Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Равшан Жээнбеков айткандарын эмне менен далилдейт?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Равшан Жээнбеков айткандарын эмне менен далилдейт?”

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, депутат Равшан Жээнбеков маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде доллардын сомго болгон курсу жакында 100 сомго чыгарын билдириптир. Равшан мырзанын  мындай көзү ачыктыгына канчалык негиз бар?

– Азырынча мындай божомолдорду айтууга негиз жок деп ойлоймун. Эгер   АКШнын доллары 100 сомго чыга турган болсо анда орустун рубли 150-200гө чыгышы керек. Казактардын теңгеси 500гө чыгат. Менин оюмча мындай көрүнүш болбойт. Албетте, дагы бир аз көтөрүлүшү мүмкүн, бирок доллар жакында ылдыйлай баштайт.

- Ошондой эле Р.Жээнбеков Кыргызстанда жумушсуздук өсүп, унаа, кыймылсыз мүлк базары кыйын кырдаалга кептелгенин билдириптир. Андан сырткары ал жакында азык-түлүк базарында дал ушундай кырдаал орун аларын кошумчалаган экен. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатып ушундай кырдаалга туш болот дегенге ишенсе болобу?

– Азыр жалпы жер жүзүндө дүйнөлүк кризис болуп жатат. Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өспөйт. Дыйкандар эми өндүргөн товарларын Казакстан аркылуу ЕАЭБге кирген мамлекеттерге сата баштайт. Бул жагынан анчалык деле маселе жаралбайт деп айтсак болот. Ал эми жумушсуздук өсүп жатат дегенге кошулбайт элем. Анткени, Кыргызстанда официалдуу түрдө жумушсуздук жок. Мына, рекламалык жарыяларды карагыла жумушчу издеген эле адам. ЕАЭБге кирип жатабыз ага мүчө болгон мамлекеттерде да биздин жарандар кеңири иштей баштайт. Мугалимдер, врачтар, курулушчулар оңой эле иш табат. Албетте, жогорку окуу жайларын бүткөн айрым адамдар кесиби боюнча жумуш таппай калышы мүмкүн. Бирок, бул билим берүү тармагынын кетирген катасынан улам болот. Анткени, кайсы бир кесиптин ээлери ашыкча даярдалып калган. Канткен күндө да биз мыкты кадрларды сактап калышыбыз керек.

- Ал эми азыркы саясий система экономиканы көтөрүүгө тоскоол болуп жатат деген жүйөгө кандай деп жооп берет элеңиз? Чын эле азыркы система менен кете берсек экономикалык жактан өнүкпөйбүзбү?

– Бул болбогон эле кеп. Азыр Кыргызстандын экономикасына жана бизнес чөйрөсүнө президент, премьер-министрди айыптаган туура эмес. Эл бийликке карабай эле бутуна туруп жатат. Канчалаган үйлөр салынып, чакан ишканалар ишке кирүүдө. анчалык деле таасири жок. Мен бүгүнкү күндө бийликтин, депутаттардын таасири абдан аз деп айтат элем. Парламенттик башкарууга өткөнүбүз Кыргызстанда ачыктыкты пайда кылды. Буга чейин үй-бүлөлүк башкарууда болуп ири ишкерлерге да бут тозуулар болчу. Азыр бийлик өкүлдөрү андай кадамга барса коомчулукта чоң чуу чыгат. Ошондуктан азыркы системаны айыптаганыбыз туура эмес.

- Р. Жээнбеков азыркы бийлик улуттук кызыкчылыктарды көздөбөй туура эмес чечимдерди чыгарып жатканын айтыптыр. Мындай айыптоолорго негиз барбы?

– Равшан Жээнбеков бул сөзүн эмне менен далилдейт? Мен мисалы, мындай көрүнүштү байкаганым жок. Баарын жаман дей берген деле болбойт. Бизде реалдуу түрдө жашоо турмуш эң ыңгайлуу. Өлкөбүзгө келген туристтер жылдан-жылга көбөйүп жатат. Кафе-ресторандарда күндө той. Элибиз Кудайга шүгүр жакшы эле жашап жатат. Кааласа өлкөдөн чыкпай эле Ысык-Көл сыяктуу керемет жерлерибизде эс алса болот. Ички туризм менен бизнес акырындап өнүгүүдө. Мисалы, мындан он жыл мурда адамдар кымызын 10 сомдон да өткөрө алчу эмес. Азыр болсо кымыз издеп таппайсың.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru