Айбат » Кышкы салаттар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кышкы салаттар

Мына ушинтип жай айында узатып, күз айын кучак жайып тосуп алдык. “Убакыт учкан куштай” дегендей көз ачып жумгуча кыштын кучагы бизди тосуп да алат. Ага эртелеп күз айынын алгачкы күнүнөн баштап даярдык көрбөсөк кеч болуп калышын баарыбыз билебиз. Силерге кышкы салаттардын түрү жана аларды даярдоо ыкмасы менен тааныштырабыз.

Жашылча

 

Помидор ширесиндеги түстүү капуста

 Керектелүүчү азыктар:

  • Помидор: 1 кг
  • Таттуу болгар калемпири: 2-3 даана
  • Сабиз: 1-2 даана
  • Пияз: 1 даана
  • Сарымсак: 5-6 тишче
  • Петрушка: 1 боо
  • Туз: 2 чоң кашык
  • Өсүмдүк майы: 150 мл
  • Шекер: 100 г
  • Уксус (70%дуу): 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

Капустаны гүлдөрүнөн ажыратып, туздуу сууга 1-2 мүнөт салып аласыз. Помидорду кайнак сууга бир салып алып кабыгын аарчып, эт майдалагычтан өткөрүп ширесин чыгарып аласыз. Болгар калемпирин орточо көлөмдөгү бөлүктөргө бөлөсүз. Пиязды жука жарым шакекче кылып туурайсыз. Сабизди кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз. Сарымсак менен петрушканы майда туурайсыз. Помидордун ширесин мискейге куясыз да, ага сабизди, пиязды, болгар калемпирин кошосуз. Май, шекер, тузду да кошуп кайнатасыз. Ага капустаны салып, жай отко 10-15 мүнөт демдеп коёсуз. Аягында уксус, сарымсак жана петрушканы кошуп аралаштырып, бууланган банкаларга куюп оозун бекитип коёсуз.

 

Туздалган капуста

Керектелүүчү азыктар:

  • Капуста: 1 даана
  • Сабиз: 3 даана
  • Суу: 1,5 л
  • Укроптун уругу: 1 чай кашык
  • Шекер: 1 стакан
  • Туз: 2 чоң кашык
  • Кара тоголок калемпир: 1 чай кашык
  • Уксус (70%дуу): 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

Капустаны майда туурайсыз. Сабизди кыргычтан өткөрөсүз. Тууралган жашылчаларды бууланган банкаларга саласыз. Укропту да ошол эле жакка саласыз. Эми суусун даярдайсыз. Ал үчүн сууга шекерди, тузду, уксусту кошуп отко коюп, бир кайнатып аласыз. Кайнап жаткан жеринен алып банканы толтуруп куясыз да, кайнатылган капкактар менен оозун бекитип коёсуз.

 

Корейче капуста

Керектелүүчү азыктар:

  • Капуста: 5-6 даана
  • Сабиз: 2 кг
  • Туз: 500 г
  • Суу: 10 л
  • Ачуу калемпир: татымына жараша
  • Сарымсак: татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Чоң мискейге сууну куюп, ага тузду кошуп аралаштырасыз. Бул туздуу сууга капусталарды бүтүн бойдон салып, эки сутка тыныктырасыз. Эми башка жашылчаларды даярдайсыз: сабизди аарчып, кыргычтан чыгарасыз, сарымсакты жука кылып туурайсыз, ачуу калемпирди да тазалап, бөлүктөргө бөлөсүз. Капустаны суудан алып чыгып, төрткө бөлөсүз. Жалбырактарынын арасына тууралган сабизди, сарымсакты жана ачуу калемпирди саласыз. Муну бууланган банкаларга салып, кайнатылган капкактар менен жаап саласыз. Корейче капуста даяр! Банкаларды күндүн нуру түз тийбеген салкын жерге сактап коёсуз.

 

Капуста менен фаршталган болгар калемпири

Керектелүүчү азыктар:

  • Таттуу болгар калемпири: 8 даана
  • Капуста: 0,5 кг
  • Сарымсак: 10-12 тишче
  • Сабиз: 2 даана
  • Петрушка Маринад үчүн Суу: 1 л
  • Шекер: 1 стакан Уксус: 100 г Туз: 1 чоң кашык
  • Өсүмдүк майы: 4 чоң кашык
  • Кара тоголок калемпир

Даярдоо ыкмасы:

Болгар калемпиринин баш жагын кесип, ичиндеги уруктарын тазалайсыз. Капустаны майда кылып туурайсыз. Сабизди аарчып, кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Сарымсакты пресстен чыгарасыз. Даярдалган азыктардын баарын кошуп аралаштырасыз. Бул аралашма менен тазаланган болгар калемпиринин ичин толтурасыз. Фаршталган болгар калемпирлерди банкага саласыз. Эми маринадды даярдайсыз. Ал үчүн сууга тузду, шекерди, кара тоголок калемпирди, өсүмдүк майын жана уксусту кошуп отко коюп бир кайнатып аласыз. Банкадагы болгар калемпирлеринин үстүнө петрушкадан салып, анын үстүнө кайнак маринадды куясыз. Банканы кайнатылган капкак менен жабасыз да, мискейдеги сууга салып 15 мүнөт кайнатасыз. Банкалар жарылып кетпеш үчүн мискейдин астына майлык салып койгонуңуз оң. Ал эми мискейдеги суу банканын жарымынан көбүн жаап турсун. Кайнап бүткөндөн кийин капкагын бурап бекитип, банкаларды оодарып жылуу ороп коёсуз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru