Айбат » Кызыктары түгөнбөгөн оомалуу жашоо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кызыктары түгөнбөгөн оомалуу жашоо

Бир мертебе улуу француз сатириги Франсуа Рабле акчасы калбай калгандыктан, Лондон Парижге жете албай кыйналат. Ырас, кыйынчылыкка чүнчүп калуу Рабленин мүнөзүнө жат! Ал 2 кагаз пакетке үч чымчым шекер салып, ар бирине “Корол үчүн уу”, “Королева үчүн уу” деп жазып көрүнөө жерге коюп коет. Отелдин кызматкери бөлмөнү жыйнап жатып аны көрүп мейманкананын ээсине жүгүрүп барат. Ошентип полиция келип, Раблени кармап алышып, конвойдун коштоосунда Парижге жөнөтөт. Парижде прокурор аны суракка ала баштайт. Уу эмес шекер экенине таптакыр ишенбей койгон соң Рабле “ууну” жутуп жибериптир.

Короз биякта калыптыр..

Дүйнөдө эң көп үй-бүлө Индиянын Бактванг кыштагында жашайт. Алардын үй-бүлөсү 181 адамдан турат. Мындай үй-бүлөлөрдүн саны күн өткөн сайын өсүүдө мисалы, 67 жаштагы Зионачандын 39 аялы, 94 баласы, 33 небереси, 14 келини бар. Бул үй-бүлө 100 бөлмөлүү 4 кабат үйдө жашашат. Үй-бүлө ээсинин гана өзүнчө бөлмөсү бар, калган үй-бүлө мүчөлөрү үйдүн чоң залында чогуу турушат. Үйдө өздөрүнүн мектеби, күрүч, эгин талаалары, чоң алма, жемиш багы бар. Үй-бүлө ээси мамлекеттен эч кандай жардам албаганын, үй-бүлөдөгү эркектердин баары ар кандай жашоого өтө керектүү кесипте иштээрин, тапкан акча каражаттарын тамак-аш, кийим-кече сатып алууга керектээрин, мамлекеттен эч кандай жардам сурашпагандыгын өтө сыймыктануу менен айтат.

179 жаштагы карыя өлүмүн күтүп тажаган..

Индиянын түндүгүндө 179 жаштагы дүйнөдөгү эң кары адам жашайт. Анын аты – Махашта Мураси, ал 1835-жылы 6-январда жарык дүйнөгө келген. Учурда жергиликтүү калк ага Өлбөс деген ат коюп алган. “Мен өлүмдү күтүүдөн тажадым, ал мени унутуп калса керек”,- деп тагдырына нааразы болгон карыя чет элдик маалымат каражаттарынын бири менен маек курган.

“Азыркы күндө менин эч кимим жок калды, жадагалса неберелеримди да көп жыл мурун о дүйнөгө узаткам. Ал эми өзүм ар бир кечирген күнүмдү өлүмдү күтүү менен өткөрөм. Акыркы учурда өлүмдөн деле үмүтүм үзүлүп бара жатат, мен өлбөс адам окшойм”,- дейт М.Мураси.

Карыянын айтымына караганда, ал Индиянын Бангалор шаарында чоңойгон. 1957-жылга чейин өтүкчү болуп эмгектенип, 122 жашында пенсияга чыккан. Белгилүү болгондой, Махашта Мурасинин колунда анын өздүгүн тактаган бир да документи жок. Ал акыркы жолу дарыгерге мындан 43 жыл мурун кайрылганы маалым. Бирок аны медициналык кароодон өткөргөн дарыгер да мындан бир нече жыл мурун каза болуп, эч кандай тиешелүү кагаздарды калтырган эмес. Ал эми бүгүнкү күндө карыяны медициналык кароодон өткөрүп, жашын аныктоого анын ден соолугунун начардыгы себеп болгону айтылат маалыматта. 2015-жылдын 6-январында Махашта Мураси 180 жаш курагын белгилемекчи.

Нгуен Ван ЦзяньЧачын 30 жыл мурда акыркы жолу жууган жаран..

86 жаштагы Вьетнамдык Нгуен Ван Цзянь чачынын узундугу 4 метр, салмагы 2 кг. Акыркы жолу чачын мектепти аяктап жатканда кестирип, аябай катуу ооруп, эч кандай дары жардам берген эмес. Убакыттын өтүшү менен чачын кестиргендиги үчүн ооруп калганын билет. Ошондон кийин кестирген эмес. Чачын акыркы жолу 30 жыл мурда жууган  экен.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru