Айбат » ММК: Порошенко жана Яценюк депутаттык орундарды сатышкан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » ММК: Порошенко жана Яценюк депутаттык орундарды сатышкан

Ар бир сатылган орун үчүн саясатчылар үчтөн он миллион долларга чейин алышкан.

56510b

Киевдеги Dragon Capital инвестициялык банктын негиздөөчүсү жана Украинадагы Европалык бизнес ассоциациясынын башчысы Томаш Фиала Der Spiegel басылмасына Жогорку Радага шайлоо кантип өткөнүн айтып берген.

Фиалдын айтуусу боюнча парламенттик шайлоодогу тизмелер бир башкача түзүлгөн: тизме башында Украинада көрүнүктүү саясатчылар кетсе, андан ары — бизнесмендер.

“Ишмерлер жеке кызыкчылыгын коргоо үчүн депутаттык креслону сатып алышкан. Яценюк жана Порошенко өздөрүнүн шайлоо компанияларын каржылоо үчүн бул келишимге келишкен. Яценюктун өзүнүн акчасы жок болчу, ал эми Порошенко бизнес менен тапкан капиталын короткусу келген эмес”, — дейт Фиала.

Анын айтуусу боюнча бул иш баарына эле белгилүү: ошол креслолорду сатып алган бизнесмендерден баштап, партия лидерлерине чейин ачык эле кеп кылышат экен.

— Эгер Башкы прокуратура саясаттан көз каранды эмес болсо, бул фактыларды ачыкка чыгарып коюу кыйынга деле турбайт, — деп, белгилей кетти Фиала.

Булак: Maidan.kg



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru