Айбат » Парламенттик шайлоодо добуш берүү алдында шайлоочу биометрикалык текшерүүдөн өтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Парламенттик шайлоодо добуш берүү алдында шайлоочу биометрикалык текшерүүдөн өтөт

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 595 миң 366 адам катталганын премьер-министр Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди.

Биометрика

Анын айтымында, учурда биометрикалык маалыматты 2 миллион 710 миң 622 кыргызстандык тапшырган. “Дагы бир жолу эскертем, 20 сентябрга чейин ар бир жаран өзүн тизмеден текшериши керек. Андан кийин текшерүүгө кеч болуп калат”, — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр күч органдары шайлоо учурунда коомдук тартипке эле көз салбастан, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуусундагы тартипти да тескей турганын белгиледи.

2011-жылы өткөн акыркы президенттик шайлоодо 3 миллион 32 миң 666 кыргызстандык тизмеге кирип, анын 1 миллион 858 миң 632си гана добуш берүүгө катышкан.

2014-жылдын августунда башталган биометриклаык маалымат чогултуу жараяны 2015-жылдын 20-августунда аяктайт. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. Жалпы жонунан 3 миллион 641 кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын алуу болжолдонууда. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Булак Спутник

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru