Айбат » Бегимай Бекбоева, ырчы: “Мен ал адамдын сунушунан баш тартууга аргасыз болдум”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бегимай Бекбоева, ырчы: “Мен ал адамдын сунушунан баш тартууга аргасыз болдум”

Бегимай БекбоеваАккан арыктан  суу агат демекчи ата-эне жолун жолдоп ыр дүйнөсү менен тасма талаасында бирдей эмгектенип, аз да болсо ийгилик жаратып көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан таланттуу ырчы Бегимай Бекбоеванын чыгармачылыгы, жеке жашоосундагы акыркы жаңылыктар тууралуу маекке көңүлүңүздү бурабыз

- Саламатсыңбы Бегимай. Учурда  эмне менен алексиң кандай жаңылыктарың бар?

– Саламатсыздарбы. Жан-дүйнөмө жакын, уктасам түшүмдөн, ойгонсом оюмдан кетпеген чыгармачылыктын казанында кайнап эле жүрөм. Өзүңүздөр билгендей ата-энем да чыгармачыл адамдар болгондуктан аларды ээрчип алып жети дубанды кыдырып гастролдоп жүрө берип акыркы учурда жеке чыгармачылыгыма бир аз көңүл бурбай калыптырмын. Эми күчтөнүп чыгармачылыкка баш отум менен киришүүнү чечтим. Кудайым буйруса быйыл катар-катары менен жаңы ырларды, клиптерди элиме тартуулап элдин көңүлүн кайрадан өзүмө бурам. Бек Борбиев агамдын “Кантем ай”, Алина Жетигенова эжемдин «Арген» аттуу ырларын алып жаңы стилде жаздырдым. Кыскасын айтканда быйыл мен күйөрмандарыма чоң сюрприз жасайм.

- Чыгармачылыкка баш-отум менен берилип иштейм деп калдың жеке жашоо аксап калбайбы?

– Жакшы суроо болду. «Жашың деле келип калды, турмушка чыкпайсыңбы” деген сөздөрдү көп угам. Туура, кыз бала бой жеткен соң турмушка чыгыш керек. А бирок түбөлүк жар болуп, сени бактылуу кыла турган адамга кезикпей жатсаңчы?! Убактым келди тийишим керек деп эле бир көргөн адамга бактыңды табыштап тийип кетүү туура эмес деп эсептейм. Жаз айларында мени сыртымдан жактырып жүргөн жигит колумду сурап үйгө келди. Мен ал адамдын сунушунан баш тартууга аргасыз болдум. Баштаган ишти орто жолго таштабайын деп жеке жашоодон баш тарттым. Эл тааныбаса бир жөн. Аз да болсо эл көзүнө түшүп калган соң же такыр чыкпай койбой, же аябай атактуу болуп кетпей орто жолдо калып кеткенди туура көрбөйм. Андыктан ыр дүйнөсүндө чоң ийгиликке жетишмейинче жеке жашоомду ойлонбой турам.

- Сахнага чыкканыңа канча жыл болду, ушунча убакыттан бери дүңгүрөп чыга албай келгениңдин себеби эмнеде?

– Жогоруда айтып өткөндөй гастроль деп жүрүп көп көңүл бура албай калгам. Аны моюнга алам. Жалгыздын иши жалгыз дегендей өзүм жалгыз иштесем көп нерсеге жетишпей калат экенмин. Ойлонуп отуруп менеджер менен иштешүүнү чечкем. Учурда келишим түзүп  менеджер менен иштешүүнү баштадым. Жакыныкы аралыкта жаңы стиль менен башкача Бегимай болуп чыгууну пландоодобуз.

- Тойдун сезону келип ырчылардын ити чөп жеп турган учур?

– Кудай кут кылсын  тойлогонго эмне жетсин. Өнөрүбүздүн арты менен күндө той үстүндөбүз. Чакыруулар абдан көп. Талантымды сыйлап, ырымды уккусу келип жакшылыгына чакырган адамдар четтен саналат. Ошол эле учурда кээде “рахматка” ырдаган учурлар да болуп калат. Акчага баалангыс сый деген түшүнүк мен үчүн абдан маанилүү. Шайлоо деп эле күбүр-шыбыр түшүп жаткан маал эмеспи. Мен дагы эл катары тойлорду убактылуу токтото туруп белгилүү партиялардын бири менен түзгөн келишимдин негизинде жети областты кыдырып концерт койууга аттанам деп турам.

- Чыгармачылыктан тапкан акчаңды эмнеге жумшайсың?

– Маңдай терим менен тапкан акчам кайрадан эле чыгармачылыгыма жумшалат. Ыр жаздыруу, клип тарттыруу, форма тиктирүү олчойгон акчаны талап кылат эмеспи. Андан сырткары кээде үй-бүлөмө жардам берем. Өзүмдүн баскан-турганым, күнүмдүк чыгымдарыма эч бир жандан бир сом сурабайм.

Диана Айдарова




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru