Айбат » Чабал партиялар шайлоону бузууга аракет жасай башташты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чабал партиялар шайлоону бузууга аракет жасай башташты

Мамбетжунус АбыловЭкс-спикер, коррупцияга шектелип кылмыш иши козголуп, анан ал кылмышынын мөөнөтү эскирип калды деген шылтоо менен жоопкерчиликтен кутулган Акматбек Келдибеков каржылап жаткан «Азаттык» партиясынын республикалык штабынын башчысы Мамбетжунус Абылов борбор калаабызда маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо мөөнөтүн дагы 25 күнгө узартуу талабын койду. Кызык!? Эмнеге? Алдыдагы бир ай убакыт үгүт иштерин жүргүзүүгө аздык кылып атабы? Же бул партия өз күчүнө ишене албай турубу? Өз күчүнө ишене албагандар ушинтип эле четинен ызы-чуу чыгарууга аракет жасай берсе, анда мамлекетибизде тынчтык болобу? Буга чейин «Эгемен Кыргызстан» аттуу партия күрөөгө кое турган 5 миллион акчаны өз мөөнөтүндө төлөй албай калышып, БШКны күнөөлөп ыйлакташты эле. Эми Келдибековдун партиясы «ыйлактай» баштады. Башынан Келдибековдун адвокаты болуп «иштеген» Мамбетжунус мырзанын көздөгөнү эле ызы-чуу болуп туру окшойт. Болбосо мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын ойлогон адам көпчүлүк туура эсептеп турган мөөнөттү неге узартууну талап кылмак эле?..

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru