Айбат » Саясий саткынчылык

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясий саткынчылык

Акаев, ТекебаевАлдыда парламенттик шайлоо. Курсагы ток, өзүн өзгөчөрөөк сезгендин баары шайлоого дарбып турган кез. Шайлоочунун башы маң – талапкерлерди кандай баалуулуктарына карап тандаарын, кимдин чындыгында ким экендигин аңдай албай будуң-чаңда буйдалып турат. Мындайда биринин шапкесин бирине кийгизе салганга маш саясатчыларыбыз бардык болгон амалдарын ишке киргизип, караандарын калбааттантуу үчүн бети-башына, ички ниеттерине карабай бири-бири менен кучакташып-достошуп айкырыкты салып турганы. Адамдык, саясий баалуулуктар артта калды. Алдыга мамлекеттин коопсуздугу, келечеги менен ойноо, керек болсо аны да садага чаап ийүү коркунучу чыкты. 25 жылдан бери өнүгө албай бөкчөйүп келаткан Кыргызстанда ирип-чирип байып жаткан кыргыз саясатчылары бул жолу да “мен гана жыргатам” урааны менен тизгин талашты кызытууда. Оозунан көбүгү чыкканча буркулдап Өмүрбек Текебаев алдыга чыкканга болгон аракетин жумшоодо. 25 жылдан бери чуулуу жерден саясат жасап, упай топтогонго жедеп адистешип бүткөн Ө.Текебаев бул жолу да бийликке тап саясатчыларды тегерегине топтогонго аракетин жумшап турган кези.

Өмүрбек Текебаевди жакшы билгендер анын жеке кызыкчылыгына карап диндешин да, пикирлешин да кабагым-кашым дебей туруп, опоңой эле сатып кете алган сапаттарын белгилешет. Ал ким менен болбосун достошкондо акыретчилик, адамгерчилик үчүн эмес, саясий кызыкчылык үчүн гана “достошоору”, муратына жетээри менен антташкан досун да чанып, керек болсо орду түбү менен аңтарып салаарын Өмүкенин ала-була биографиясы тастыктап турат.

Алсак, 2010-жылга чейин өзбек сепаратисти Кадыржан Батыров Ө.Текебаевдин жанажан досу болгон. К.Бакиевдер менен болгон үй-бүлөлүк жана жеке душмандашуудан улам Кадыржан Батыровдун колтугуна култуңдап кирип, жакын тага да кылып алгандыгы маалым. Өмүке үчүн анын айтканы айткан, дегени деген болуп, иниси Асылбекти ага чоро кылып берген, өзү болсо К.Батыровдун кыргыз бийлигиндеги бирден-бир торпедасы катары өзбек тилине расмий статус берип, түштүк аймагын Кыргызстандан бөлүп берүү боюнча жигердүү аракеттерди жасап келген. Муну ал экөөнүн сүйлөшүүлөрүнүн айрым элге чыгып кеткен эпизоддору, 2010-жылдагы анын өзбек тилин расмий документтерде колдонуу демилгелери менен иниси Асылбектин Кадыржандын командасы астында Сузакта уюштурган чаң-тополоңдору тастыктап турат. Бирок, окуя Өмүке ойлогондой өңүттө өнүкпөй Кадыржан менен анын басмачылары катуу каккы жеп, чет өлкөлөргө качып кеткенден кийин хамелеондун териси башкача кубулду. Ө.Текебаевдин оозунан К.Батыровду жектеген, жээриген сөздөр акырындан аярлап чыга баштады.

Апрель төңкөрүшүнөн кийинки парламенттик шайлоодо таасирдүү адамдарды тартуу максаты менен тажик диаспорасынын лидери Алишер Сабировду “Ата-Мекенге” тартып, натыйжада тажик тектүү жарандардын басымдуу бөлүгүнүн добушун алды. Кийин А.Сабировду министрлик орунга жылдырып парламенттен жыдытты. Анысы да жөн иштебей пара алды деп соттолуп кеткенде “менин мындай таанышым жок” таризинде тескери бурулуп, далысын салып кетти. А.Сабиров шефинин мындай кылыгына нааразылыгын ачык да, жабык да айтып келет.

Кыйын кезеңдерде “Ата Мекенге” жөлөк болуп, каржылык жактан олуттуу колдоолорду жасап келген Карганбек Самаковду жумшаганына баспаган өзүм билемдиги үчүн ар гезиттерге каралатып жаздырып жүрүп бүк түшүрүп тынды.

2000-жылдарда бекер каражат өндүрүү үмүтү менен АКШга ыктап да көрдү. Сөөк аңдыган итче бир канча жылдар өзүн батышчыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылды. Көзгө көрүнөөрлүк колдоо болбогондо куйрукту чатка кысып шүк болду. Эми Борбор Азиядагы таасирдүү оюнчу Орусиянын ишенимине кирүү далалаты менен быйыл “кыйын учурда Орусияны колдойлу” деп чыкты. Бирок орус жетекчилери да кимдин кимдигин жакшы билишет эмеспи – Текебаевди кимсиң деп да койбоду бул жолу.

Кумтөрдү 20 жылдан бери кандай гана максатта колдонбоду чиркин Өмүке. Чуулуу жерден упай топтогонго маш кайран киши бирде аркы жээкте, бирде берки жээкте сокураңдайт. Бирок Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес, ал жерде жеке кызыкчылыктар көмүскөдө жатканын серепчилер айтып-деп келишет.

Өмүрү намаз окубаган, мечитке кадам баспаган Өмүке былтыр түшүнөн чочугансып муфтиятты салыктан бошотуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул жөн жерден эмес болчу – шайлоо жакындап келаткандыктан кийинки кездери болуп көрбөгөндөй активдешип келаткан мусулмандардын добушун алуу амалы эле. Бирок, муфтияттагы 5-6 ачкөз селдечендерден башка да Кыргызстанда туруктуу, сергек көз карашы бар карапайым мусулмандар бар эмеспи – алар Текебаевдин куйтулугун колдобой коюшту. Барган сайын радикалдашып, жарылганы араң турган диний кырдаал Кыргызстандын коопсуздугу үчүн коркунучтуу экендиги Өмүкени ойлонтпойт.

Эми  болсо добуш алуу аракети менен Ө.Текебаев 2010-жылдан бери “Бакиевдин куйруктары, эл душмандары, апрель окуясынын күнөөкөрлөрү” деп жарлык тагып келаткан адамдар менен тыгыз кызматташууга өттү. Алардын бир мисалы Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков менен колтукташканга жасаган аракети, Фейсбуктагы саясатчы жаштардын тобун өз короосуна азгыруусу Текебаевдин парламентке келүү үчүн болгон амалын жумшаарын айгинелейт. Муну саясат талдоочу Марат Казакпаев Өмүкенин саясий принцибинин жоктугу, “Ата Мекенди” жек көргөн түштүктүн шайлоочуларын тартуу үчүн Бакиевдин жакын кадрлары менен да иштешүүгө кайылдыгын белгилейт. Депутат Өмүрбек Абдырахманов “Кечээ эле М.Мырзакматовду ашатып сөгүп жүргөн, Бакиевдин куйругу, Ошту басып алды, өз билгенин кылат деп жүргөн. Текебаев идея, акыйкаттык үчүн күрөштү унутуп, азыр бир гана нерсе – ким менен болбосун парламентке өтүшүм керек деген жолдо баратат” дейт.

Бул чакырылыштагы парламент фракциялардын туруксуздугу, жеке кызыкчылыктагы олигарх депутаттардын революция максатын таш-талкан кылып, Жогорку Кеңешти базарга айлантып ийгени менен тарыхта калмакчы болуп турат. Жемкорлукка белчесинен баткан, артында калбыры сүйрөлгөн көпөс депутаттар шайлоо алдында берген убадаларын аткармак түгүл, кара башын калкалап, качканы качып, камалганы камалып, парламенттик системаны очорултту.

Адамдык баалуулуктан куржалак Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшөөрү күлкү келтирээрлик нерсе экендиги көпчүлүккө маалымдыр. Эгерде шайлоо ушул жол менен барып, Текебаев баштаган топ парламентке өтүп калчу болсо кийинки чакырылыштагы депутаттар да өз ара чыр-чатактардан, бөлүнүү, сатылуу сыяктуу адаттарды улантаары көрүнүп турат. Депутаттык кресло үчүн гана биригип, саясий идея, максаттарын кийинки планга жылдырып койгон “пикирлештер” сөзсүз бир күнү тескери карашаарын парламенттин кийинки беш жылдык тарыхы таасын далилдеп койбодубу. Эсен болсок Ө.Текебаевдин бүгүнкү “пикирлештерин” сатып, ал гана эмес душмандашып тытышкан жосундарына көп эле күбө болоорбуз…

Кубатбек АЙБАШОВ, «Башат кж» сайтынан алынды

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru