Айбат » Кыргызстанда 2 логистикалык борбор курулуп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстанда 2 логистикалык борбор курулуп жатат

ЛогистикаУчурда кыргыз-орус инвестициялык фонду тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда дыйкандар өндүргөн жашылча, жемиштерди кабыл алып, сапатын жоготпостон сактоочу логистикалык борборлор курулууда. Ага жалпысынан 20 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын айыл жана суу чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди.

“Дүйнөлүк практикада өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында дыйкан, фермерлер өндүргөн айыл чарба азыктарын сатып алып, сапатын бузбай сактап, кайра чет жакка экспорттой турган логистикалык борборлор бар. Тилекке каршы андай жайлар бизде Союздун маалында да курулган эмес. Эгемендүүлүк жылдары бир нече ирет аракет кылып, концепцияны иштеп чыгып, Өкмөт менен Дүйнөлүк банкка сунуштаганыбыз менен түрдүү себептерден улам түзгөн планыбыз ишке ашпай келди. Анткени,  бир эле заман талабына ылайык логистикалык борборду курууга 15 млндон 50 млнго чейин АКШ доллары керектелет. Мындан тышкары коммуникация маселеси чечилиши зарыл. Ал тургай былтыр Япониядан инвесторлор келген менен темир жолдун жоктугунан улам кетип калышты. Себеби, логистикалык борборго эң оболу темир жол барып, суу, электр энергиясы, автомобиль жол сыяктуу инфраструктуралар болушу керек. Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин кыргыз-орус инвестициялык фондунан керектүү каражат бөлүнүп, азыр Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондоруна логистикалык борборлор курулууда. Буюрса, жакын арада бул жайлардын курулушу бүтүп калса, дыйкандарыбыз менен фермерлерибиз өндүргөн айыл жана мал чарба азыктарын кайда сатуунун үстүнөн түйшүк тартпай, ыңгайлуу баада өткөрө алышат. Кыргызстан чакан өлкө болгон менен агрардык мамлекет катары келечегибиз кең.

Жалпы республика боюнча 370 миңден ашык дыйкан чарбалар бар. Алар өндүргөн экологиялык жактан таза жана сапаттуу азыктар дүйнөнүн бардык бурчунда жогорку суроо-талапка ээ. Логистикалык борбор иштей баштаса, дыйкан, фермерлерден тартып, мамлекетке чейин көп киреше таба башташат. Анткени, учурда азыктарды сактоочу жайлардын жоктугунан улам гана жайында жер-жемиштерди сактоочу жайдын жоктугунан баасы түшүп, кышында тескерисинче кымбат болуп жатат. Ошол эле учурда айрым жемиштерди кошуна өлкөлөрдөн сатып алабыз. Эң негизгиси элибиз да жетиштүү азык-түлүк менен камсыздалат”,- деди ал.

Республикабызда жашылча-жемиштерди сактоочу жайлардын жоктугунан дыйкан, фермерлер өз продукциясын сата албай же арзан баада ортомчуларга берүүгө аргасыз болуп, зыян тартып келаткандыгы ММКларда көп айтылып келүүдө.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru