Айбат » Акылбек Жапаров кимдерден качып жүрөт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акылбек Жапаров кимдерден качып жүрөт?

Акылбек ЖапаровЖооптуу кызматта жүргөндө оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпаган, ээрден шыпырылса эле акыл үйрөтүп кирген Акылбек Жапаров 2008-жылдан бери «МИС» («Машиноиспытательная станция») ААКсынын акционери.  Эки жылдан кийин  «МИСтин» директорлор кеңешинин төрагалыгына М.Бөрүбашев шайланган.  Ал Бөрүбашев кадимки Максим Бакиевдин жакын досу жана курсташы. Бул кө-өп нерседен кабар берет. Апрель окуясынан кийин М.Бөрүбашев ишкананын директорлугуна Ч.Таалайбек уулун дайындатууга үлгүргөн. Бул жигит «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү экендиги тууралуу кеп бар. Кримтөбөлдүн өкүлү, М.Бакиевдин «оң колу» менен тыгыз кызматташкан А. Жапаров парламенттик шайлоодо,  алардын колдоосун алыш үчүн ушундай кадамга барганбы? Шайлоодо жеңип, кайрадан “креслону” эңсеп түн уйкусунан калган Жапаров акчасын шайлоого “оптом” которуп жибергенби же теңсинбей жатабы, айтор, МИСте иштегендердин эмгегин жеп, маяналарын бербей качып жүрүптүр…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru