Айбат » Турдубек Мамбетов, Архитектура, курулуш агенттигинин директору: “Курулуш сапатсыз бүткөрүлсө, кылмыш катары каралып, 3 жылдан 7 жылга чейин сот жообуна тартылат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Турдубек Мамбетов, Архитектура, курулуш агенттигинин директору: “Курулуш сапатсыз бүткөрүлсө, кылмыш катары каралып, 3 жылдан 7 жылга чейин сот жообуна тартылат”

Турдубек Мамбетов“Быйыл мектептердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулууда. 50 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. 16 мектеп түрк кредитинин эсебинен салынат. Быйыл жыл башында 38 объект салынат делип, анын ичинен 25 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлөөрү айтылган. Жаңы премьер-министр келгенде мектептин курулушун эки эсе көбөйтүп, 50 мектепке жеткирүүгө, ал эми 38 социалдык объекттин ордуна 70 объект курууга тапшырма берди”-деди “Кабар” агенттигине Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов.

Анын айтымында, буга кошумча 681, 7 млн сом каралып, 71 объект курууга милдеттенме алышкан. 1-сентябрга карата 26 мектеп тапшырылды. Анын 19у республикалык бюджеттин, жетөө түрк кредитинин эсебинен бүткөрүлдү. Октябрь айында 21 мектеп республикалык, 8 мектеп түрк кредитинин эсебинен бүткөрүлөт. Ноябрда 10 мектеп республикалык, 1 мектеп түрк кредитинин эсебинен курулат.

“ Түрк кредитинин эсебинен дагы 2 мектепти пландан ашыкча курууну чечтик. Бул үчүн каржы маселеси жаатында Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз өзүбүзгө милдетти жогору койдук. Быйыл 71 социалдык объекттин ордуна 74 объект тапшыралы деген тилегибиз бар”-деди ал.

Кочкор районунун Ак-Жар айылында 2009-жылы курулган мектеп жараксыз болуп кулап калды. 47 млн. сом талаага кетти. Окуучулар күн жылуу мезгилинде палаткада, суукта үйлөрдө окуп калышты. Ошондон бери иш козголуп, финполиция текшерип жатат. Мектепти бышкан кирпичтен кайра куруп жатабыз. 1-ноябрга карата окуу корпусу менен отказанды тапшырабыз. 2016-жылы спорт залын жана башкаларын толук куруп бүткөрөбүз. Мурда курулуш сапатсыз бүткөрүлсө, айыппул салынып, сөгүш берилип, кызматтан алынып административдик жаза гана колдонулса, учурда кылмыш катары каралып, 3 жылдан 7 жылга чейин сот жообуна тартылат”-деп кошумчалады Т. Мамбетов.

Эскерте кетсек, 26-27-августта Бишкекте болуп өткөн мугалимдердин 3-республикалык курултайында Премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөп, быйыл мектептердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, жаңы мектептердин баары ашкана, спорт зал, акыр-чикир агызгыч, даараткана, ичүүчү таза суу жана ысык суу менен камсыздалаарын билдиргени ЖМКларга жарыяланган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru