Айбат » Уилл Смит

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Уилл Смит

kinopoisk.ru“Начар балдар”, “Эгемен күн”, “Кара кийинген адамдар”, “Али” жана башка биз күтүп, биз сүйүп көргөн кинолрдун баш каарманы. Көп улуу мундардын, жаш муундардын сүймөнчүлүгүнө арзыган актер Уилл Смитти кимдер гана тааныбайт. Бүгүн ушул өз ишин мыкты билген Америкалык актер, хип-хоп аткаруучу. Оскар сыйлыгынын эки жолку номинанты, Алтын глобус сыйлыгынын төрт жолку ээси жана Грэмми сыйлыгын ээси тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Үй-бүлөсү жана жеке жашоосу

Уиллард Кристофер Уилл Смит-кенже 1968- жылы 25- сентябрда  Филадельфия шаарында, Пенсильвания, АКШ туулган. Уиллдин энеси Кэролайн мугалим, ал эми атасы Уиллард Кристофер Смит инженер болгон. Уилл он үч жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Уилл өзү биринчи аялы Шери Зампино менен 1995 жылы үч жыл бирге жашап, ажырашкан. Анын уулу Уиллард Кристофер Смит III (Трей) апасы менен калган. Эки жыл өткөн соң, 1997 жылдын 31 декабрь күнү Джаде Пинкетт менен үйлөнөт. Джадеден Уилл эки балалуу болот. Уулу Джейден Смит (1998 жыл, 8 Июль) жана кызы Уиллоу Смит (2000 жыл, 31 Октябрь). Кызы Уиллоу менен Уилл Смит “Мен уламыш” (“I am Legend”) жана уулу Джейден менен “Бакытты издеп” (“Pursuit of Happiness”)  “Биздин эрадан кийин”( “After Earth”) фильмдеринде тартылган.

 

Иш таржымалы

Филадельфияда Уилл Смит музыкант Джефф Таунс менен таанышкан жана аны менен бирге элге рэп тобун түзүүгө жетишкен. Ал тобунун аты DJ Jazzy Jeff & the Fresh Prince жана бул тобу менен алар Грэмми сыйлыгын жеңип алышкан. 1990 жылдан тартып «The Fresh Prince of Bel-Air» телесериалында башкы ролду ойногон. Анын каарманы болуп Ханзаада болгондуктан, Уилл бул псевдонимди кеңири колдонгон. 1990-1996 жылдар ичинде фильм абдан популярдуу болгон. 1990чу жылдардын жарымында Уиллдин аты өчүп бара жаткан эле, бирок ал Мартин Лоурэнс менен бирге «Начар балдар» («Bad Boys») фильминде шерик полиция кызматкерлерин ойношкон. Көптөгөн сынчылар алардын оюнун жактырышкан. Андан кийинки тартылган фильмдери блокбастер болду. «Эгемен Күнү» («Independence Day») 1996, жана “Кара кийинген адамдар” (“Men in Black”) (1997) жана ал аткарган фильмдеги ырлары Британиянын музыкалык чарттарында жеңүүгө жетишти. Уилл Смит “Матрица” фильминде башкы ролдон баш тарткан, анткени “Жапайы Батыш” (“Wild, wild West”) фильминде ойномок. Фильм көрүүчүлөрдүн арзуусуна баткан жок, бирок Смиттин фильминдеги ырлары Америкада популярдуу болду. 2000 жылдан баштап Уилл ыраттуу фильмдерде ойной баштады. Мохаммед Алинин ролун жаратып, Оскарга номинанит болгон. 2002-2003 жылдары Уилл “Кара кийинген адамдар 2”, «Начар балдар 2» фильмдеринде роль жараткан. Кийинки жылы Уилл «Мен-Робот» фильминде полиция кызматкеринин ролун жараткан. 2005 жылы ал «Таанышуу эрежелери. Хитч методу» фильминде ойногон. Жыйырма биринчи кылымда Уилл Смит эң баалуу актерлордун бири болуп саналат.

 

Кызыктуу фактылар

  • Уилл испан тилинде эркин сүйлөйт.
  • 2008 жылы Форбс журналынын версиясы боюнча Голливуддун эң көп акча тапкан актеру болуп саналат. Ал бир жылда $80 млн тапкан.
  • 1999-жылы “Матрица” киносудагы Неонун ролунан баш тарткан, жыйынтыгында Киану Ривзге сунушталган
  • 1998-жылы “People” журналынын сурамжылоосунун жыйынтыгында Уилл Смит 50 чырайлуу атактуу адамдардын катарына кирген.
  • Биринчи көрүнүктүү кирешеси “Начар балдар” (Плохие парни) киносунан кийин түшө баштаган.
  • 2008-жылы бир жылда 80млн доллар кирешеси менен эң көп маяна алган актер катары Forbesдин алдыңкы катарын ээлеген.
  • Уилл Смит тартылган 9 кино катары менен пракаттан 100млн доллар чогулткан Голливуддун тарыхындагы эң биринчи актер болуп саналат.

 

 Тартылган Тасмалары

  • 1990 — 1996-жыл Беверли-Хиллз Ханзаадасы
  • 1992-жыл Периштелер шаарындагы бир күн
  • 1993-жыл Алыстоонун алты деңгээли, Америкада жасалган
  • 1995 -жыл Начар балдар
  • 1996 -жыл Эгемен күн
  • 1997-жыл Кара кийинген адамдар
  • 1998-жыл Мамлекет душманы
  • 1999-жыл Жапайы, жапайы, Батыш
  • 2000-жыл Багер Ванс уламышы
  • 2001-жыл Али
  • 2002-жыл Кара кийимчен адамдар 2
  • 2003-жыл Начар балдар 2
  • 2004-жыл Мен, робот, Суу астындагы шериктештик, Джерсилик кыз
  • 2005-жыл Таанышуу эрежелери. Хитч методу
  • 2006-жыл Бакытты издеп
  • 2007-жыл Мен-уламыш
  • 2008-жыл Хэнкок, Жети өмүр
  • 2012-жыл Кара кийимчен адамдар 3
  • 2013-жыл Биздин эрадан кийин
  • 2014-жыл Убакыттын артындагы сүйүү
  • 2015-жыл Фокус
  • 2015-жыл Чайкалуу
  • 2016-жыл Өз жанын кыйгандардын арааны

Рахатбек Рысалиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru