Айбат » Таңсулуу Өмүрзакова, модель: “Дүйнө таанып турса дагы, мурунку Таңсулуу эле бойдон калгым келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Таңсулуу Өмүрзакова, модель: “Дүйнө таанып турса дагы, мурунку Таңсулуу эле бойдон калгым келет”

Таңсулуу ӨмүрзаковаБорбор шаарыбызда өткөн “Миссис Кыргызстан — 2015″ улуттук конкурсунун жеңүүчүсү, Минск шаарында өткөн дүйнөлүк “Миссис Сулуу” титулуна татыган Таңсулуу Өмүрзакова менен бул саныбызга маек курдук. Маектин жүрүшүндө биздин кыздарыбыз абдан мекенчил, намыстуу экенин байкап, ыраазы болот экенсиң. Биздин тарыхыбызда дагы мактанаарлык, дүйнөгө таанылган айымдар бар экенин да баса белгилеп кетпесек болбос. Учугубуз кур болбой азыр дагы мактанаарлык кыздарыбыз чыгып жатканына ичиң жылыйт. Эзелтеден Кыгыз эли “аккан арыктан суу агат” деп бекер айтпаса керек.

- Таңсулуу айым, жакында эле Минск шаарында өткөн сулуулар сыныгында “Мисс Сулуу” титулуна татыдыңыз. Баарыбыз сизди кутууктайбыз. Сынактын жүрүшүнө токтолуп өтсөңүз?

Таңсулуу Өмүрзакова- 24-30-август күндөрү Минск шаарында өттү. Ага катышуу үчүн Болгария, Бразилия, Англия, Венесуэла, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Малайзия, Мальта, Мексика, Россия, Украина жана башка мамлекеттерден 50дөн ашык кыз-келиндер келип катыштык. Иш чара жогорку деңгээлде өттү десем болот. Ал жерде жеке эле сулуулар конкурсу өтпөстөн, тегерек стол да болду. Анда биз өз сулуулугубузду гана көрсөтпөстөн, ар бири өз өлкөлөрүндө социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун да сунуштап, биздеги баардык аял затына болгон терс көрүнүштөрдү айттым. Өзүм да ООНдун зомбулук көргөн аялдардын укугун коргоо боюнча мүчөсүмүн. Бизде эң негизги маселе болуп кыз ала качуу эсептелет. Ушунун баарын дүйнөлүк сулуулар конкурсунда айттым. Таң калыштуусу мени эч ким Кыргыз деп ойлошкон жок. Биздин өлкө бар экенин да көпчүлүгү билбейт экен. Баргаганда эле өз өлкөмдүн атын тааныткым келип, колуман келген аракетимди өз өлкөмө арнадым. Бизде таланттуу, сулуу, акылдуу кыздар бар экенин далилдегим келди. Кудайым буйруп жеңип келдик.

- Буга чейин кандай конкурстарга катышып жеңип келдиңиз?

-“Миссис Кыргызстан — 2015″ улуттук конкурсунун жеңүүчүсү, “Каралева-Кыргызстан” болгом. Бул сынактарга барайын деген деле ой жок эле. Жолдошумдун демилгеси менен катышып калдым. Анан Намазбекова Рыскүлгө, “Beauty Kyrgyzstan” компаниясына ыраазычылык билдирип кетким келет. Ушулардын салымы өтө чоң десем болот.

Таңсулуу Өмүрзакова- Моделдик кесипти аркалоо үчүн кандай критерийлерге жооп бериш керек?

-Биринчи, өзүнө ишенүү, харизма, өзүн ардайм карап, жашоосусунда таза болуш керек. Албетте, спорт менен машыгып туруу абзел. Сулуу болуш үчүн ар дайым күлүп, элдин алдына чыкканда толкунданбай өзүңдү көрсөтө алууң керек. Андан сырткары бою узун жана жылдыздуулугун турат. Бойдун узундугу да көп жерден сулуу көрсөтөт. Өзүң сулуу болуп туруп, боюн кыска болсо сулуулук көрүнбөй калат.

- Биздин сулуубуздун кандай өнөрлөрү бар болду экен?

– Мен кичинемден бери ырдайм жана бийлейм. Сахнага чыгып, элдин кол чабуусуна татысам жөн эле учуп кетем.

- Дүйнөлүк сулуулар сынагына барууда кандай кыйынчылыктар болду?

– Кыйынчылыктар деле байкалган жок. Анткени өзүм визажист болгондуктан чачымды, келбетимди, боёнгон жагынан өзүмдү камсыздай алдым. Кыргызстаным үчүн кыйналдым дегеним туура эмес болуп калат. Кыйынчылык болгон жок. -Ал жерде 50 мамлекеттен келген айымдар болуптур.

- Ошолордун ичинен кантип биринчинин биринчиси болуп калдыныз?

– Мен барганда эле “Эң сулуу” деп ат коюп коюшкан. Сынактын жүрүшүндө өзүмдү көрсөттүм. Баардык жактын аялдары өзүн сулуумун деп сезип жатса да мен алардан ашып, биздин Кыргызстаныбызда эң сулуу кыздар бар экенин далилдегим келди. Өзүмдү абдан жакшы алып жүргөнгө аракет кылдым. Аягында өзүм башында барганда койгон атка татыктуу болуп келдим.

- Эл аралык мелдештерди жеңгенден кийинки Таңсулуу өзгөрдү болду бекен?

– Мен өзүмдүн ордумду билген адаммын. Адамдык сапатыңдан айрылбай, бой көтөрбөй адам бойдон калуусу абзел. Мен жашоонун өйдө-ылдыйын, ысык-суугун көргөм. Дүйнө таанып турса дагы, мурунку Таңсулуу эле бойдон калгым келет. Адам баласы жаман жакка эмес жакшы жакка өсүүсү шарт. “Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айтып кеткен. Китеп окуп, жан дүйнө жагынан өзгөрсө жакшы, бирок терс жагына өзгөрбөш керек.

Таңсулуу Өмүрзакова- Азыркы учурда китеп кармаган адамды чанда кездештиресиң. Сиз китепти көп окуйт окшойсуз?

– Китепти кичинемден бери жакшы көрөм. Мектепте окуп жүргөндө Кыргыз адабиятын жакшы окугам. Азыр деле дайым китеп менен досмун. Көбүнчө адамдын жан дүйнөсүн байыткан китептерди көп окуйм. Адам канчалык жан дүйнөсү кенен болсо, ошончолук жөнөкөй болуп, бой көтөрүү деген нерсени унутуп, ким экенин сезип жүрөт жана адамдык сапатын сактайт.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Кудай буйруса, көп максаттарым бар. Маданият жагына кызмат кылып, өз ордумду тапсам дейм. Ырчы болуп, эл аралык деңгээлге чыгам деген максаттарым бар. Дагы максаттарым толтура.

- Бизге келип маек куруп бергениңизге рахмат айтабыз. Сизди жеңиш менен күтөбүз.

-Сиздерге да чоң рахмат!

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №144



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru