Айбат » Шайлоо ар беш жылда бир болот, а мамлекет бул бирөө гана!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Шайлоо ар беш жылда бир болот, а мамлекет бул бирөө гана!

шайлооЖогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттык мандаты үчүн 14 партия аламан жарышка ат салыша турган болду. Бүгүндөн тарта бардык партиялар үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзамдуу укук берилди. Буга чейин бири-бирин тымызын көөлөп келгендер эми ачык эле кайым айтышып, биринин үстүнөн бири жугунду куюуга чейин барышы да толук мүмкүн. Шайлоонун шайтан оюндары менен мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине доо кетире тургандай коркунучтар да жаралып калчудай таасир берип турат.

Андыктан мына ушул шайлоого старт берилген биринчи күнү биз жалпы коомчулукка кайрылып: «Шайлоо ар беш жылда бир болуп турат, бул жолкуда элден колдоо таппагандар, жакшылап аракет кылса келерки шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстан деген мамлекетибиз бул бирөө гана. Аны жоготуп алсак, анда аны кайрадан беш жылдын ичинде эмес, кылымдап дагы тургуза албай калышыбыз мүмкүн. Демек, биз саясатчылардын ар кандай «трюктарына» алданбай, азгырылбай шайлоону тынч өткөзүп алууга милдеттүүбүз» дегибиз келет. Дүйнөдө канчалаган улуттар өзүнө тиешелүү мамлекети жок арманда жүрүшкөнүн эстейли. Алардын саны бизге салыштырмалуу он эселеп көп болсо да, өз алдынча көз карандысыз өлкөгө ээ боло албай келишет. Биз болсо бактылуу эл экенбиз. Ошол бакыт кушун колубуздан учурбайлы. Эң негизгиси алдыдагы шайлоону таза өткөрүп, чыныгы эл үчүн иштеп бере турган азаматтарга добуш берип, өз өлкөбүздүн өнүгүшүн ойлойлу. Ички жана сырткы душмандардын кара ниетинен, коркунучтуу пландарынан Жараткан бизди сактасын. Бардыгыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы!

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru