Айбат » Билим берүү: жаңы окуу жылына даярдык жана башка маалымат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Билим берүү: жаңы окуу жылына даярдык жана башка маалымат

Быйылкы жаңы окуу жылына республика боюнча 212 билим берүү булагы ишке кирет. 160 мектеп, 27 спорт зал, 25 бала бакча. Жылдын аягына чейиндагы 50 мектеп мамлекеттик бюджеттин жана 16 мектепТүркия гранттынын эсебинен ишке берилет. Мындан сырткары Жер үй алтын кенинен түшкөн каражаттын эсебинен өлкөдө 100 мектеп оңдоодон өтүп, дагы 100 мектеп жаңыдан курулат. Жаңы окуу жылынан баштап, балдарга татыктуу билим берүү багытында окуу программасын айрым өзгөрүүлөр киргизилип, аларды окуткан мугалимдерге жакшы шарт түзүү жагын өкмөт колго алды. Сабактарга жеңилдиктер киргизилип, бирок анны менен мугалимдердин айлык акысы, кошумча төлөмдөрү сакталып калат. Бала бакчалардын тарбиячылары жана башталгыч класстардын окутуучуларына маяна 80% ал эми калган мугалимдерге 30% көбөйдү. Аны менен катар алдыдагы эки жылдык планда маяналарды мындан да көбөйтүү жагы каралууда. 1 сентябрь 2015 жылы – 20%, 1 сентябрь 2016 жылы – 35%, 1 сентябрь 2017 жылы – 50%. Мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы буга чейин 6449 сом болсо, көтөрүлгөн маяна алганда 9674 сом болот. Айлык акы көтөрүлгөндүктөн 2015-окуу жылына бюджеттен 2 200млн.сом ал эми 2016- жылы 6 600млн.сом керектелет. Мындан сырткары мектепке чейинки балдарды даярдоого өзүнчө программа даярдалып, бала 1-класска барганга чейин бир жылда 240 саат болгон, жумасына 18 саттан, тайпанын ичинде 20 ашык болбогон балдарга билим берүү каралган. Ушул жылы 1-марттан баштап 14-июнга республика боюнча 6-7 жаштагы 70239 бала даярдоо курсунан өттү. Алардын 51 миңден ашыгы кыргыз тилинде 14 миңден ашыгы орус тилинде калгандары өзбек жана тажик тилдериндедаярдоо курсунан өттү. Ошондой эле китептердин жетишсиздиги да өлкөдө чоң көйгөйдү жаратып келатат. Бул жылы 7-11-класстарга окуу китептери кошумча басылып чыкты. Керектүү китептердин көпчүлүгү эл аралык уюмдардан бөлүнгөн каражаттын эсебинен басылып чыгууда. Мындан сырткары коопсуз мектеп долбоору ишке ашып анда, жүздөгөн мектептер сапатту усалынып, ошол аймактын сейсмикалык жана башка талаптарына толук жооп бере турган негизде ишке берилүүдө. Бирдиктүү мектеп формасы боюнча да атайын талапка жооп бергидей кийимдер гана кийилет. Окуучунун үстүндө үч өңдөн ашпаган тыкан кийим болушу керек. Булардын бары мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектеп директорлору форманын эржелерин сактоону көзөмөлгө алышат

мектеп формасына талаптар



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru