Чинара
  17. Тагаев Рашид
  18. Турапов Керим Салиевич
  19. Касенов Шаршен
  20. Култаева Гульшаркан


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru