Айбат » Мал чарбасынан балыкчылык кирешелүү бизнес болууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мал чарбасынан балыкчылык кирешелүү бизнес болууда

Самарбек КүчүковАкыркы жылдары Кыргызстанда мал чарбасынан балык өстүрүүгө өткөндөрдүн саны көбөйүүдө. Анткени, төрт түлүк малды бакканга караганда балык өстүрүү бир топ арзан, түйшүгү аз жана кирешеси эки эсе жогору. Мисалы, бир койду багып, этке тапшырганга же базарга алпарып сатканга 2-3 жыл убакыт талап кылынса, балык өстүргөнгө бир эле жыл жетиштүү. Ошол эле учурда пайдасы эки-үч эсе жогору. Бирок, кой, уй, эчки  же башка жандыктар кээде ылаңга кабылып, жоголуп, ит-кушка жем болуп, ээсине киреше бербей калышы да мүмкүн. Кышында жем-чөп берип, астын тазалап, жайында жайлоого алып чыгып баккан малчынын акысы да бар. Ал эми балык өстүрүүнүн түйшүгү бир топ жеңил. Мисалы, бир форель бир жылдын ичинде жетилип, эки килограммга чейин салмак басат. Аны болгону көлмөдө багып, учурунда жемин берип туруу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков билдирди.

“Балыктын адамдын организмине пайдалуу жана керектүү азык экендиги байыркы доорлордо эле далилденген. Өзгөчө жаш балдар балыкты жетиштүү өлчөмдө жеп турса, акыл-эсинин калыптануусуна, сөөктөрүнүн жетилишине жакшы таасир берет. Ал тургай Россияда крепостнойлук доор учурунда эле падыша кол астындагыларга балык жеп турууну буйрук кылган. СССРдин учурунда ар бир адам жылына 12 килограммдан балык жеп туруш керектиги белгиленип, ошол өлчөмдө өндүрүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанда жылына ар бир адам орточо 1 килограмм 600 грамм балык жейт. Ошол эле учурда 1 миллиард 300 миллион калк жашаган Кытайда ар бир адам жылына 70 килограмм, Японияда 90 килограммдан балык же деңиз азыктары менен тамактанышат. Биздин өлкөбүздүн аймагы деңиз же ири көлдөр менен чектешпесе да жасалма көлдөрдө балыкты өстүрүп, элибизди толук камсыз кылууга жана сыртка экспорттоого шартыбыз бар. Себеби, суубуз таза жана жер жетиштүү. Баарынан да тоолордун боору менен сайларга көлмө жасоого көп чыгым талап кылынбайт. Акыркы жылдары Өзбекстанда балыкчылыкка көп көңүл бурулуп, 38 млн калктын ар бирине 800 граммдан балык өстүрүлүүдө. Биз да кореялык ишкерлер менен “Түштүк-Түштүк” деген долбоорду ишке ашыруудабыз. Алар бизден тышкары Тажикстан менен да иштешип жатышат. Чүй облусунун аймагында, айрыкча Токмок шаарынын четинде дунган улутундагы ишкерлер көлмөлөрдө балыктарды өстүрүп, жакшы киреше табышууда. Алар өздөрү өстүргөн форель жана башка балыктардын түрлөрүн негизинен Казакстанга сатышат”,- деди С. Күчүков.

ФорельАкыркы жылдары республикабыздын ишкерлери менен фермерлери балык чарбасы кирешелүү бизнес болгондуктан, жасалма көлмөлөрдү жасап, балыктын ар кандай түрлөрүн өстүрүшүүдө. Мисалы, 1 кг. форелдин баасы 700 сом. Ишкерликтин бул түрү бир гана балык өстүрүүчүлөр эмес, мамлекетке да пайдалуу. Анткени, жыл сайын чет жактан балык сатып алууга эле 20 млн АКШ доллары жумшалат.

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru