Айбат » Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Биометрикалык каттоонун негизги каражаттарын элге кенен түшүндүрүү керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Биометрикалык каттоонун негизги каражаттарын элге кенен түшүндүрүү керек”

Бакетаев Бакыт- Бакыт мырза, 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого үгүт иши расмий түрдө башталганы турат. Бул жолку шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Шайлоого буйруса ачык үгүт иштери башталды. Азырынча мыйзамга одоно туура келбеген фактылар каттала элек. Биз шайлоонун жыйынтыгын таза камсыздап бере турган бир эле жолубуз бар. Бул Биометрикалык маалыматтар менен кантип шайлоого туура катышып, укугун башкага буздурбоону түшүндүрүү болуп саналат. Мына ушул эле. Биометрикалык каттоонун негизги каражаттарын элге кенен түшүндүрүү керек. Мындан башка эч бир каражат шайлоонун таза жана айкын өтөөрүн камсыздап бере албайт.

- Айрым ички жана сырткы күчтөр шайлоону пайдаланып ар кандай калпыс аракеттерин ишке ашырууга аракет көрөт деген сөздөр жүрүүдө. Элибиздин   тынчтыгын бузууга аракет кылгандарды кантип тыйса болот?

– Биздин эл эки жолу чоң элдик козголуу менен Президенттерин кууп чыгышты. Бул да болсо биздин элдин арттагы тарыхы менен тажрыйбасы болуп айтылып калды. Мындан улам биз эч убакта чочулабашыбыз керек. Биз өзүбуз эле, шайлоодо ар кандай жыйынтык бурмалоолорго барбасак сырткы күчтөр көп таасир бере албайт. Анткени элибиз муну башынан өткөрүп, шайлоого тынч эле катышат.

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru