Айбат » МАИни тез арада реформалоо керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » МАИни тез арада реформалоо керек

МАИЖол Көзөмөл кызматкерлеринин чуулгандуу иштерин даңазалаган видео тасманын кайрадан коомчулукка жарыяланып кетиши ИИМ дин Жол көзөмөлдөгөн кызматкерлерин кандай көзөмөлдөп жатканын көрсөтүп койду. Мындан улам, коомчулукта аталган тармакты толук реформа жасоо тууралуу пикирлер жаралып жатат. Аталган тармак боюнча серепчилердин пикиринде, ЖКК тармагында өнүктүрүүчү жакшы план иштеп чыгып реформага барбаса бул тармак аябай татаалдашып кеткенин айтат.

“Жарандык союз” “Реформага жана жыйынтык” деп аталган союз бул тармакта керектүү реформаны жасоо керек экендигин, ушул кезге чейин бир топ жолу айтып келишкен.  “Реформага жана жыйынтык” шайлоого карата бул тармакта жаңы программаларды иштеп чыгып жалпы милиция тармагында жаңы баскычтарды жаратуу керектигин айтып өтүшкөн. программаларды иштеп чыгып жакшы жолго коюу тууралуу суроо коюп келген. Жарандык союздун жүргүзгөн суроо талабына, өлкөнүн жарандарынын 82,3 ИИМ ге реформа жасоо керек эрендигин билдирген.

Граждандык союздун жүргүзгөн изилдөөсүнөн улам милиция кызматкерлерине реформа жасоодо көзөмөлдүк комиссиясы кезектегидей болушу жарабай тургандыгын, аны Президент же Премьер-министр жеке көзөмөлүнө алуусун айткан. “Укук коргоо тармагында мындай кырдаалдардын болуп турушу жалпы элге зыяны көп тийип калат” ИИМдин негизги башкаруусундагы МБКБ мыйзам бузуу менен иштеп жаткандыгы эч убакта бул тармакты алдыга чыгара албайт.

Тармактын ишмердигин арттыруу үчүн жаңы форматтагы иш тажрыйба менен пландык иштери жетишсиз болуп жаткандыгы даана байкалып жатат. Бул тармакта бир гана укук бузуучуларды жазалоо менен эмес, даректүү ишмердиктин үлгүсүн дагы башка тармактарга көрсөтүп үлгү көрсөтүү дагы каралышы керек эле. ИИМди жалпы реформалоодо кызматкерлерди тандоодо тыкыр комиссиялык изилдөөдөн улам тандап гана бул тармакты көтөрүүгө боло тургандыгын эксперттер айтышат. Конкурстук кароо аркылуу ИИМ жана ЖКК кызматкерлерин толук алмаштырып жаңылоого убакыт эчак келип калганын, жетишсиз жактарын эске алып толук жакшы жолго коюп, алга жылдыруу керек.

Ошол эле учурда бириккен патрульдук кызматкерлерин да толук реформалоо керек. Акыркы учурда жарандардан ИИМдин бул тармагы да бир топ аксап жатканын жарандар жана эксперттер айтып өтүшкөн. Келечекте мамлекетти баардык тармактан көтөрүү үчүн биринчи укук коргоо тармагындагы органдарды жаңылап жаңыча иш багытта иштетүү башка тармактарды да көтөрүүгө жол ачарын кошумчалаган. Ошондуктан биз үчүн биринчи кезекте “кадр” кызматын көзөмөл аркылуу бул ишти баштоого боло тургандыгын жарандык союз кызматкерлери айтып өткөн. Эстесек 24-июлда айрым туура эмес ишмердик тууралуу айтып жатып, ЖКК, ИИМ тармактарын тартипке салуу керек экендигин айтып өткөн эле.

Интернет булактарында кеңири талкууланып, катуу сынга кабылып жаткан тасма боюнча Ош шаарында 4 жол көзөмөл кызматкери жумуштан алынды. Анда МАИнин жетекчиси баласын токтотуп койгону үчүн кол алдында иштеген жол көзөмөлдөөчүнү уят сөздөр менен сөгүп, жакалаганга чейин барган. Тасмадагы сөздөрдү уксаң төбө чачың тик турат. Көпкөн адам ушунча болот экен айтпаган сөзү калган эмес. Окуя боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИМ башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берип бүгүн эле МАИнин 3 кызматкери жана дагы бир кызматкери «дисциплинардык уставды бузгандыгы, кызматтык этиканы сактабагандыгы жана коюлган тапшырманы аткарбагандыгы үчүн» кызматтарынан бошотулду.

Негизи бул тасма эки ай мурда тартылып алынганы менен бүгүн эле ачыкка чыгып отурат. Буга чейин да Бишкекте МАИ кызматкерлеринин бир катар калпыс аракеттери ашкереленген эле. Көпчүлүк айдоочулар акыркы кездери жол көзөмөлдөө кызматкерлери аша чаап баратканын айтууда. Мындай окуялардын тез-тез кайталанып башташы МАИ тармагын реформалоо талабын кабарлап тургандай. Тиешелүү жетекчилер бул маселени өз көзөмөлүнө албаса кийин кеч болуп калчудай.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru