Айбат » «Ата-Мекен» таянган Бейшенбек Абдразаков эми сотто сүйрөлөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ата-Мекен» таянган Бейшенбек Абдразаков эми сотто сүйрөлөбү?

Бейшенбек Абдразаков«Ата-Мекен» партиясынын ишенген кожолорунун бири сууга акчудай болуп турат. Тактап айтсак, борбор калаанын чет жактарындагы жаңы конуштардын көйгөйүн «көтөрүмүш» болуп жүргөн мурдагы ЖК депутаты Бейшенбек Абдрасаковго карата козголгон бир убактагы кылмыш иши кайрадан карап чыгуу үчүн Жогорку Соттун чечими боюнча Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Бүгүн өзүн сүттөй ак көргөзүүгө аракет жасап, жаңы конуштардын мыйзамсыз басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү үчүн чуркап жүргөндөрдүн бири болгон Бейшенбек мырза бир убакта Бишкек мэриясынын бир бөлүмүн жетектеп туруп, Лев Толстой менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен башка эле бирөөлөргө берилип кеткен жер тилкесин Т. Кермалиев аттуу жаранга да 49 жылга ижарага берип коет. Натыйжада Кермалиев ал жерге өз бизнесин жасоо үчүн цех куруп баштаганда чыныгы ээлери келип калбайбы? Ошентип ал курулуш иштерине 5 миллион сом коротуп алган соң, жерди кайра алдырып жиберет. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 2014-жылдын 11-июлунда Свердлов райондук соту Кермалиевдин арызын жарым-жартылай канааттандырып, Абдрасаковдон 784 миң 856 сом өндүрүп алуу чечимин чыгарган. Анан Бишкек шаардык соту 2015-жылдын февралында райсоттун чечимин жокко чыгарат. Муну менен макул болбогон Кермалиев Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот жогоруда айтканыбыздай, ишти кайра башынан кароону Свердлов райондук сотуна жолдоду. Өзүнүн мыйзамсыз жер сатуу боюнча былыгы бар Бейшенбек мырза жаңы конуштардагы мыйзамсыз басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн чуркап жүргөнүн кандай түшүнсөк болот? Же «Ата-Мекен» партиясына акча аябай керек болуп атты беле? Эми Бейшенбек мырза сотко сүйрөлүп отурса, Текебаев мырзанын жаңы конуштардагы ишин ким жетектейт болду экен?..



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru