Айбат » Топчубек Тургуналиев, ардагер саясатчы: “Албетте шайлоону ичинен да сыртынан да аңдып турган эски кузгундар толтура”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Топчубек Тургуналиев, ардагер саясатчы: “Албетте шайлоону ичинен да сыртынан да аңдып турган эски кузгундар толтура”

Топчубек Тургуналиев- Топчубек мырза, бүгүндөнтарта парламенттик шайлоого үгүт иши расмий түрдө башталды. Бул жолку шайлоону тынч өткөрүп алуу үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

– Шайлоого аракеттерди саясатчылар эчак эле баштап жиберишти. Бирок, Президенттин жарлыгы менен мыйзам чегинде 4-сентябрдан башталышы керек. Биз кантип аракет кылсак да биринчи кезекте бир саясий топтун эле кызыкчылыгын көздөп аракет кылбай, жалпы элди ойлоп иш кылышыбыз керек. Эгер саясатчылар регионалдык, же тиешелүү бир саясий топтун айланасында гана ойлоно турган болсо, кемчиликтерди жаратып алабыз. Саясий топтор арасында талаш тартыш көбөйөт. Ошондуктан таза шайлоону камсыздоо үчүн, биринчи биз, элибиздин эркиндигин, келечегибизди ойлоп иш кылышыбыз керек.

- Айрым ички жана сырткы күчтөр шайлоону пайдаланып ар кандай калпыс аракеттерин ишке ашырууга аракет көрөт деген сөздөр жүрүүдө. Элибиздин   тынчтыгын бузууга аракет кылгандарды кантип тыйса болот?

– Албетте шайлоону ичинен да, сыртынан да аңдып турган эски кузгундар толтура. Алар Акаевдин, Бакиевдин учурунда далай шайлоону башынан өткөрүп, кандай тешик болсо да суудай жылмышып чыгып кеткен саясатчылар. Алар турганда таза шайлоону камсыздоо мүмкүн болобу, же болбой калабы деп ойлонуп жатам. Демек, биз бекем ынтымакта, биримдикте тынчтыкты сактоого аракет жасообуз кажет.

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru