Айбат » Батукаевдин балээси бийлик башындагыларды тынч уктатпай турган болду.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Батукаевдин балээси бийлик башындагыларды тынч уктатпай турган болду.

Министрлер Азиздин атын түшүндө айта турган абалга жетип калды окшойт. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусунан кийин Батукаевди бошотконго тиешеси бар делген министрлер кызматтан алынышы тууралуу маселени кароо боюнча Өкмөт башчысына тапшырма берилбеди беле. Азыр Өкмөттө кайсыл министрди креслосу менен кош айтыштыруу маселеси каралып жаткан кез экен. Коалицияга кирген фракциялар өздөрүнүн кадрын сактап калуу үчүн Өкмөт акени коркутуп-үркүткөнгө чейин барып жатышканы баарын кызыктырууда. Кимиси өз кадрын сактап калса, ошол фракция күчтүү болуп чыгат эмеспи. КСДП деген партиянын мүчөсү болсо, ага катуу сүйлөө кыйынга турган мезгилде калган эки фракция кандай амал табары баарыбызды күттүрүүдө.

Булак: “Жаңы Ордо”.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru