Айбат » Жаш ырчы Батю Сагынбаев: “Ата-энем менин чыгармачылыгымды ойлоп борборго жакын көчүп келишкен”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жаш ырчы Батю Сагынбаев: “Ата-энем менин чыгармачылыгымды ойлоп борборго жакын көчүп келишкен”

Батю СагынбаевУчурда кыргыз шоу-бизнеси келечектеги сахна жылдыздардан уучу кур эмес. Келечегинен көптү үмүттөндүрүп, кыргызга таанымал ырчы болуу үчүн олуттуу кадам таштап жаткан жаштарыбыздын бири жаш ырчы Батю Сагынбаев менен болгон маек назарыңыздарда.

- Саламатсызбы? Батю деп ысымыңыз өзгөчө экен. Бул азан чакырып коюлган атыңызбы же псевдонимби?

– Өзүмдүн чын атым Нурболот. Бирок бардык жакындарым кичинекей чагымдан Батю дешчү. Себеби апам ошентип эркелетчү. Ошол ысым кулагыма сиңип калгандыктан сахнага ушул псевдоним менен чыгууну туура көрдүм.

- Сахнага чыгуу чечимин жөн жерден кабыл албасаңыз керек? Ата-энеңиз чыгармачылыкка жакын адамдарбы?

– Ооба. Анткени ата-энем чыгармачыл адамдар. Атам Жумабек Сагынбаев – композитор. Анын “Кыргызым”, “Сагыныч саптары”, “Гүлдөр”, “Ах жаным”, “Бешигим”, “Айтчы жаным” сыяктуу бир нече обондорун азыркы ырчылардын көбү ырдап жүрөт. Ал эми апам Элмира Курманходжаева – ырчы, көптөгөн ыр сынактардын жеңүүчүсү.

- Демек, балалыгыңыз музыка менен байланыштуу экен да? Бала чагыңыз кайда өттү?

– Кичинекейимден тарта музыканын коштоосунда чоңойдум десем болот. Атам 4 жашымда мага фортепиано ойногонду үйрөткөн экен. Ошондон тарта музыканын сыйкыр күчү мени өзүнө арбап алды. Балалыгым тууралуу айта кетсем 6 жашыма чейин өзүмдүн кичи мекеним Таласта жашадык. Кийин ата-энем менин келечегимди ойлоп, шаарга музыкалык билим алуумду каалап Токмок шаарына көчүп келдик. Ошентип, Токмок шаарында өстүм.

- Ата-энеңиздин тилеги орундалдыбы?

– Албетте. Токмок шаарында ырчы катары жакшы эле атым таанылды десем жарашат. Мектепте окуп жүргөндө өз алдымча обон чыгарып, сөз жазып, аны өзүм ырдап жүрдүм. Ырларымдын көбүн жаштар кол телефонуна көчүрүшүп алып угушчу. Ошентип тез эле атым чыгып, Токмок шаарына 1 ирет жеке концерт берип, ал концерт аншлаг менен өткөн. Эми буюрса ата-энемдин тилегин орундатуу үчүн чыгармачылык менен олуттуу алектенүүнү максат кылып Бишкек шаарына келип иштеп, жаңы ырларды жаздыра баштадым. Буюрса жаңы эмгектериме жакын арада күбө боло аласыздар.

- Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Дагы кандай таланттарыңыз бар?

– Эң негизги талантым бул – музыкага байланыштуу. Ырларымдын сөзүн, обонун, аранжировкасын өзүм жазам. Буга чейин Токмокто көп ырчыларга аранжировка жасап бердим. Азыр болсо Бишкектеги “NEXT music” студиясында аранжировщик болуп эмгектенип жаткан чагым.

- Музыканын кайсы жанрына кызыгасың?

– Көбүнчө чет өлкөнүн ырларына жана чыгармаларына кызыгам. Классика, клуб чыгармаларын көп угам жана ошол жанрдагы чыгармаларды жаратууга аракет жасайм. Себеби чет өлкөлөрдө музыка эле эмес жалпы маданияты өнүккөн. Кыргыз маданияты деле алардан кем калышпайт, бирок биз ошону дүйнөгө жайылта албай жаткансыйбыз. Ал эми аранжировка жагына токтолсок, жанр тандабайм. Кардарларымдын каалоосуна жараша жасап берем. Кардардын каалоосун, эңсегенин, ойлогонун көрө билип иш жүзүндө чыгармага айлантуу – бул талант деп ойлойм.

- Ырчы болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуз? 

– Албетте, эң алгач талант керек. Андан тышкары адамгерчиликтүү, жөнөкөйлүк жана аракет керек. Менде бир аз жалкоолук жайым бар. Себеби, мен эргүү келсе чыгарма жазам. Эргүү келбесе деле жаза берем, бирок ал чыгарма өзүмдүн купулума толбой калат.

- Ырчылар романтик болушат дешет. Сиз романтиксизби?

– Романтикмин десем жарашат. Бирок көбүнчө ырларымды өзүмдүн жашоомдон эмес, башка бирөөнүн деле жашоосун, кинодогу тагдырларды көрсөм деле музыканын ыргагына айланта берем. Ырларымдын көбү лирикалуу, сүйүү тууралуу. Ал эми кыздарга келсем ар бир эле кызга романтик боло бербейм.

- Кыздар деп калдыңыз, жүрөгүңүздү ээлеген бийкеч бар го?..

– Жактырган кыздар бар.

- Келечектеги максаттарың менен бөлүшө кетсеңиз?

– Келечекте кыргыз элине жана ошондой эле чет өлкөгө да ырчы, композитор жана музыкалык ди-джей катары таанылгым келет. Өз чыгармаларым менен кыргыз элин дүйнөгө таанытсам арманым жок. Ошол максатымды жүзөгө ашыруу үчүн жан үрөп аракеттенем.

- Маегиңизге рахмат, ылайым тилегиңиз орундалсын!

– Сиздерге да чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №142



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Батю сиз канча жаштасыныз ?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru