Айбат » Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Президент шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Президент шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат”

Токтайым Үмөталиева- 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого үгүт иши расмий түрдө башталганы турат. Бул жолку шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Биринчи кезекте саясатчылар өлкөнүн келечегин ойлоп мыйзам чегинде аракет жасашы керек. Ар кандай ызы-чууларга алдырбашыбыз зарыл. Үгүт иштери мыйзам чегинде жүрүп шайлоо таза өтсө эч кандай башаламандык деле болбойт.  Бирок, биометрикалык маалымат менен шайлоо өткөрүүдө мыйзам бузууларга да жол берилип жатат. Биз ушул тарабынан мыйзамдуулук талаага келсек жакшы болот эле.

- Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып шайлоодо башаламандык жарата турган күчтөр чыгышы да мүмкүн экенин айтты. Биз мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасасак болот?

– Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай көпчүлүк партиялар чет элден “пиарщиктерди” алып келип иштетип жатат. Бирок, алар башка мамлекеттердин тыңчысыбы аны эч ким билбейт. 2005-жылы да ушундай адамдардын Кыргызстанга зыяны тийген. Ошентсе да президент Алмазбек Атамбаев шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатат. Бирок, алдында таза адамдар азыраак болуп жатканы өкүнүчтүү. Канткен күндө да шайлоону мыйзам чегинде таза өткөрүп алуу зарыл.

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru