Айбат » Молдогазиев Нурбек Эсенович, Бишкек шаардык ИИБ ЖККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги: “Машинеге келтирилген чыгымды эсептеп, эвакуатордун айдоочусу сумманы толук төлөп берген”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Молдогазиев Нурбек Эсенович, Бишкек шаардык ИИБ ЖККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги: “Машинеге келтирилген чыгымды эсептеп, эвакуатордун айдоочусу сумманы толук төлөп берген”

Молдогазиев Нурбек ЭсеновичЖайкы каникул – бул мектеп окуучулары жана студенттер үчүн эле каникул эмес, бул чоң шаарларда жөнөкөй айдоочулар үчүн дагы каникул. Себеби жайдын ысыгында элдер айылга, көлгө, тоого эс алганы кетишип, шаардын көчөлөрүндө машине байкалаарлык азайа түшөт. Ал эми август айынын жарымынан өтүп баштаганда, элдер каникулдан келип, шаарда машине кайрадан көбөйүп, тыгындар пайда боло баштагандарын айдоочу эмес, жөнөкөй жүргүнчү дагы байкап баштаса керек.

Ошол тыгындарда кычагансып машинелерин жол жээгине таштап кетип, жол эрежелерин бузган айдоочулар жана аларга көрүлгөн иш-чаралар боюнча Бишкек шаардык ИИБ ЖККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Молдогазиев Нурбек Эсенович менен маек.

- Шаарыбыздагы жолдордогу коопсуздук тууралуу кыскача токтоло кетсеңиз?

– Шаар ичинде күндөн күнгө транспорт көбөйүп, жол трафиги өсүп жатат. Отпускта жүргөндөр, каникулдан келгендер албетте жолдогу көрүнүшкө таасир этпей койбойт. Анан шаарга конок болуп келген айдоочулар дагы бар, алар эрежени эске албай, өзүнө кандай ыңгайлуу болсо, машинесин ошондой таштап кете беришет. Баарынан дагы коомдук транспорт токтоочу аялдамаларга машинелерин таштап кетишкенде автобус, троллейбус аргасыздан жол боюна эле токтоп, элди салып баштаганда, кооптуу ситуация менен кошо жол тыгыны сөзсүз пайда болот. Биз албетте андай моменттерде тезирээк машинелерди алдыртканга аракет кылабыз. Эгер айдоочу жок болсо, анда эвакуатор менен.

Эвакуатор – бул дүйнө жүзүндө өнүккөн өлкөлөрдө мурдатан эле колдонулуп келе жаткан нерсе. Биздин коом буга эми араң көнө баштады жана бул тууралуу 235 статьянын негизинде бар. Ал статья боюнча эгер айдоочу туура эмес жерге токтотуп, машинени таштап кетсе, биз ал машинени эвакуатор менен айып короого алып барууга толук акыбыз бар.

- Эвакуаторлордун кызматы канча сом жана ал машинелер кимге карайт?

– Кызмат 1200 сомду түзөт, бул – машинени туура эмес токтоп турган жерден эвакуациялап, айып короого чейин жеткизиш үчүн эле. Бул сумма айдоочунун акысынан баштап, эвакуатордун амартизациясы, налогу, майы жана башка чыгымдарын эске алуу менен жана Монополияга каршы агенттиктен текшерилип, келип чыккан сумма. Ал 1200 сомго айыбына жараша дагы акча кошулушу мүмкүн.

Машинелер “Аргымак” деген фирманыкы. Эвакуаторлорго муктаждык пайда болгондо биз Юстиция министрлигинен өткөн, лицензия жана башка бардык документтерин толук көргөзгөндүгү үчүн, машинелеринин техникалык абалыны жакшы болгондуктан дал ушул фирма менен иштешип калдык.

- Машинени эвакуациялоодо кандайдыр бир техникалык бузулуулар жаралса, анын акчасын ким төлөйт?

– Мындай учурлар болгон. Мисалы, төрт дөңгөлөгү тең айланчу (4WD), коробкасы “автомат” машинелерди сүйрөтүүгө болбойт. Аны эвакуатордун бортуна көтөрүп салыш керек. Бир жолу капысынан ушундай машиненин “автоматын” бузуп алышып, техникалык кароодон кийин машинеге келтирилген чыгымды эсептеп, эвакуатордун айдоочусу сумманы толук төлөп берген.

- Дагы бир жолдордогу көрүнүш, бул – машинелердин терезелерин караңгылатып алуу. Кимдерге уруксаат берилген?

– Өкмөттүн токтому боюнча терезесин караңгылатып алууга Ички иштер министри, УКМКнын башчысы, Башкы пракуратуранын жетекчиси, орун басаарлары жана атайын кызматтын кызматкерлерине берилет. Буга уруксаатты Республикалык авто инспекциядан берет.

- Бир убакта ушундай караңгылатууга акыга уруксаат алуу боюнча демилге көтөрүдү эле, ал демилге өттүбү?

– 10 миң сом деп сунушташты эле, ал демилге Жогорку Кеңеште өтпөй калды.

- Шаарыбызда машиненин саны эле эмес, жаңы курулган имараттардын саны дагы көбөйүп жатат. Ошол имараттардын алдында машине токтотуучу жайлардын таардыгы боюнча айта кетсеңиз?

– Илгери ар бир имарат, ар бир жол жээгине жанаша турган курулуш боюнча архитекторлор биз менен кеңешип, биз менен чоогу иштешчү. Азыр андай эмес. Куруучу компаниялар биз менен макулдашпастан, архитекторлор менен эле макулдашып, кээде жолдун таардыгына карабай, жол жээгине чейин чыгып салынган имараттар бар.

Азыр биз кайрадан чоогу иштешели деп, машинелерге токтоочу жайларды дагы сөзсүз көзөмөлгө алуу боюнча компетенттүү органдарга сунуштарды киргизип жатабыз.

- Коңшу Казакстанда жолдогу эрежени көзөмөлдөө боюнча система жакшы иштеп, айдоочулар кадимкидей тартиптүү. Жол эрежесин буздуңбу, анда сенин үйүңө айып пул төлөөгө билдирме келет. Бизге бул система кандай себептен киргизилбейт?

– Негизки себептердин бири, бул – бизде жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдиктүү калктын базасы жок. Анын үстүнө азыр машинени ишеним каты (доверенность) жок эле ар ким айдап жүрө алат. Айдоочулук күбөлүк жана машиненин документи болсо эле болду. Машине менен айдоочунун ортосунда байланыш документтештирилбегенден кийин, кайсы машине менен кайсы айдоочу жол эрежесин бузганы билинбейт. Ошол себептер жогорудагы система бизде азыр иштебейт.

- Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар?

– Эң көйгөйлүү маселе бул шаардагы жолдорунун таардыгы. Ал жолдорду кеңейтүү боюнча иш-чараларды көрүп жатабыз. Дагы бир сунуш боюнча жакында эле мэрия менен кеңешме өткөзүп, макулдаштык. Бул – Бөкөнбаев, Үмөталиев, Турусбеков жана Киев көчөлөрүн бир тараптуу кылуу.

Дагы бир чоң демилгелерибиздин бири, бул – Фучик көчөсүн жогору, Түштүк магистралга чейин ачуу. Бул жол чет жактан келген конокторго ыңгайлуу болот – шардын ортосундагы жолдорду жаппай, аэропорттон дароо эле Фучика менен жогору магистралга, андан кайра өйдө мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына түз өтүп кетүүгө мүмкүн болот.

- Айып пул көтөрүлгөндөн бери айдоочулар жол эрежесин аз буза башташтыбы, же мамлекетке акча көп түшө баштадыбы?

– Жумасына 2,5 миллиондон ашык сом бюджетке түшкөнү менен, тилекке каршы жол эрежесин бузгандар дагы деле көп.

Бектур Баймоңолов




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru