Айбат » Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек”

31-август эгемендүүлүк күнү президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы салтанатка катышып, жалпы элди куттуктады. Өлкө башчысы эгемендүүлүктүн баркына токтолуп, акыркы 4 жылда Кыргызстан экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна багыт алганын белгиледи. “Бир кезде Памир тоолорунан Байкөлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу кыргыз Каганатынын чачырап кеткен бөлүктөрүнүн бири болгон Ала-Тоо жергесинде, 24 жыл мурда кырмызы кызыл Туу желбиреп, Кыргыз Республикасы көз жарды. Элибиз нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өттү. Туура беш жыл мурда – 2010-жылы  өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп Жаратканга жалынганым эсте. Эми беш жыл өткөндөн кийин, Кудайга рахмат, өлкөбүзгө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп, ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Тынчтык менен ынтымактын артынан акырындан өнүгүүгө жол ачылды. “Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп табалаган “көзү ачыктардын” тилеги таш капты. Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна багыт алды”, – деди ал.

Алмазбек Атамбаев, 31-август

 

Көч бара-бара түзөлөт

Кыргызстан региондо эң эркин өлкө болуп калды. Эми эң өнүккөн өлкө болушубуз керек. Мындай оюн айткан мамлекет башчысы Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керектигин белгиледи. “Кыргызстан азыркы бир калыпта туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек. “Сабырдын түбү – сары алтын” дегендей, эрикпей кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, жакшыны жакшыга улап, улам өр тартып жүрүп отурганыбыз туура. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтамын: сырттан бирөөлөр бизге ынтымак алып келет, бизди өнүктүрөт, жыргал заманга жеткирет деген – жалган, жаңылыш көз караш. Биз ар кимден суранбай, тиленбей, өз жаныбызды өзүбүз багышыбыз керек, өз мамлекетибизди өзүбүз бекемдешибиз керек”, – деди А.Атамбаев.

Андан сырткары президент акыркы жылдары элибиз сабырдуу болуп баратканына кубанып, Кыргызстандын кең келечегине толук ишенерин билдирди. “Көч бара-бара түзөлөт. Элибиз, өлкөбүз өткөөл кезеңдин сыноолорунан абийир менен чыкты. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды.  Мен биздин өлкөбүздүн кең келечеги бар деп толук ишенем”, – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

 

Кыргызстан энергетикалык жактан эгемендик алып транспорттук туңгуюктан чыгат

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары Кыргызстанда курулуп жаткан ири долбоорлордун маанисин белгилеп, жакынкы жылдары “транспорттук көзкарандысыздыкка жетибиз” деди. “Акыркы 4 жылда Кыргызстан чыныгы көз карандысыздыкка жетип жатканын ишенимдүү айтсак болот. Буга көзгө көрүнүп жаткан жыйынтыктар далил. Кыргызстан өз тарыхында алгачкы жолу энергетикалык жактан көзкарандысыздыкка жетти. Стратегиялык маанидеги “Датка–Кемин” долбоору аягына чыгып кылым курулушу аталган ишти соңуна чыгардык. Жакынкы эки жылда биз транспорттук көзкарандысыздыкка жетибиз. Кыргызстан туңгуюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланат”, – деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы өлкөдө аскердик реформа жүрүп жатканын айтып, муну менен Кыргызстанды сырткы коркунучтардан сактоого болорун кошумчалады.

 

Таза шайлоонун өтүшүнө өкмөт менен БШК жооптуу

Президент эгемендүүлүк майрамы менен жалпы элди куттуктап жатып 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо таза өтүшү керектигин айтып, бул үчүн Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы жана жергиликтүү бийлик башы менен жооп бериши керектигин билдирди. “Жакында парламенттик шайлоолор болот, бул биз үчүн чоң сыноо. Парламентке мамлекеттик деңгээлде ой-жүгүрткөн, өлкө үчүн тирек болгон жана өзүнүн элинин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылган адамдар келет деп үмүттөнөбүз. Бул шайлоолор өзгөчө мааниге ээ, анткени өлкөнүн келечеги аныкталат”, – деди ал.

Ошондой эле, президент парламенттик шайлоого катыша турган партияларга кайрылып, аларды популизм менен алектенбөөгө чакырды. “Бул шайлоолордо албетте, оппоненттер бири биринин даректерине сын айтышат, бирок популизм менен алектенбеш керек. Бийлик үчүн өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылгандардын артынан ээрчибөөнү суранам. Саясатчылардын арасында ушундай канкорлор да бар. Бирок, биздин эл өздөрү эле алардын жүзүн көрүп турат деп ойлойм”, – деди А.Атамбаев.

Жакшылыктарды да, кыйынчылыктарды да бирге көрөбүз

Элибизде – “Ырыс алды ынтымак!” – деп айтат. Ошондуктан, биринчи кезекте өлкө тынчтыгын, элдин ынтымакты бекемдөө милдети турат. Дүйнөдө, ушул эле тегеректе кандай кыйратуучу окуялар болуп жатканын, күн сайын көрүп жатасыздар. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер бүлүнүп, жок болуу абалына кептелди.

Мындай жагдайда тынчтык менен ынтымакты туу тутууга милдеттүүбүз. “Үйүндө ыркы жоктун сыртта сыйы жок” дегендей, ич ара ыркыбыз бузулуп турса, бири-бирибиз менен жакалашып турсак, бөлөк-бөтөнгө сөз, душманга таба болобуз.

Кыргызстан – көп этностуу өлкө. Кыргызстанды мекендеген бардык этностор бири-бирине боордош, тагдырлаш жана тилектеш. Биз бир элбиз, бир журтпуз, коомдун жүгүн бирге көтөрүшүп, жакшылыктарды да, кыйынчылыктарды да бирге көрүп келебиз. Биздин күчүбүз – биримдикте!

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда эл бир топ өзгөргөнүн белгилеп, өлкөнүн казынасы акыркы беш жылда 2,5 эсеге көбөйгөнүн билдирди. “Акыркы беш жылда бюджеттин казынасы эки жарым эсеге чейин өстү. 2009-жылы 48,0 млрд. сом болсо 2015-жылы 111,5 млрд. сомго жетти. Мындан ара мамлекеттүүлүктү жана эгемендүүлүктү бекемдеп экономиканы дүйнө мамлекеттерине интеграциялоо керек. Евразия экономикалык биримдигине кошулганыбыз өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Бизге чоң рынок ачылды. Бирок, эйфорияга алдырып, баары эле өзү келет деп отуруп алган да болбойт. Ал үчүн өзүбүз да аракет кылышыбыз керек”, – деди ал.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru