Айбат » Умбеталиевдин күчү канчалык?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Умбеталиевдин күчү канчалык?

Расул УмбеталиевШайлоонун сасык оюндары башталбай жатып чуу чыгарууда. Бири менин макулдугумсуз эле тизменин арт жагына киргизип коюптур деп нааразы болсо, экинчиси биз менен кеңешпей туруп өз билгенин кылды деген дооматын коюуда. Бир сөз менен айтканда дагы далай тирешүүлөрдүн күбөсү болот окшойбуз. Баарынан да мурдагы баш прокурор Аида Салянованын тегерегинде курч кептер мөндүрдөй жаап жатат.

Ага каршы болгондордун туу башында баягыл эле Расул Умбеталиев турганын айтсак кээ бирлеринин оозу Ошингтонду карап калары калетсиз. Анткени тууй албай жаткан “эчкинин” кайгысын тарткан ушул акабиз бозала болгуча Аида айымды коргоп келгени калп эмес. Анан кайсыл кара теке сүзүп “боордоштор” туш келди тараганын кеп кыла кетели. Саясаттын туура эмес “кадамдары” экөөнү өчөштүрүп койду. Көрсө маанилүү иш жуп башталаарда Салянова тигилерди тоотпой өз билгенин кылып, кыл жип менен бууптур. Бирок тигиштери арсайып көрүнүп калгандыктан Расул мырза “пилдин башындай” чуу чыгарып отурбайбы? Көрсө ал тургай элүүнчү орунга миллиондор кетерин мурда билбептир да? Чамасы Аиданын арты менен “суудан” өтүп кетем деген ойго азгырылган окшойт. Колуна балта-чотун кармап алып өлбөгөн жерде калам деген Умбеталиевдин күчү канчалык экенин көрө жатарбыз.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru