Айбат » Алтынбек Борошов, ырчы: “Жыйырма жылдан кийин өзүмдү саяпкер катары элестетем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алтынбек Борошов, ырчы: “Жыйырма жылдан кийин өзүмдү саяпкер катары элестетем”

Алтынбек БорошовБүгүнкү мейманыбыздын “Ыйладың неге”  деген мукамдуу ыры көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып, Алтынбек Борошов деген атты тааныткан болсо. Андан кийин улам жаңы чыгармаларды биринин артынан бирин жаратып акыркы “Улакчынын кызына” деген ыры дагы бул ырчыга ийгилик алып келди көрүнөт. Ии баса, бул ырды казак боордошторубуз да, которуп ырдап учурда популярдуулугу артып турган чагы экен. Анда дал ушул ырдын автору менен маек курдук.

– Чыгармачылыктан көп көрүнбөй  эмне менен алек болуп жүрөсүз?

– Жеке иштерим менен алек болуп жүрдүм.  Жайкы эс алуу  дегендей. Эми буюрса чыгармачылыгыма билек түрө киришип,  жаңы ырларды жаздырып баштадым . Жакында күбө болосуздар буюрса.

– Ырчылык кесип оор экенин билебиз, ошол кыйын кырдаалга туш келгенде бул кесипти таштап кеткиңиз келген учур болгонбу?

– Чыгармачылык жаатта жүрүп  албетте башыман көптөгөн кыйынчылыктар  өттү десем болот. Кээде ушунчалык чыдамдуу экенмин деп өзүм деле таң калып калам. Эл арасында көп кыдырып  гастролдоп  жүрүп жакшы эле  быштык окшойт. Ырчылыкты таштайм деген ойлор  жакында эле болду. Бирок, мен үчүн сүйгөн кесибимди ташташ оор болуп, кайрадан чыгармачылык жолго келдим. Негизи чыгармачылыкта жүргөн адам андан алыс кете албайт деп ойлойм. Улам эргүү келип “Ат айланып казыгын табат” дегендей эле болбой эле ушул чөйрөнү тандап алдым.

– Өзүңүздүн стилиңизди таптыңызбы сурайын дегеним, шаңдуу дагы ошол учурда жай темптеги ырларды да ийнине жеткире аткарат эмессизби?

– Мен негизи өзүмдүн стилимди таптым деп ойлойм. Негизинен маанилүү жай темптеги ырларга жакынмын. Бирок,  ошол эле учурда шаңдуу чыгармалар да керек экен. Бир жерге тойлорго барып калсаң, шаңдуу ыр ырдашың  керек болот  дегендей.  Ошондон улам шаңдуу ырларды да репертуарымдын катарына коштум. Чыгармачыл адамдарда жашооң шаңдуу болуп атса шаңдуу ыр чыгат экен. Ал эми  кайгылуу  болуп жатса  анда кайгылуу ырлар чыгат.  Негизи эки тарапты тең жана  дастан ырларды да алып кеткенге аракет кылам.

– “Улакчынын кызына” деген ырыңыз тууралуу айтып кесеңиз, бул ыр кандайча жаралган. Чын эле улакчынын кызына арналганбы?

– Репертуарымдагы ырларымдын көбү  “Баткендик кыз”, “Жалал-Абаддык кыз”, “Кошуна кыз” деген  кыздар жөнүндөгү чыгармалырым көп кездешет. Анан карап көрсөм,    улакчынын кызына деген ыр жок экен. Ошондон улам, “Улакчынын кызына” деп аталып калган. Негизи эле  өзүм дагы улак тартышка кызыгам.  Кичинебизден ат үстүндө чоңойгон баламын.  Балким, ошондон улам дагы  болгондур. Бирок,  бул сүйүүгө арналган  темалардан  эмес, жүрөктөн чыккан чыгармалардан.

– Бул ырыңызды казактар да аткарып жүрөт деп уктук эле бул туурасында кабарыңыз барбы?

– Бул туурасында айта кете турган болсом, чынында казактар которуп алыптыр. Алар  менден бир ооз  сурашкан эмес. Бирок, менин тааныштарыман бирөөлөрдөн сураган экен. Албетте, аларга кайрылып эмнеге уруксааты жок ырдап алдыңар десем деле болот эле. Мен антпестен пейилди  кенен кылалы бир ыр эмнени чечмек эле деп унчуккан жокмун. Учурда да казак туугандар  “Айдоочунун жомогу” деген  ырымды  сурап жатышат.

– Чыгармачылыгыңыз бир аз аксап тургандай го буга эмне себеп болууда?

– Чыгармачылыгым аксап турганы баягы жайында көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болот эмеспи, мен дагы ак өргөлүү болоюн деп Бишкекке үй салып жаткан кезим. Ошондон улам чыгармачылыгыма көп көңүл бура албай калып атам. Мына ошол негизги себеп болууда десем болот. Эми буюрса, башында айтып өткөндөй эле учурда жаңы ырларды жаздырып баштадым.

– Ырчылык кесип сиз көксөгөн кесиппи?

– Албетте, ырчылык кесип мен үчүн хобби эмес, негизги кесибим деп айтат элем. Келечекте ырчы болоюн деген максатта Ош мамлекеттик университетинде  искусство факультетинин эстрада бөлүгүн бүткөм. Бул кесипти мен бала кезимен эле кыялданып жүргөм, бул жаштыгыман койгон эң чоң максатым деп эсептейм. Андыктан ошол максаттарды ишке ашырууга аракет кылуудабыз дегендей.

– Жыйырма  жылдан кийин өзүңүздү кайсы жаатта көрө аласыз?

– Жыйырма жылдан кийин өзүмдү кайра  эле ушул чыгармачылыктан эле элестетем. Кудай буюрса балдарыма татыктуу ата,  акыл насаат айтчу киши катары көрөм. Ошондой эле  улак тартышка кызыгам деп айтып өтпөдүмбү, а балким  ат таптаган  саяпкер дагы кошумча болушу мүмкүн.

– Магиңизге рахмат!

– Сиздерге дагы жалпы кыргыз элибизге мейкиндик ийгилик ден-соолук каалайм. Алдыдагы шайлоодо өзүңүздөрдүн тандаган партияңыздарды татыктуу шайлап алыңыздар демекчимин. Элибизде аманчылык токчулук болсун. Эл менен бизди байланыштырып жаткан   сиздердин гезитиңиздерге   чоң   ыраазычылык билгизем!

Сайрагул Саманчиева



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru