Айбат » Шайлоо да өтөт… Бөлүп жарбай калыс болгула, май кармагандар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Шайлоо да өтөт… Бөлүп жарбай калыс болгула, май кармагандар

01“Элге берген куруттан, бизди неге куруткан” деген заман орноду окшойт айрым партиялардын короосунда. Анткени мурда майкөл, сүткөлдү көрбөгөндөргө “бөкөл башчылыкты” берип койсо тимеле өңү бозоруп болгондун баарын алдына басып алууну көздөйт экен. Ал тургай мурда чогуу даам татып жүргөн санаалаштарына да бир момпосуйун бергиси келбейт десең. Эми дагы кайсыл өңүттө кеп кылып жатат дегендерге түшүндүрмө берип кетели. Болбосо кептин мааниси жоголот.

Бул күндөрдө партиялар маалымат каражаттары менен өз ара мамилелерин куруп баштады. Кээ бир партиялар маселени калыс чечип, ишти дурус жагына бурганга аракет жасашууда. Тилекке каршы байдын каражатын башкадан аяп, эч кимге бөлүшкүсү келбегендер да бар экен. Андайларды айланасына киргизип алган төбөлдөр иштин жагдайы менен толук кабардар эмес. Тигил эргулдар болсо зымылдата жооп беришип, баары сонун жүрүп жаткандай түр көрсөтүшөт. Укмуш акчалуу деген “Республика Ата Журт” партиясына билермандык кылган эпчил дегеле  жанына эч кимди жолоткусу жок. Ушундай көрүнүштү “Өнүгүүдөн” деле байкоого болот. Ал эми “Ата Мекен” болсо чык татырбас Чынарбай атка конгону качан? Куу чүпүрөк менен эле ооздорун сүртүп турушат ботом. Анан кантип кур жалак калгандар аларга айгак болбосун? Мына деп капталдан согот да?

Албетте, баарына тегиз карап бооруна тарткандар да жок эмес. “Замандаш” партиясынан ишке тартылган өкүлдөр эч кимди алакчылап бөлбөй оокатын тең карматканга аракет жасаганы ичти жылытат. Көрсө мурдагы жетекчиси раматылык Муктар Өмүракуновдун буларга калтырып кеткен аманаты ушундай экен. Кимдин багыты туура болсо анын иши илгерилейт деп айтууга болот. Арийне, кээ бир партиялардын чамасы чак болгондуктан үгүт иштерине анчалык көңүл бура албай жатат.  Булардын абалына түшүнбөскө аргабыз жок.  Тескерисинче буларга колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүүгө даярбыз. Анткени “кембагалдардын” арасында элге боор тарткандар арбын. Бирок, кашайып токочу жок “балага” колдоо көрсөтпөй жатпайлыбы!

Эмнеси болсо да чоң “казаттын” башталаарына бир жума калды. Анан кыр-кырдан үн салып, кармаштар башталат. Жорго минген лөктөр чыгат алыстан камчысын үйрүп. Оң төлгө болсун деп боз бээни жара тартышат ырымчылдар. Мына ушулардын баарын кыраатына келтирип элге жеткирүүгө гезиттердин опол тоодой үлүшү бар. Керек болсо миң агитатордун ишин гезит бүткөрөт. Анткени колдон-колго өтүп кимдин канчалык даремети барын окуп иликтеп алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондуктан бөлүп-жарбай калыс болгула май кармагандар! Шайлоо да өтөт.

Ж. Түзайтар



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru