Айбат » Өмүрбек Текебаев Мырзакматовду кантип “жамбашка” алып чапты?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Текебаев Мырзакматовду кантип “жамбашка” алып чапты?

Өмүрбек ТекебаевСаясаттагы карт “бөрү”, саясый оюндарды, “трюктарды” жогорку чеберчилик менен “ойногон” “Ата-Мекен” лидери Өмүрбек Текебаев кече жакында эле “Азаттыкка” маек куруп, анда “Биз Жогорку Кеңештеги эң кичинекей фракция болгонубузга карабай көпчүлүгүн “жамбашка” алып чаап келдик” деп төш койгулаганын көрдүк эле го. Туурусун айткан да Өмүкебиз. Эки өкмөттү “жамбашка” алып чапканын кантип танабыз? Адегенде Бабановдун өкмөтүн, андан соң Сатыбалдиев башында турган өкмөттү “чапты”. Ордуна “өлөсөлүү” Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн алып келгенге чейин “чаап” эле атышты. Эгерде парламентте дагы бир “борец” болгондо Оторбаевдин өкмөтү “жамбашка” ала электе эле “тырайып” калмак. “Защитасы” Текебаев болгону үчүн бир жылдай өкмөт башында турду. Анан көптөн бери эч кимди “жамбашына” “ыңгайлаштыра” албай аткан Текебаев акыркы 3-4 айдан берки жасаган кадамдары менен Оштун мурдагы “Арстан шер, Жолборс шер” “кожоюну” Мелис Мырзакматовду “жамбашка” алып чаап отурат. Кандайча далысы жерге тийип калганын учурда Маскөө шаарында жаш токолу менен эркелешип жаткан Мырзакматов түшүнбөй деле калды окшойт. Биз бул саясый “трюктун” сырын чечмелеп берели. Мыйзамды абдан жакшы түшүнгөн Текебаев Мырзакматовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун башынан эле билген. Анын иши чатагына айланганын да жакшы түшүнгөн. Эгерде ал күнөөлүү деп табылса, эч качан шайлоого аттана албасын да аңдаган. Бирок Текебаевге Мырзакматовдун электораты керек болчу. Андыктан абайлай басып ага жакындап, “Мен сени коргоп чыгам” деген убадасын катыра берип, өзүнө кошуп туруп, анын тарапташтарынын бардыгын өзүнө тартып алды. Текебаев үчүн ушул гана керек болчу. Мырзакматовду жакшылап ишендириш үчүн ага партия тизмесинен үчүнчү орунду да «ыраа» көрдү. Текебаевдин мындай “оюнуна” катуу ишенип алган Мырзакматов өзүнөн өзү анын жамбашына илинип жерге далысы менен келип түштү. Себеби Өмүкебиз пландагандай эле БШК Мелис мырзаны шайлоого катышууга каттаган жок…

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru