Айбат » Турмуштук чындыктан жаралган ырлар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Турмуштук чындыктан жаралган ырлар

Абдымомун КалбаевАйылда жашасаң жаңы китепти көрүүгө зар болосуң, кокус көрүп калсаң баасы асманда, алардын ичинен жакшы китепти табуу да кыйын, анын үстүнө маани-маңызы жок китептер келе берип, окурмандарды да көңүл кайт кылып койгондой. Деги эле китеп сатып алып окуюн деген адамды аз санда кезиктиресиң. Анда- санда гана айылдагы интеллигент адамдар китеп издеп, “Жакшы китебиңиз барбы?” деп келип калат. Ошого да курсант болуп каласың. Кээде жакшы китептер келбей калганы да жан дүйнөңдүн рух азыгын бөксөртүп, кусага батырат. Дал мына ушундай күндөрдө колума зирек акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун “Кемибес кенч” китеби тийип калды. Басмадан жаңы эле чыккан экен. Акындын чыгармачылыгы менен мурда эле аздыр-көптүр тааныш элем. “Таш көмүр табын” окуп, гүл азыктай ырларына ыраазы болуп, акын дагы жазса экен деп калгам. Чайканада олтуруп, бул китеп тууралуу бапыраңдап сөз кылып, жакшы китеп чыгыптыр деп, ал түгүл бир түрмөк төрт сап ырын окуп да койдум.

“Түгөнбөй менин эртеңим,

Жыл жылга келет тогошуп.

Өмүрдүн күлгүн курагын,

Албасам экен жоготуп”

– деген ыр саптары өзгөчө алдыга асыл максат койгон адамдарды ойго салып, белсенип астейдил иштөөгө шыктандырат деп койсом, анда олтургандар да тамшанып, сөз учугу уланып кетти. “Мыкты саптар” экен дешип анда олтургандар арасында талкууга түшүп калды. Аңгыча бирөөсү ырга ышкыбозбу, айтор, “ушул китепти мага үч күнгө бери турчу, окуп чыгайын, анан эле өз колуңа алып келип берем”, – деп калды. Беришин берип алып, үч жумадан кийин өзүм барып алып келдим. “Акындар кызык калк болот экен. Менин балалыгымды жазып салыптыр. Таш-Көмүрдө окуп, чоңойдум эле, балалыгымды бир кайрып алгандай эле болдум”, – деп ыраазылыгын билдирди. Ал эми менин болсо, ансайын китепке болгон куштарлануум артып, окуй баштадым. Чынын айтыш керек, ичинде мага тааныш мурда окуган ырлар да бар экен, ошентсе да кайрадан окуп чыгып, жан дүйнөмдүн руху толуп, өзүмчө жакшы ойлорго кабылып, ордумдан козголбой олтуруп калдым. Бул болсо да, сыясы али кургай элек, басмадан басылып чыккандагы жагымдуу жыты али кетелек ыр жыйнактын касиети, кудурети эмеспи.

Албетте, жакшы кепти, жакшы ойду катпай, чын ыкластан айтып койгон жакшы да. Тынчтыкбек Нурманбетов агайдын китебин окуган сайын мен мурда туюп сезбеген жаңылыктар ачылып олтурду. Китептин бет ачар чыгармасы болгон “Мекенди туюу сезими” деген ырлар топтомунда Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип, өмүрүн, ден соолугун, жигиттик күлгүн курагын эл үчүн берип, окко төшүн тосуп алып келген ушул замандын даамын жан- дили менен сезип, аларга болгон урмат-сыйды арттырган ырлары, каныңды дүрбөтөт. Душманга болгон жек көрүү сезимиңди канча жыл өтсө да ойготот. Ардагерлерге болгон ыйык таазимди эске салат:

“Түбөлүк от жанынан өткөнүмдө,

Түбөлүк от эрдикке сыймыктанам.

Токтолбой сапарымды улантамын,

Жүрөккө кубат алып от табынан” - деген саптары, аталардын эрдиктери күч-кубат жаратканын ырдап, таазим кылдырат. Андан ары мекенге болгон ыйык сезим, дем-күч берип, акынды алоолонтуп олтурат “Ыйык сезим” (18-бет) деген ырында:

“Уч-кыйырсыз кең өлкөм,

Уктап жатат мемиреп.

Жүрөгүмө берет дем,

Кызыл туусу желбиреп” – деген саптардагы дем-күчүн жоготпой алга умтулат. Ушундай асыл ойлорго кабылткан автордун аталган томдугу жети бөлүктөн туруп, ар бир бөлүгүндө акындын өмүр жолундагы басып өткөн жолун, тарткан азаптарын, көргөн кыйынчылыктарын, өкүнүч-кайгысын, балкыган жыргалдуу учурларын калп айтпастан, көбүртүп-жабыртпастан, турмушта кандай өтсө, дал ошондой чагылдырып, сезимиңе жеткирип, жан дүйнөңө бүлүк салып кеткендигинде.

Аны өзгөчө “Ыр новеллалар” бөлүгүнө кирген ырлары тастыктап турат. Акын азаптын биринчи ырында:

 

Азсам да азап айынан,

Бармактай бала чагыман.

Азапка жакын жан болдум,

Ал деле балким багыман”.

 

Өз тагдырынын башка салганына тан берип, жетимчилик менен өскөн күндөрүнүн биринчи барагын ачкан.

 

“Эне жытын эңсеп жүрүп чоңойдум,

Энеси бар эркелерге басынып.

Көргөн күнү курусун тирүүлөй

жетимдин,

Көрүнгөнгө “суук тумшук” атыгып”.

 

Ошол эле учурда өткөн күнүнө зор кайрат менен мамиле кылып, өзүн өзү сооротуп:

 

“Кээде менин кайра келет төрөлгүм,

Көкүрөктө кетирем деп муңумду,

Эми кайдан экинчи ирет төрөлүү,

Эми апаке, эркелеткин уулумду”.

 

Өзү көрбөй, өзү жетпей, тагдырдын тайкылыгын кечип, мен көрбөгөн мээримди уулум көрсүн деп топук кылат. Турмуштук чындыктан тайбаган ырлар көңүлгө кыт куйгандай орноп калып, аёо сезимиңди жаратты. Демек, көңүлгө орногон ырлар ал жүрөктөн орун алат. Анткени, ал ой чабыттарын көркөм жасалгалоодон эмес, турмуштук чындыктан жаралган сезим-туйгулары жанга жагымдуу жаандай төгүп, ичке толгон кусалыктан, армандан арылуу ырлары.

Тынчтыкбек аганын лирикалары обон издеген, обон чакырып турган ырлар болуп, сезимиңди кытыгылап, делебеңди козгоп, аргасыздан кыңылдап ырдоого алып келет. Анын “Эне мээрими” деген ырына Атайбек Бөдөшов обон жаратып, кыргыз радиосунан түшпөй аткарылып келет. Айылда Саткын Алманбетованын жараткан “Таш-Көмүр табы” ырын билбеген кыргыз аз чыгар. Райондогу обончулардын кароосунда обончу Эмилбек Эргешбаев Тынчтыкбек аганын сөзүнө жазылган “Туулган жер” деген ыры менен катышып, биринчи орунду алган. Акындын ондон ашык ырларына обон чыгарылып ырдалып, ыр ышкыбоздоруна ырахат тартуулап келет. Болот Токтобаев обон жазып ырдап жүргөн “Өкүнүү” деген ыры нагыз турмуштук ыр болуп, нагыз обон жазылган.

Китептеги “Ак дилден арноолор” бөлүгүндөгү арноо ырларын окуп олтурсаң, акындын образ жаратуудагы чеберчилиги даана байкалат. Акын кимге арнап ыр жазбасын ошол адамдын чыныгы жүзүн көрүп, чыныгы образын жаратып, көз алдыңа тартып берет. Акындын Темиркул Үмөталиевге арнап жазган “Телегейиң тегиз тең”, Сүйүнбай Эралиевге арналып жазылган “Ыр баатыры”,

Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган “Ата” чыгармалары буга ачык мисал боло алат.

 

“Тотугуп тогуз жашынан,

Турмушка бышкан башынан.

Уурдалган күнү жалгыз уй,

Ызага муунуп жашыган”

- деген ырдан эле Чынгыздын балалык кезиндеги согуштун азаптуу күндөрү же “Эрте жаздагы турналар” повестиндеги Султанмураттын образы көз алдыга келет.

 

“Сындырган Кокон кылычын,

Сыймыгым Төкөм, ырысым.

Тарыхты эч ким тана албайт,

Тарыхта калат бул ысым”

- деп “Тарыхты эч ким таналбайт” деген ырында таамай, таасын берген саптары Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун образын таамай бере алган.

Акындын ашыктык ырларында да жасалмалуулук жок, нагыз жигиттик кездеги сүйүүлөр, жаап жашырылбай болгону болгондой сүрөттөлгөнү менен баалуу да, жагымдуу да, көркөм да, ырдап жүрүүгө арзыган ырлар болгон. Махабат турмушундагы окуялар боёгу жок сүрөттөлгөндүктөн, чыныгы жигиттик турмушту жазганына багынасың. Ага мисал “Өпкүм келген” деген ыры. Эңсеп жүрүп жетпей калуу, эч болбосо бир өөп ала албай арманда калуу бул чыныгы махабат, махабатка аяр мамиле, этият мамиле мына ушул ырдан эле көрүнүп турат. Сүйгөнүнүн жанына жакын жолой албай, сүйүү отуна күйүп, алоолоп жүргөн күндөрүн акын мындайча сүрөттөйт:

 

“Өпкүм келген, өбө албадым батынып,

“Сагындым” деп алсаң дагы чакырып.

Өтүмү жок болгонума өкүнүп,

Таңды күтөм күзөтчүдөй акыйып,

Өпкүм келген, өбө албадым тартынып.

Турсам деле магнитсиз тартылып.

Кадырына жетүү үчүн каралдым,

Өтсөм деймин кара жанды карч уруп”.

Жакшылап караган, жакшылап аңдаган пендеге сүйүүнүн азап тозогуна кайыл болуп олтурганын билдирет. Мына ушул чыныгы сүйүү, аны бир эле өөп коюу чоң махабатка алып барарын туйдуруп турат.

Акындын кайсыл ырын окубайлы кайдыгер калбайсың, дагы окугуңду келтирет. Өзүнчө рахат аласың. Баёо дүйнөсү ойгоно элек балалыгыңа кайрылып баргандай болосуң.

Акынга акындык бир бөтөнчө сын айтайын деген деле оюм бар эле, бирок эмнегедир айта албадым. Анткени, акындык дараметим, ырга болгон түшүнүгүм жумурай журтубузга аттын кашкасындай белгилүү болуп калган Т.Нурманбетовдон бийик эмес экендигине ынандым. Сын деп эле бөйрөктөн шыйрак чыгара берүү менен адамдык турпатыма жат нерсе. Тескерисинче, зирек, ойчул акындын ырларына эңсөө артып, дагы жакшы ырларды жарата берсе экен деген асыл ой менен калдым.

Мына ушундай тунук сезимге аруу ойго кабылткан Тынчтыкбектин ырлары тууралуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров:

“Азаптын жазып ырларын,

Мезгилге ойду бүлөдүң.

Мекендин ойлоп тагдырын,

Мээримге толгон жүрөгүң”

– деп жазыптыр.

 

Чын жүрөктөн, ак дилден жарылып жазган болсо, мен:

Азаптын жазып ырларын,

Ачылып, агай сырларың.

Өмүрүң узун болсун деп,

Чертилип жүрөк кылдарың.

Тарыхта калса деп тилеп.

Элим деп жазган ырларың,

– деген изги тилегимди, изги пикиримди ушул саптар менен жыйынтыктагым келди.

Абдымомун Калбаев, А.Жакыпбеков атындагы жана “Арча” сыйлыгынын лауреаты

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru