Айбат » Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек”

Кадыр Кошалиев- Кадыр мырза,  бүгүнтөн тарта шайлоонун шаңы башталды.  Шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Биринчиден баарыбыз мыйзамды сакташыбыз керек. Анан албетте колдонула келген административдик рычагды бул жолу колдонбой коюшат деп айтуу да кыйын. Эгер дагы эле бийлик элди шайлоо учурунда өз кызыкчылыгына ылайык колдонууну максат этсе мында катуу жарылуу болот. Ошол эле убакта бийликти гана көксөп тургандар болсо да элди ызы-чуу кылуудан алыс болуш керек. Бардык нерседен элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү бийик экенин унутпайлы.

- Айрым ички жана сырткы күчтөр шайлоону пайдаланып ар кандай калпыс аракеттерин ишке ашырууга аракет көрөт деген сөздөр жүрүүдө. Элибиздин  тынчтыгын бузууга аракет кылгандарды кантип тыйса болот?

– Ошондой сөздөр бар. Тилекке каршы ошондой максатты көздөгөн күчтөр да жок эмес. Мындай кырдаалдан жеңиштүү чыгуунун жолу-улуттук биримдик! Шайлоо- байлык менен бийлик талаштын айдыңына айланбастан, мамлекеттин кубаттуулугун артырууну көздөгөндө эч кандай көйгөй жаралбайт.

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru