Айбат » Боюнда бар 16 жашаар келинди Гондураста тирүүлөй көмүп салышкан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Боюнда бар 16 жашаар келинди Гондураста тирүүлөй көмүп салышкан

Нейси Перез үч айлык боюнда бар, 16 жашаар келин үйүнүн жанында атышууларды уккандан соң эсин жоготуп жыгылган, деп билдирет The Telegraph.

Tiruuloj-komulgon-Nejsi-Perez

Ата-энеси чуркап келгенде, анын оозунан ак көбүп чыгып жатканын көрүшкөн. Жиндерге арбалып калды деген ой менен аны жергиликтүү попко алып барышкандандан кийин жашоо белгилерин бербей калган. Ошондо гана бейтапканага алып барышканда, доктурлар аны өлдү деп аныкташкан.

Ал жакында эле турмушка чыккандыктан, аны үлпөт тоюнда кийген ак көйнөкчөн көмүшөт. Эртеси күнү жолдошу Руди Гонзалес күмбөзгө келип, бир башкача кыйкырык үндөрдү угат. Туугандарын чакырып, көрдү ачып киришкенде Перез тирүү экенин көрүшкөн.

Ал эсине келген эмес, бирок тирүүлөй көмүлүп, ал көрдөн чыгууга аракет кылганы колундагы тытылган жаракаттар далилдеп турду.

Туугандарынын айтуусу боюнча Перездин денеси жылуу болчу. Аны бейтапканага алып келишкени менен, бул жолу ал чындап өлүп калган.

Булак: Maidan.kg



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru