Айбат » Ө.Текебаев элди каратып туруп алдады!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ө.Текебаев элди каратып туруп алдады!

Клара Кабилова“Ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Курманбек Бакиевдин доорунда Самат Гүлнара-Клара болуп аты-жөнүн өзгөрткөнүн билдирди. Бул Текебаевдин кезектеги он калпынын бир калпы. Муну тастыктоочу документ биздин колдо турат. Ага ылайык, Клара Саматовна Кабилова Самат Гүлнара-Клара болуп ушул жылдын 24-мартында өзгөрүптүр. Фамилиясы Самат болсо, ысымы Гүлнара-Клара. Эски паспортуна караганда, күйөөсү жок, башы бош аял. Эми ушинтип каратып туруп калп айткан Өмүрбек Чиркешовичке аброю алып келеби? Албетте жок.

Клара айым убагында Курманбек Бакиевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары саналчу. Ал 2007-жылы БШКнын төрайымдыгына шайланып, ошол жылы парламенттик шайлоодо парламенттеги 90 орундун 72син “Ак жол” партиясына “белек” кылганы белгилүү. К.Кабилованын колу менен “Ата мекен” партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттабай, “чабылып” кеткен. Мындан улам, Өмүрбек Текебаев кезинде саясый карьерасына бут тоскон Самат Гүлнара-Клараны 17-тизмеге кошушу табышмактуу. Анын үстүнө, жаз алды менен анын аты-жөнүн шашылыш өзгөртүшү – алдын ала түзүлгөн план экендигин айгинелейт.

Эркин басылмалардын жазышынча, Самат Гүлнара-Клара Кыргызстандын Россиядагы экс-элчиси Раимкул Аттокуров менен шилекей алышкан дос. Ал эми Раимкул Арзимаматович Минскиде бөгүп жаткан канкор К.Бакиевдин жакын адамы жана Жаныш Бакиевдин кан досу. Р.Аттокуров Москвада бир нече бизнес обьектилерди көзөмөлдөп, мезгил-мезгили менен Минскидеги кожоюндарынын ал-акыбалын сураганы каттап турарын маалымат каражаттары жазып келишет.

Тар чөйрөдөгү кеп-сөздөргө караганда, Р.Аттокуров Клара айымды “Ата мекенге” кошууга салым кошкон. Мындайча айтканда, ал Аттокуровдун “долбоору”. Демек, бул Бакиевдердин “барбарос-планы” деп божомолдой берсек жарашат. Ошондо Өмүрбек Чиркешович Бакиевдердин “кол баласына” айланганы дагы бир ирет далилденбейби? Анын үстүнө, парламенттеги эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов “Фейсбуктагы” баракчасында бул окуяны кескин сынга алып, Текебаевди Бакиевдин акчасын алып атат деп айыптап да жиберди. “Кабилова 2007-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы болуп туруп, күчтүүлөнгөн (Байболов, Сариев, Жээнбеков, Абдырахманов….) “Ата мекен” партиясын жетишээрлик добуш алса да, көз көрүнөө парламентке өткөзбөй койгон. Текебаев башында турган оппозицияны талкалаган. Бул кылмышы үчүн Кабилова соттолушу керек эле. Андан соң Бакиевдин баласы Максим менен “сөгүшө” кетип, Москвага качып кеткен. Азыр Текебаев ошол Кабилованы, фамилиясын өзгөрттүрүп, 17-кылып “Ата мекендин” тизмесине кошуптур. Кабилова азыркыга чейин Бакиевдин жакын адамы. Демек, эл арасындагы “Кабилова аркылуу Текебаевге Бакиевдин акчалары келди” деген сөздөр бекеринен чыккан жок окшойт” дейт Ө.Абдрахманов.

Кандай болгон күндө да, Өмүрбек Чиркешовичтин чуулгандуу саясатчыны катарына кошуп, жөн кошпостон, аты-жөнүн өзгөртүп кошкону ага аброй алып келбеши аштан бышык. Мынча болду Клара Кабилованын таржымалын, ал кимдердин буюртмасын аткарары жана кандай максатта “Ата мекендин” катарын калыңдатканы тууралуу так кесе маалыматты коомчулукка жеткириши абзел.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru