Айбат » Элине ак кызмат кылган Дүйшөн Ирсалиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Элине ак кызмат кылган Дүйшөн Ирсалиев

4-октябрда боло турган Парламенттик шайлоого аттанып жаткан Ирсалиев Дүйшөн мырза жөнүндө бир-эки ооз сөз айтып коюуну туура көрдүк. “Баатырдын атын алыстан ук – жанына келсең бир киши”, – дегендей, элине кылган иштерин өзүнүн шайлоочулары гана билбестен, жаамы журт билет. Канчалаган мыкты иштерди жасабасын, өзүнүн жөнөкөйлүгүнөн жазбай, элдин көйгөйүн туура түшүнүп, колунан келген жардамын аябаган инсан. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда аппараттын жакшы иштөөсү үчүн, анда иштеген кызматкерлерин өз ишине болгон чоң жоопкерчигин билип, иш системасын жакшыртууга өз салымын кошкондордун бири десек болот. андан кийин өтө алыс кетпей эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалык кызматында да алгылыктуу иштерди жасап, кесиптештеринин оозунда “Мыкты жетекчи”  катары калды. Мен элдин байлыгы болгон Кумтөр кенин рейдердик басып алууга алып келе турган документке кол кое албайм,- деп, кызматтан алынышын Кумтөр маселеси менен байланыштырган. Жаштардын Дүйшөн Исмаилович жөнүндө пикирин билүүнү чечтик.

Дүйшөн Ирсалиев

 

Өмүр кемеси

Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович Кочкор районунун Ара-Көл айылында 1963-жылы төрөлгөн.

1985-жылы мугалим адистиги боюнча орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүргөн.

1985-1987-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы кызматын ээлеген.

1989-1991 – Кыргыз Республикасынын комсомолдук органдарында иштеген.

1991-1996-жылдары «Тулпар» ЖЧК башкы директорунун орун басары кызматын ээлеген.

1997-1999 – Бишкек шарынын Биринчи май районунун Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

2000-2001 – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрдык жана финансы-чарбалык камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги.

2001-2002 – Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин аппаратынын жетекчсиси.

2002-2004 – Улуттук телерадиокорпорациясынын иш башкаруучусу.

2004-2006 – «Винтек» ЖЧК директорунун кызматын ээлеген.

2006-2010 – «Нарын» эркин экономикалык зонасынын башкы директору.

2010-2011 – «Темир» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

2011-2014 – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

2014 – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары.

2014 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

2015 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

 

Эмил ТоктогоновЭмил Токтогонов, спортчу:

“Биздин мекенибизде ушундай адамдар бар экенине кубанам”

– Дүйшөн Ирсалиевди мен кыргыздын патриот инсаны катары билем. Айрыкча өзү өсүп-өнгөн Кочкор жергесине кылган эмгеги опол-тоодой десем жаңылышпайм. Кочкор районунун жаш спортчуларына, маданият кызматкерлерине, таланттарга демөөрчүлүк кылып, колдоо көрсөтүп жүргөнүн райондун эли мыкты билсе керек. Дүйшөн мырза бизге көп жылдан бери спорт буюмдарын, спорт аянтчаларын жасап берип колдоо көрсөтүп келди. Ал эле эмес, дүйнөлүк биринчиликке катышууда да чоң жардам берип, колдоо көрсөтүп турат, азыркыга чейин. Спорт жаатында демөөрчү, колдогон адамдар болбосо чет жактарга чыгыш бир топ эле кыйынчылык болот.  Биз, дайыма ар кандай спорт мелдештерине катышуу учурунда Дүйшөн Ирсалиев мырзага түз кайрылдык, ал киши колунан келген учурда жардамын аябады. Биз Дүйшөн мырзага окшогон чынчыл, элин ойлогон мырзаларыбызды дайыма колдошубуз керек. Буйруса Дүйшөн мырза күзгү шайлоодо парламентке аттанып жатат. Биздин мекенибизде ушундай адамдар бар экенине кубанам. Мындай кишилер келсе, Кыргызстан албетте өнүгөт. Алып барып жаткан ишине ийгилик каалап, депутаттык мандатын колуна алып калуусун тилейм. Ылайым Парламентке Дүйшөн мырзага окшогон эл көйгөйүн мыкты билген жөнөкөй, билимдүү, кесипкөй инсандар келсин!

 

Кубан Атабеков, журналист:

“Спорттук теледолбоордун чыгышына Дүйшөн Исмаиловичтин салымы чоң”

– Дүйшөн Исмаилович 2002-жылы КТРКда Аппарат жетекчиси болуп иштеп жүрчү. Мен, ал кезде жаңыдан телеге келип спорттук долбоор жазасам деп жүрчүмүн. Ал кездеги жетекчиликтерге оюмду жакшы түшүндүрө албай койгом. Долбоорду ишенимдүү коргош да керек. Ал долбоорду алып кетүү үчүн телеге жаңы келгендер эмес, дасыккан журналисттер керек болсо керек. Ошол кезде КТРКда спорттук долбоор жокко эсе болчу. Менин долбоорумду жетекчилер кабыл албай коюшкан. Айлам кетип Дүйшөн Исмаиловичке, акыркы ишенич катары «Ушул кишиге айтып көрөйүн, түшүнсө ушул киши түшүнөт», – деп кирдим. Кабинетине кирип, долбоорумду айтсам, ал киши мени жылуу кабыл алып, «Мен өзүм да спорт мектебинде окугам, спортту жакшы көрөм. Эч ойлонбой долбооруңду жасай бер. Спорттук долбоор КТРКга керек», – деп калды. Долбоорду өзүнүн жоопкерчилигине алып, коргоп берди. Анан «1200 секунд спорт» деген теледолбоорумдун тушоосу кесилди. Ал кишинин арты менен мен да эфирге чыгып калдым.  Учурдан пайдаланып Дүйшөн Исмаиловичке ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Кыргызда «Булак көрсөң – көзүн ач», – деген жакшы накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, спорт жаатындагы бүгүнкү күндөгү жасалып жаткан иштерибизге чоң секирик жасап берди десем болот. Биздин чыгармачылыгыбызга кошкон салымы абдан чоң деп баса белгилеп кетким келет. Долбоор чыккандан кийин, бизге батасын берип, “чындыгында бизден ушундай жогорку деңгээлдеги долбоор болуптур”, – деп абдан ыраазы болгон эле. Кийин 2012-жылы биринчи жолу «Деңиз жылдыздары» деген долбоорду тарталы деп, бюджетин көп жазып алып, акча каражат жагынан кичине кыйынчылыктар болуп, Дүйшөн Исмаиловичке барсак, жарымынан көбүн чечип берген. «Деңиз жылдыздары» долбоорунун эфирге чыгышына түздөн-түз тиешеси бар. Мына күздөгү боло турган шайлоодо Дүйшөн Исмаиловичке окшогон кесипкөй, коомго пайда алып келген патриот инсандар келсе жакшы болмок. Дүйшөн мырзага боло турган шайлоодо ийгиликтерди каалап кетмекчимин.

 

Съездбек ИскеналиевСъездбек Искеналиев, ырчы:

“Дүйшөн Исмаилович өзүнүн иш тажрыйбасы менен бийиктикке көтөрүлө алган инсан”

– Дүйшөн Ирсалиев туурасында Кочкор районундагы эл арасынан мурун угуп жүргөм. Бирок, расмий түрдө ал адам менен тааныш эмес болчумун. Ал киши менен алгачкы жолу бир жашылыкта таанышкам. “Кочкор” деген ырым жарык көргөн эле. Ал киши менин ошол “Кочкор” деген ырыңды уктум мага жакты жолуга кет бир күнү”, – деп калды. Мен андан кийин эч нерсе оюмда жок эле барсам “чыгармачылыгың өркүндөсүн”, – деп аябай жакшы колдоо көрсөткөн. Дүйшөн мырза чыгармачылыкты баалайт. Ал киши мага жакшы таасир калтырган. Октябрь айында боло турган шайлоого талапкерлигин коюп жатканынан кабардармын. Дүйшөн мырзага ийгилик каалайм.

- Ушундай инсандар бийликке келсе, кандай өзгөрүүлөр болот деп ойлойсуз?

– Дүйшөн Исмаилович өзүнүн иш тажрыйбасы менен бийиктикке көтөрүлө алган инсан. Мындай, мекен үчүн иштеген инсандар албетте ишеничти актай алат деп ишенем. Ушундай агаларыбыз эл арасында көп болсо, Кыргызстан өнүгөт эле. Мен Дүйшөн мырзага ишенем, албетте Жогорку Кеңешке келип, парламентте эл өкүлү болуп иштеп, элдин алкышын алат деп ойлойм. Анткени Дүйшөн мырза кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири. Мындай инсандарды колдон чыгарбашыбыз керек.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №144




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru