Айбат » Жеңиш Таалайбеков, ырчы: “Мен ар дайым ийгиликтин эшигин какканым каккан”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жеңиш Таалайбеков, ырчы: “Мен ар дайым ийгиликтин эшигин какканым каккан”

Жениш ТаалайбековКыргыз жылдыздарынын санын толуктап, алардын арасынан кадырлуу орун таап, өзүнүн жагымдуу чыгармасы менен элдин оозуна алынып, жаш кыздардын ой, акылын адашдырып жылдызы жанып келе жаткан жаш ырчы жигитибиз болгон Жеңиш мырза бизде конокто.

-Саламатсызбы Жеңиш мырза

– Саламатчылык

- Чыгармачылык жолду тандап алып, ырчы болом деген кыял, максаттың менен кадам шилтепсиң?!

– Оба туура айтасыз, кыбыраган кыр ашат деп акырындап чыгармачылыкка болгон кадамымды шилтедим. Жакында эле, жаңы дебюттук чыгармамды жаздырып, бардык үнаалгыларга тарааттык, сөзүн жазган: Жылдызбек Турсунбаев, обону: эстрада ырчысы Нурлан Насипке таандык «Самап келем» деп аталат. Кудайым буйруса эл оозуна алынып кетсе экен деген тилегим, бардык эле ырчылар үчүн жараткан чыгармасы эл оозуна алынып кетсе-чоң бакыт, биз ырчылар ар бир чыгармабызды балабыздай эле жакшы көрөбүз. Буйруса талыкпаган эмгек менен максаттыма жетем деген ишеними чоң.

-Азыр шоу бизнесте, өзгөчө ырчылар арасында атаандашуу күч, алардын арасында көрүнбөй калам деп ойлобойсуңбу?

-Албетте, атаандашуу күч, атаандашуу бир эле шоу-бизнесте эле эмес баардык жакта бар, атаандашуу өсүүгө, тажрыйба топтоого чоң сабак болот деп билем, ал эми алардын арасында көрүнбөй калам деп ойлобойсузбу? дегениңизге мен мындай деп жооп берээр элем, ар бир адамдын өз ырыскысы бар,  ар бир адамдын өзүнүн күйөрманы болот, мен ойлойм ар кандай тосколдуктарга туруштук берип, талыкпаган эмгегим менен көрүнбөй калбасам керек, мен ар дайым ийгиликтин эшигин какканым каккан, ачмайынча кага берем

-Атаандаштарды артка калтырып, алдыга оозуп чыгыш үчүн эмнелер талап кылынат деп ойлойсуң?

– Эмгек, эмгек жана эмгек талап кылынат, ким иштесе ал тиштейт дейт, мен ойлойм өз жолун менен багытын түз болсо, дайым жаңылануунун үстүндө болсок, жаңы чыгарма деп эле чыгара бербей анын сөзүнө, обону, аражировкасына көңүлдү буруп, тажыйрбалуу иш билги адамдар менен иштесек эле алдыга оозуп чыксак керек, ошондо ийгиликтин эшиги ачылат деп ойлойм.

- Ааламга кетчүү жол айылдан башталат дешет, айыл, кичи мекен туурасында айтып өтсөң?

– Туура айтасыз, кудайым буйруса ааламга барчу жолдор дале алдыда. Кичи мекеним Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылы, айылым менен сыймыктанам «ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө) дечүү беле? Мактап кете турган болсом айылдаштарым өтө ынтымактуу, а  жаратылышы кооз айтып бүткүс сөз, балалыгымдын эң бир сонун көз ирмемдери дал ушул айылымда өткөнүнө жана ушул айылда төрөлүп өскөнүмө абдан кубанычтамын. Үй-бүлөдө 3 кыз 2 уулбуз, мен үйдүн 2 баласымын.

- Бир кесиптин профессионалдуу ээси болушу үчүн, сөзсүз  түрдө билим  талап кылынат эмеспи? Музыкалык билимиң барбы?

– Орто мектепти бүтүп, турмуш жолуна аттанып, мен дагы баардык бүтүрүүчүлөр сыяктуу борборго келдим, көкүрөөктөгү көксөм бул ырчы болуу эле, ошол максатыма жетиш үчүн ата-энемди көндүрүш көпкө турду, Атам орган тарабында иштеген адам болгондуктан, өзүнүн жолун жолдогонумду каалады, бирок жан дүйнөм менен берилип, окуп иштебесең баары бекер эмеспи, апам менен көп сырдашкандыктан апама түшүндүрүп, апам атамды көндүрүүгө жардам берди. Ошентип Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда окудум, ошол касиеттүү миң деген таланттуу инсандар басып өткөн жерде окуш мен үчүн чоң жоопкерчилик эле, ошол жер мага чоң мектеп болду деп ишенимдүү айта алам.

- Кайсы аспаптарда ойной аласың?

– Эми професионалдуу ойнойм деп айта албайм, музыканын ыргагына салып ойной алам. Ойногон аспаптарымды атай кетсем баян, пианинаны, ал эми чопо чороду кудайга шүгүр жакшы өздөштүргөм.

- Талант кан аркылуу өтөт дешет, тууган-уругуңузда талантуулар болсо керек?

– Мен ушул талант кан аркылуу өтөт дегенге ишенем, раматылык чоң апам, чоң атам ырды катыра ырдаган инсандар болгон дешет, “чоң атам өлсө, чоң атаңды көргөн өлбөсүн” дейт го, чоң атамды, чоң апамды тааныган көргөн билгендер айтып калышат, ичимен кудуңдап кубанып чоң ата, чоң апа буйруса сиздердин жолуңуздарды мен жолдойм деп күбүрөнүп шыбыранып калам.

- Келечекке кандай  пландарың бар?

– Сөз менен эмес иш менен кылганды жакшы көрөм негизи, жашмын ишке тойбой турган учурум, буйруса мен кыла турган иштер абдан көп, алар күн санап шаштырууда… буйруса чыгармачылыгымдын үстүнөн гана катуу иштөөгө бел байладым, коркконум жарк деп чыгып, жалп деп өчкөн жылдыздардын катарын толуктабасам экен деп, тилегиним элдин ырчысы болсом дейм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №142




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru